"Орусиянын олигархтары Сулейман Керимов менен Муса Бажаев Кыргызстандагы Жерүй кенин иштетүү үчүн ат салышат. Жерүй – мурунку СССР өлкөлөрүндөгү ири алтын кендеринин бири, анда 84 тонна алтын жатат. Кен 1970-жылы табылган, бирок Советтер Союзу таркагандан кийин алтын иштетүүчү ишкананын курулушу токтогон. Кыргызстан эгемендик алгандан бери Жерүй колдон-колго өтүп, иштей элек”, - деп жазат “Ведомости” гезити.
Алтын кенин иштетүү сынагына Сулейман Керимовго тиешелүү "Алданзолото ГРК", Муса Бажаевдин "Восток-геолдобыча" жана "Кыргызалтын" ишканалары катышып жатканы, Жерүйдүн маселеси эл аралык Гаага сотунда каралып жатканы макалада кенен баяндалат.
“Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги анын мүчө мамлекеттеринин ортосундагы келишпестиктерге карабастан актуалдуу боюнча калат” деп жазат “Коммерсантъ” гезити. Кеп Украинанын шериктештиктен чыгуу ниети жөнүндө болууда. Былтыр КМШдан чыгуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Радага киргизилип, бирок алигиче чечим кабыл алына элек. Өткөн жумада Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна Украинадан келген делегациянын катышуусу буга далил деп айтылат макалада.
Гезит андан ары “Украин делегациясынын башчысы Николай Дорошенко Бишкекте болгон жолугушууга катышканына өтө кубанганын, расмий сүрөткө түшүү учурунда уюлдук телефонго кесиптештери менен сүрөткө тартып коюуну өтүнгөнүн баяндайт. "Ички келишпестик жана тирешүүлөргө карабастан, КМШ мамлекеттери шериктештиктен чыгышпайт. Жакында Өзбекстанда өткөн президентик шайлоону КМШнын миссиясы Батыштын байкоочуларынын ачуу сынына карабай, демократиялуу деп тааныбаса, өзбек бийлиги эмне кылмак?” деп суроо салат басылма.
«Газета. Ру» гезити “Кытай жардам берет” деген макаласында Батыш мамлекеттери менен мамиленин кескин салкындашынан Орусиянын жетекчилиги Кытай тарапка жүз бурууга тырышып жаткандыгын баяндайт. Жума башында Евразия экономикалык аймактын соода-сатык боюнча министри Андрей Слепнев Москва Кытайдын “Улуу Жибек жолу” стратегиялык долбооруна кошулууга даяр экенин маалымдаган. Кытай долбоорунун башкы максаты – Европага чыгуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өтүүчү транспорттук, энергетикалык жана соода-сатык коридорун куруу. “Бул долбоор Кытайдын Борбордук Азиядагы бийлигин күчөтүүгө багытталган, өзгөчө Казакстан менен Кыргызстанда таасирин күчөтөт”, деп айтылат макалада.
“Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочулары Тажикстанга өтүп жатат. Бул Борбор Азия үчүн абдан кооптуу. Борбор Азияга коркунуч туулса, анын эпкини Орусияга да тиет” деп жазат “Взгляд” гезити. Гезит Орусия Тажикстанга экстремисттик топтор менен күрөшүүгө 70 млрд. рубль жана аскердик-техникалык жардам көрсөтөрүн баяндайт.
Орусия автоунааларын Азия жана Африка өлкөлөрүнө чыгарат. “Биринчи вице-премьер Игорь Шувалов башкы багыт катары Казакстан менен Азербайжанды көрсөткөн, эми орус бийлиги Африка менен Латын Американы көздөөдө. Өкмөттүн автоунаа экспортун көтөрүү талабы автосатыктын өткөн жылдарга салыштырмалуу кескин төмөндөшүнө байланыштуу. Бул багыттын жемиштүү болушу күмөн” деп жазат “Известия” гезити.
КМШ өлкөлөрүнүн экономикасы Орусиянын экономикасы менен тыгыз байланышта. Ошондуктан учурдагы Орусиядагы оор экономикалык кырдаал жакын арада башка өлкөлөрдүн автобазарларына дагы таасирин тийгизет. Андан тышкары, ал жакта башкы атаандаш – кытай унаалары бар, деп жазат "Известия".