Ханыша Елизаветанын мусулман тамыры

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2-9-апрель).

АКШда чыккан Quartz басылмасы Лондондогу 130 миллион фунт стерлингге бааланган, Шерлок Холмстун үйү делген турак жай Дарига Назарбаевага таандык болушу ыктымал экенин, Лондон "арам акчаны адалдагандардын бейишине" айланганын жазат.

Панама документтерине ылайык, Лондондогу атактуу Бейкер Стриттеги үйдүн ээси Дариганын уулу Нурали Алиев болуп чыгууда. Имараттын расмий ээси катары Farmont Baker Street компаниясы катталган.

2015-жылы Global Witness уюму коррупция боюнча изилдөөдө Англиянын атактуу имаратына Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, маркум Рахат Алиев ээлик кылаарын ырастайт. Бирок Farmont Baker Street ишканасынын адвокаттары бул маалыматты четке кагышты.

Ошентсе да изилдөөнүн авторлорунун бири Том Мейн атактуу имарат Рахат Алиевдин мураскерлери Нурали менен Даригага таандык болушу мүмкүн деген оюн Quartz журналына айтты. Казакстандагы Forbes Дарига менен Нурали өлкөдөгү эң бай адамдар экенин жазган.

Ал арада дүйнөдөгү газ менен мунайдын ири запасына ээ Казакстанда жемкорлуктун көрсөткүчү жогорку деңгээлде экенин Transparency International уюмунун отчетунан көрсө болот. 180 өлкөнүн ичинен коррупциянын деңгээли боюнча Казакстан 120-орунда турат. Мурдагы казак өкмөт башчысы, азыркы оппозиционер Акежан Кажегелдин жемкорлукту улуттук көйгөй катары баалаган.

"Британия акча уурдап качкан клептократтарды чогулткан өлкөгө айланганын" Колумбия университетинин окумуштуусу Александр Клуни "Борбор Азиядагы акча жана бийлик" аттуу китебинде белгилеген.

Ханыша Елизаветанын мусулман тамыры

Араб дүйнөсү Улуу Британиянын ханышасы Елизавета экинчинин теги Мухаммед пайгамбарга такалат деген божомолду талкуулоодо. Бул тууралуу Economist журналы жазат.

Касабланкадан Карачиге чейинки арабдар ханыша Елизаветанын ата-тегинин 43-мууну Мухаммед пайгамбардын кызы Фатиманын тукуму болушу мүмкүн экенин айтышууда. Мындай божомол Жакынкы Чыгышта көп жыл мурда эле айтылып келген.

Мароккодо (ал-Магриб) чыккан "Ал-Осбуей" басылмасы ханышанын 14-кылымда жашаган атасы, Кэмбриждин графы - пайгамбардын кызы Фатиманын тукумунан экенин жазган. Египеттин мурдагы башкы муфтийи Али Гома да бул жоромолду тастыктаган.

Ханышанын байыркы аталары мусулман болушу ыктымалдыгын араб дүйнөсү ар кандай чечмелейт. Өздөрүн пайгамбардын тукумуна кошкон шииттер Британиянын дүйнөдөгү күчтүү империяга айлануусунда мусулмандардын салымы чоң экенин белгилешет. Айрымдар мындай түкшүмөлдөр эки ири динге достук көпүрөсү болуп бере алат дешет.

Ал арада ханзада Чарльз Англиядагы мусулман жамаатына жакындыгын көрсөтүп келет. Ал Оксфорддогу "Ислам таануу" борбору баш болгон бир катар ислам уюмдарын жетектей турганын белгилейт Economist.

Саналуу адамдардын колунда топтолгон байлык

The Guardian гезити 2030-жылга чейин жер жүзүндөгү элдин 1 пайызы дүйнө байлыгынын үчтөн экисине ээлик кылаарын маалымдайт. Мындай теңсиздикти алдын албаса эл арасында бири-бирине болгон жек көрүү, зомбулук күчөй турганын эксперттер дүйнө лидерлерине эскертишет.

2008-жылдан бери "чириген" байлардын дүнүйөсү жылына орто эсеп менен 6 пайызга көбөйүп жатат. Бул көрүнүш өзгөрбөсө, алардын колундагы 140 триллион доллар 305 триллион долларга жетип, дүйнө калкынын 1 пайызы гана ага ээлик кылып калат.

Аналитиктер теңсиздик күчөгөн сайын жемкорлук көбөйүп, "супер байлар" мамлекеттик саясатка таасир этүүдө 43 пайыздык күчкө ээ болоорун белгилешет.

Соңку сурамжылоолор саясий чечимдерди кабыл алууда улуттук өкмөттөргө караганда олигархтар көбүрөөк таасир тийгизе баштаганын көргөзгөн. Бул изилдөө Британиянын мурдагы каржы министри Лиам Барни тарабынан көзөмөлдөнүп, академиктер, ишкерлер, соода бирикмелери, жарандык коом катышкан.

Изилдөөнүн авторлору дүйнөдө топтолгон байлыкты саналуу адамдар гана ээлеп алуусу адамзаттын жашоо шарттарын өзгөртүп, миллиондогон кишилер жакырчылыктын сазына батаарын эскерткен. Оксфорд университетинин профессору Дэнни Дорлинг калк арасындагы теңсиздиктин туу чокусу 1913-жылы же далай мамлекеттерди экономикалык жактан кыйраткан Биринчи дүйнөлүк согуш алдында болгонун, андай алааматты алдын албаса кесепети оор болоорун айткан.

Пенсияга чыккандар "баш ооруга" айланды

The Wall Street Journal Латын Америкасы менен Азиядагы жакыр өлкөлөрдүн эли байыганча эле картайып жатканын талдаган. Аталган аймактарда жылдан жылга жашоо оорлоп, калктын калың катмары пенсия жашына жакындады. Бирок мамлекеттин алардын күнүмдүк тиричилигине жеткидей пенсия төлөп бергенге алы келбей жатат. Маселен Бразилиянын калкы барган сайын картаюуда. Сан-Паулу шаарындагы турак жайдын тартыштыгы Нью-Йоркко салыштырмалуу 40 пайызга жогору.

Өлкөнүн социалдык коопсуздук кызматынын катчысы Марсело Каетано калк пенсия менен күн көрүп жаткандыктан мамлекетке каршы демонстрацияга чыга электигин белгилейт. Бирок карылардын катары калыңдаган сайын аларды убагында пенсия менен камсыздоо баш ооруткан маселеге айланууда. Мисалы, 2017-жылы Бразилияда жашаган салык төлөөчүлөр 3 миллиард доллар социалдык төлөмдү ишке ашырса, ошол эле маалда элетте жашаган карылар мамлекеттен 36 миллиард долларлык пенсия алышкан.

Бразилияда орто эсеп менен эркектер 56, аялдар 53 жашында пенсияга чыгып, андан кийин ага чейин алып жүргөн маянасынын 70% пенсия катары алууга укуктуу.

Эки жылдан бери өкмөт жана парламент бюджетти какшыткан пенсия системасын реформалайбыз деп чамынып, кыйынчылыктарга дуушар болууда. Мындай көрүнүштү дүйнөнүн бардык жакыр мамлекеттеринде байкаса болорун баяндайт басылма.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.