Медведевге эми айдоочулар каршы чыгышты

Орусияда жүк ташуучулардын иш таштоосу уланууда. Алар жол салыгынын көтөрүлүшүнө каршы чыгып, аны жоюудан тарта өкмөттүн кызматтан кетишине чейин талап кылышууда. Премьер Медеведевдин акыркы чечими аларды канааттандырган жок.

Орусияда оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары 27-марттан тарта иш таштады. Алар мындай кадамга барарын марттын башында эле эскертишкен.

Өзү айдаган КамАЗдын бортуна туруп алган екатеринбургдук айдоочу салыктан кыйналганын айтып жатты:

- Ири жүк ташуучу унаалардын ээлеринен федералдык жолдон өткөнү үчүн алынуучу "Платон" аттуу төлөмгө каршы бүткүл Орусия боюнча иш таштоо жүрүп жатат. Биз эч бир саясий топко кошулган эмеспиз. Карапайым айдоочулар гана келдик. Мен бир жарым жылдан бери иштей элекмин. Анткени мындай шартта иштөөгө болбойт. Анткени моюнубузга каамыт кийгизип, муунтуп жатышат.

Ал сүйлөгөн митингге 200гө чамалуу айдоочу келген.

Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Улан-Удэ, Саратов жана башка шаарларында, аймактарында да ондон 20 миңге чейин айдоочу иш таштарын, мындай акция кеминде апрелдин 10уна чейин уланарын айтышууда.

Химкидеги иш таштоо

Орусиялык айдоочулардын жанын кашайткан "Платон" системасы 2015-жылы киргизилген. Ага ылайык, федералдык жолдон жүк ташыган унаалар бир чакырым үчүн ушу тапта 1,5 рублден төлөшөт. Бул тариф апрелдин ортосунан тарта эки эсеге көтөрүлүп, 3 рублге чыкмак. Айдоочулардын биринчи каршылык толкунунан кийин өкмөт эки эсе эмес, 25% гана көтөрмөй болду. Бул жүк ташуучулардын калың катмарын ынандырган жок. Алар эгер тариф жогоруласа ал жол акыны, андан барып тамак-аштын, тиричиликке керектүү буюмдардын, товарлардын баасын жогорулатат дешет.

Бирок өкмөт "Платондон" 2015-жылдан бери 22 млрд рубль түшкөнүн эсептеп, пайдасын да эске салууда. Ал каражат кайра эле жолдорду оңдоп, көпүрө салууга кетет дешет. Бирок Красноярский крайындагы жүк ташуучу компаниянын ээси Ян Шикиндин эсебинде, анча акчанын жарымы салык чогулткан жеке компанияга кетет.

"Дагы ири бөлүгү аймактык бюджеттерге бөлүнөт. Андан ашканы жол оңдоого жетпейт", - дейт Шикин.

Айдоочуларды нааразы кылган дагы бир жагдай, мамлекеттик жол үчүн акыны РТИТС аттуу жеке компаниянын чогултушу. Компания ээлеринин бири президентке жакын ишкер Аркадий Ротенбергдин уулу. Ушул себептерге байланыштуу жүк ташуучулар кескин талаптарды коюшту:

- "Платон" системасы толук жокко чыгарылсын. Же аны мамлекет көзөмөлдөй турган мекемеге айлантышсын. Бизди алдаган өкмөт отставкага кетсин. Ошондой эле биз президентибизге да ишеним көрсөтпөйбүз.

Андрей Бажутин

Өкмөттүн отставкасын талап кылгандарга эми куугунтук башталды. 27-мартта Санкт- Петербургда иш таштоо уюштургандардын бири, Жүк ташуучулар биримдигинин лидери Андрей Бажутин айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөн делип, 14 суткага камалды. Бажутин күбөлүгүнөн ажыраганын кармап кетишкен күнү укканын айтып, ага чейин жол эрежесин бузганы үчүн эч бир квитанция же сотко чакыруу албаганын бышыктоодо.

Бул акыркы күндөрдө премьер Дмитрий Медведев баштаган өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган экинчи нааразылык акциясы.

26-мартта эле Орусиянын ондогон шаарларында Медведевге каршы антикоррупциялык акциялар өткөн. Акцияга "жалпы баасы 70 млрд рублге барабар мүлктү мамлекеттик кызматта иштеген Медведев кайсы акчага алган?" деген оппозициялык активист Алексей Навальныйдын иликтөөлөрү түрткү болгон. Бул акциялар учурунда да жүздөгөн адамдар кармалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.