Бычак жеген мигрант полицияга нааразы

Шерзод Астанаев

Москвада таксист болуп иштеген өзбекстандык Шерзод Астанаев акыйкаттык издеп жүргөн кези. Жарым жыл мурда аны бөлөк улуттан деп жектеген адам өлтүрүп кое жаздаган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок мигрант өзүнө кол салган адам жеңил берене менен айыпталды деп нааразы.

Июль айынын аягында Шерзод Москвадагы ага кол салуу болгон жерге барып "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысына 23-февраль күнү болгон окуяны айтып берди.

Шерзод ошол каргашалуу күнү диспетчердин тапшырмасын алып, кардарга барат. Майрам күн болгондуктан маанайы жайдары, бейкапар жүргөн. Айтылган даректен автоунаасына эркек жана аял отурат. Мас экени билинип турган киши отургуча эле кыял-жоругун, улутчулдук маанайын көрсөтө баштаган.

- "Дагы орус эмес бирөөбү?" деди. Мас экен деп маани бербей, каяша айтпадым. "Майрамыңыз менен!" дедим, капарына да илбеди. Унчукпастан айдап жөнөдүм. Май куючу жерге келип 500 рублге куюп коесузбу дедим да машинеме отурдум. От алдырып атканда эле арттан “ме сага, чурка” деди. Кылчая калганда бычагын көрдүм...

Шектүү адам Шерзоддун колуна, бутуна жана капталына бычак урганга үлгүргөн.

- Эсимди жоготуп бараттым. Бети-башымдын баары кан болчу. Дем жетпей көөдөнүм кысылып баратты. Кимдир бирөө эшикти ачып жиберди. Таза аба бетке урду. Саал өзүмө келе калдым. Эптеп эле канды токтотсом, балким өлбөй каламбы деп ойлодум.

Канжалаган жигитке АЗСтегилер "Тез жардам" чакырышкан. Кол салган адам ошол убакта да оозго алгыс сөздөр менен кемсинтип, сөгө берген.

Кылмыш болгон жерге келген полиция шектүү Александр Утенковду кармоого шашылган эмес. Утенков болсо бычакты Шерзоддун колунан жулуп алганын айтып, актанган.

Шерзоддун денесинин төрт жерине бычак урулган

Акыр-аягы Ясенево райондук полициясы Утенковго каршы кылмыш ишин козгогон. Иш Кылмыш кодексинин 188-беренесинин биринчи бөлүмү, тагыраак айтканда “Байкоосуздан денеге оор залал келтирүү” деп козголгон. Прокуратура да, полиция да аталган инцидентке киши өлтүрүү аракети катары баа берген жок. Ошол эле маалда улутчул маанайдагы кастык, опузага маани берилген эмес. Орус тартип сакчылары “Азаттыктын” өзбек кызматына бул тууралуу кенен маалымат же түшүндүрмө берүүдөн баш тартышкан.

Ооруканада жаткан учуру

Дагы бир маанилүү жагы, Ясенево полициясынын тергөөчүлөрү май куючу жайдагы видеокамералардын ошондогу тарткандары өчүп кеткенин, бирөө гана сакталып калганын протоколго кошкон. Ал жалгыз видео тасмада кылмыш болгон жер көрүнбөйт.

34 жаштагы Шерзод Астанаев дарылануу үчүн 400 миң рубль короткон. Ден соолугунан ажыраган, ызаланган жигит акыйкат издеп аягына чейин бара турган болууда:

- Акырына чейин, Башкы прокуратурага чейин барам. Аягына жетем!

Орусиядагы борборазиялык мигранттар ашынган улутчулдардын мазактоосуна кабылган учурлар көп кездешет. Көпчүлүгү анчейин маани бербегендиктен же өздөрү миграция мыйзамын бузуп жүргөнүнө байланыштуу, же болбосо жардам бербейт деген үмүтсүздүктөн улам укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт.

Ошол эле учурда ашынган улутчул “такырбаштардын” чабуулуна кабылып, оор жараат алгандар, атургай мерт болгондор бар.

Ашкере улутчулдардын мигранттарга кол салуусу 2007-2010-жылдар аралыгында күчөгөн. Соңку жылдары бул көрүнүш байкалбаганы менен жоюлуп да кетпегенин Интернетке жарыяланган видеолордон, кабарлардан байкаса болот.

Тахиржан Хамраев

Быйыл 12-январда эле кыргызстандык Тахиржан Хамраевди Москванын четиндеги Ногинск шаарында бычактап өлтүрүп кетишкен. 41 жаштагы Тахиржан күндүзү эле, дүкөндөн кайтып келатканда улутчул маанайдагы он чакты бала ороп калганын күбөлөр көргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.