Орусиянын түрмөсүнөн бошотулган моряктарды, кинорежиссер Олег Сенцов жана башка туткундарды Киевдин "Борисполь" аэропортунан украин президенти Владимир Зеленский өзү тосуп алды.
Ал Украина бардык туткундарды бошотуп алууга аракет кыларын айтты:
"Менимче бир биринчи кадамды таштадык. Мындан ары да эмне кыларыбызды билебиз деп ишенимдүү айта алам. Минск келишиминин негизинде өлкөдө жүрүп жаткан жаңжалды токтотууга киришебиз", - деди Зеленский.
Ал орус президенти Путин менен сүйлөшүүнүн биринчи этабы аткарылганын белгиледи:
«Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин сүйлөшүүнү бузбай, убаданы аткардык».
Москва азырынча Украинадан кайтып келген орусиялыктар тууралуу маалымат бере элек. Орус президенти Владимира Зеленскийге окшоп аэропортко келген жок.
Айрым орусиялык басылмалар "РИА Новости Украинанын" башкы редактору Кирилл Вышинский менен "Орусия бүгүн" берүүсүнүн башкы редактору Дмитрий Киселев "Внуководо" этият учурашканы эле болбосо калган туткундарды эч ким тосуп албаганын жазды.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунда Москва менен Киевдин туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу комментарий берген. Анда ал тараптар дээрлик макулдашып, алмашуу жараяны башталганын айтты. Путин туткундарды алмашуу «көлөмдүү жараян» экенин белгилеп, эки өлкөнүн алака-катышын калыбына келтирүүдө ал «жакшы кадам» болорун белгилеген.
Москвадагы түрмөдөн чыккан автобустар "Внуково"аэропортун көздөй багыт алды. 7-сентябрь, 2019-жыл.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бирок Путин туткундар алмаша турган күндүн датасын тактаган эмес. «Интерфакс» маалымат агенттиги ишенимдүү булактарына таянып, алмашуу жараяны 7-сентябрда ишке ашырылганы жатканын жазган.
Алмашуу “35ке 35” схемасы менен болору айтылган.
Ал арада "Украинская правда" басылмасы Орусияга өткөрүп берген адамдардын тизмесин жарыялады.
Владимир Цемах
Кирилл Вышинский
Виктор Агеев, 13.09.1995
Александр Баранов, 11.08.1983
Аслан Басханов, 06.04.1966
Елена Бобовая, 26.04.1972
Андрей Васьковский, 25.12.1991
Руслан Гаджиев, 10.02.1973
Владимир Галич, 18.01.1948
Сергей Гнатьев, 13.04.1988
Анна Дубенко, 18.08.1982
Станислав Ежов, 22.06.1978
Аркадий Жидких, 19.11.1967
Игорь Кимаковский, 28.04.1972
Ольга Ковалис, 07.08.1968
Сергей Коверник, 16.02.1978
Дмитрий Кореновский, 18.03.1972
Андрей Костенко, 18.09.1984
Алексей Лазаренко, 13.10.1985
Сергей Лазарев, 07.05.1957
Юрий Ломако, 04.02.1961
Петр Мельничук, 12.07.1972
Евгений Мефедов, 22.05.1983
Максим Одинцов, 25.04.1983
Юлия Просолова, 13.07.1988
Александр Ракущин, 19.03.1963
Антонина Родионова, 06.09.1969
Александр Саттаров, 28.12.1980
Алексей Седиков, 10.10.1979
Тарас Синичак, 24.06.1977
Александр Тарасенко, 10.07.1970
Андрей Третьяков, 18.10.1973
Виктор Федоров, 18.07.1969
Денис Хитров, 28.04.1977
Павел Черных, 04.08.1975
7-сентябрь күнү эртең менен Москвадагы “Лефортово” тергөө абагынын аймагынан эки автобус атайын коштоо менен чыгып кеткени маалым болгон. "РИА Новости” агенттиги алмашуу жараянына катышкан орусиялыктар Киевден Москвага учуп келгенин жазды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Август айынан тарта эки өлкө бири-бири менен туткундарды алмашуу боюнча батыл сүйлөшө баштаган. Буга чейин жараян 1-сентябрга чейин ишке ашары кабарланган, бирок анда туткундар алмаштырылган эмес.
Украина Орусия жалпысынан 150 жаранын мыйзамсыз камап отурганын билдирген.