22-июнда Москвадагы "Бейрут" кафесинде 31 жаштагы С.Г аттуу келин бычактан алган жарааттан каза тапкан. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов кылмышка шектелип К.К аттуу 33 жаштагы мигрант кармалганын, ага Орусиянын Кылмыш кодексинин 105-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча менен иш козголгонун маалымдады.
- Биздеги маалыматтар боюнча окуя күндүзгү саат төрттөн кийин болгон. Кыргызстандын жараны кафеге келип, келинге жети жолу бычак шилтеген. Келин ал жерде иштеген деген маалымат да бар. Анын өлүмүнө шектүү жаран камакка алынган. Кылмыш иши ачылып, тергөө башталды. Экөө тең Сузак районунан келген экен.
Тополоңов: Руханий азыкка муктаж мигранттар көп
Тополоңов: Руханий азыкка муктаж мигранттар көп
Москвада Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлчүлүгү ачылганына жети жыл болду. Борбордо диний сабактардан тышкары демилгечилердин күчү менен бардык каалоочуларга орус жана англис тили сабактары кошумча өтүлөт. Мындай демилге чет жакта тил билбей кысталган мекендештерди колдоо үчүн уюшулган.
Келиндин бычак жешине эмне себеп болгону азырынча так эмес.
Жергиликтүү айрым маалымат каражаттары жигит келиндин колун сурап, бирок бул сунушу четке кагылганда ушу кадамга барганын жазып чыгышты.
Буга чейин жыл башында мигрант келин киши колдуу болгон. Апрель айында Москвада дагы бир кош бойлуу мигрант келиндин сөөгү табылган. Анда келинди батирде бирге жашаган жердеши өлтүргөнү аныкталган болчу.
Москвада «Айымдар» клубун жетектеген Шахрезада Аданова мигрант кыз-келиндердин чет жакта зомбулукка кабылышына өз укугун билбегени себеп деген ойдо:
- Аялдык сезимге жетеленишет, экинчиден, мигрант кыз-келиндердин көбү өз укуктарын жакшы билбейт. Көбүнчө айылдан келишет. Мектепти жаңы бүтүп келгендер бар. Алар билим жагынан аксайт, укуктарын билбейт. Аял болгондон кийин эркектин колдоосуна, жардамына муктаж болот. Бирөөгө эркелеп, жакшы сөз уккусу келет. Ошол себептүү көңүл үчүн алданып, зомбулукка кабылып жатышат. Анан ажырашып келген келиндер да аябай көп.
Мигрант кыз-келиндер зомбулукту жашырат
Ал эми «Кыргыз биримдиги» уюмунун мүчөсү Токтокан Эсенова мындай окуялар миң кырдуу мигранттык турмуштан келип чыгып жатканын белгиледи:
- Бул жакка тартса, бул жакка жетпейт. Москвада иш таппай жүргөндөр бар, жалкоолонуп иштебей жүргөндөр бар, аз айлыкка эптеп иштеп жүргөндөр бар. Анан бала багайын, үй-бүлөмө акча жөнөтөйүн деп жүргөн жаштар көп. Акчанын, куу турмуштун айынан болуп жатат мунун баары. Кээде үйдөн көргөн тарбия деле роль ойнойт.
Жылына Орусияда ар кандай себептен улам каза тапкан үч жүздөй мекендештин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт. Алар көбүнчө жол кырсыгынан, өндүрүштөн алган жарааттан жана оору-сыркоолордон ж.б. себептерден каза табышат. Айрым учурларда кошумча соттук-медициналык экспертиза талап кылынгандыктан өлүмдүн себептери аныкталбай калган учурлар бар.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.