Кыргызстан эң жакыр өлкөлөрдүн катарында

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-17-июнь).

"Focus Economics" аттуу аналитикалык топтун веб-сайтында жарыяланган "Дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөр" аттуу макалада Кыргызстан эң кедей он өлкөнүн тизмесине кирген.

Ички дүң өнүмдүн көлөмүн экономиканын өнүгүү белгиси катары алган талдоочулар 2018-жылы дүйнөнүн 127 мамлекетин иликтеген. Натыйжада эң төмөн бир жылдык ички дүң өнүм көрсөткүчү менен он өлкө жакыр деп табылды.

"Итке минген" өлкөлөрдүн сап башында Африкадагы Сахара чөлкөмүндөгүлөр турат. Саптын этегине Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан илинди. Киши башына жылына 468 доллардык ички дүң өнүм суммасы менен Конго жакырлар тобунун башынан орун алды. Конгодогу саясий башаламандык, табигый кен-байлыктарды максатсыз пайдалануу өлкөнү жакырчылык жарына кептеген. Андан кийин тизмеде Мозамбик, Уганда, Тажикстан турат. Тажикстандагы жылдык ички дүң өнүм киши башына 836 долларды түзөт.

Гаити, Эфиопия, Йемен, Өзбекстан 1026 доллардык көрсөткүч менен кыл ортодо болсо, Танзания менен Кыргызстан он жакыр мамлекеттин төмөнкү эки сабын ээледи. 2018-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү ар бир жаранга 1222 доллар деп эсептелген.

"Аймагынын дээрлик 90 пайызын тоолор ээлеген Кыргызстанда саясий туруксуздук өкүм сүрүп, экономикалык өсүшкө көп учурда өкмөттүн алсыздыгы, коррупция тоскоол болууда. 2017-жылы бийлик өкүлдөрү өлкө экономикасы 4,5 пайызга өскөнүн билдиришкен. Бул өсүштүн басымдуусун Кытайдын инфраструктуралык насыясы камсыздады. Кумтөр кенинен башка экономикага түз киреше алып келген булактар Кыргызстанда өтө аз", - деп жазат "Focus Economics" басылмасы.

Өзбекстан туристтерди алтын менен азгырууда

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев узаган жумада чет элдик туристтерге алтын куймаларын сатып алууга уруксат берген мыйзамга кол койду. Ага ылайык ар бир турист 5 граммдан 1 килограммга чейин алтын эритмесин базардан сатып алса болорун, бул туристтерди тартуунун бир ыкмасы экенин "Eurasinet" басылмасы жазат.

Алтын эритмелери Ташкенттен 700 чакырым алыста жайгашкан Навои шаарында жасалат. Буга чейин чет элдиктерге Өзбекстандан баалуу металлдарды алып чыгууга уруксат берилчү эмес.

Туризм комитетинин жетекчиси Азиз Абдухакимов "соода туризмин" сапаттуу буюм-тайымдарды базарга чыгаруу менен өнүктүрүүнү максат кылышканын айтты: "Сувенирлерди гана эмес, заманбап кийимдерди да саталы. Жаңы бренддерди чыгаралы. Сапаттуу зергер буюмдарын да жасай алабыз".

2016-жылдын этегинде Мирзиёев туризмди Өзбекстандын экономикасындагы стратегиялык тармак деп атап, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн атуулдарына визасыз кирип-чыгууга уруксат бергенден бери бул өлкөгө туристтердин агымы күчөдү.

Ким Чен Ынды Саддам Хусейндин тагдыры күтүп турабы?

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусунан кийин Америка эми Ирактагы Саддам Хусейнге каршы оюнун кайталайбы деген суроого "Foreign Policy" журналы жооп издеген.

20 жыл мурда Улуттар уюмунун ошол кездеги баш катчысы Кофи Аннан Багдадга тынчтык миссиясы менен барып, Саддам Хусейнди согушка себеп болчу бардык позицияларынан чегинүүгө үндөгөн. Кофи Аннан "кежир" Саддамды тынчтыкка көндүргөнүнө кубанып кайтканы менен, диктатор тез эле берген сөзүнөн айнып, 1998-жылдын декабрында Багдадга АКШ менен Британиянын бомбалары ташталган.

Макаланын автору Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусунда кудум ушундай окуя кайталанып жатканын байкаганын жазат.

"Ирактагы сценарий Түндүк Кореяга да колдонулчудай сезилип турат. Саддам Хусейн Иракка каршы согуш башталаар алдында өзөктүк курал программасын катуу чектеп, санкциялар алынса экономикалык жактан Жакынкы Чыгыштагы экономикалык лидер держава деген позициясын бекемдемек. Ал эми Ким Чен Ында андай күч-кубат да жок. Мейли, Түндүк Корея менен АКШ тил табышып, бардык өзөктүк курал жок кылынды дейли, бирок баары бир бул өлкөнүн лидери маркум Саддамдай эле АКШдан санкцияларды токтонууну талап кылат. Буга АКШ даярбы?" - деген собол салат "Foreign Policy".

Чемпионат маалында унутулган согуш

"Жалындагы дарыгерлер" уюму менен Сириядагы медициналык, гуманитардык уюмдардын биримдигинин өкүлү Хэмиш де Бреттон-Гордон "The Times" гезитине пикирин жазды.

"Дүйнөдөгү миллиондогон адамдар Орусиядагы футбол чемпионатын көрүп жаткан маалда дал ошол орус аскерлеринин азабы менен Идлибге камалган 2,7 миллион сириялыктын тагдырын да бир ойлоп коюшса болмок.

Гитлердин Олимпиадасындай, Путиндин чемпионаты Орусиянын эң мыкты жактарын көрсөтүүгө умтулууда. Футбол дүйнө коомчулугун миллиондогон адамдын тагдырын талкалаган согуштан алаксытып жатат. Балким Ким Чен Ынды жоошутууга багытталган күч-кубаттын бир эле бөлүгүн Владимир Путинди Сириядагы кан төгүүнү токтотууга көндүрүүгө жумшаса дүйнө тынчырак жашамак. Чемпионаттагы жеңиш бир күндө эле унутулат. Ал эми Сирия согушунун кесепетин адамзат түбөлүк тартат", - деп айтты Гордон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.