Зомбулук Куранда көппү же Инжилдеби?

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (8-15-февраль).

The Independent гезити Куран менен Инжилдин текстиндеги зомбулуктун деңгээлин салыштырган адистин изилдөөсүн жарыялады. Том Эндерсон аттуу инженер-программачы Курандын 1957-жылы англис тилине которулган версиясы менен жөөттөр жана христиандар ыйык туткан Инжилдин Эски жана Жаңы осуяттарындагы зордук-зомбулукка байланышкан сөздөргө анализ жасаган.

Атайын автоматташтырылган программа үч китептин мазмунундагы сөздөрдү эсептеп, натыйжада Инжилде Куранга караганда эки эсеге көп зомбулук тууралуу сөздөр бар экенин аныктаган. Бул изилдөөнү Эндерсон акыркы мезгилде исламдагы радикалдашуунун Курандын текстине кандайдыр бир катышы барбы деген суроого жооп алыш үчүн ишке ашырган. Сөз жана сөз айкаштарын сегиз эмоциялык категорияга бөлүп, бакыт, жек көрүү, ачуулануу, кайгы, таң калуу, коркуу, чочулоо жана ишеним деген түшүнүктөр боюнча эсептеген. Киши өлтүрүү, талкалоо жана өч алуу Куранда 2,1 процент болсо, Жаңы осуятта 2,8 процент, ал эми Эски осуятта 5,3 процент болуп чыккан деп баяндайт The Independent.

Сорос Путинди жактырбайт

Узаган аптада Жорж Соростун Владимир Путин тууралуу жазган макаласы эл аралык коомчулукта бир топ талкууну жаратты. “Синдикат долбоору” деген аталыштагы веб-сайтка чыккан бул макалага үч миңдей киши пикир жазган.

Жорж Сорос Кошмо Штаттары жана Европа Биримдигинин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы Владимир Путинди өнөктөш катары кароосу жаңылыштык деп эсептейт. “Орус лидери таланттуу тактик болгону менен узакты көрө алган көсөм эмес. Буга азыркы Түркия менен болуп жаткан кызыл-чеке мамилеси деле мисал. Сирияга согуштук чабуул жасоосу Европа Биримдигине да, Түркияга да тынчтык алып келбеди. Анан калса Путиндин режими өз өлкөсүндө 2017-жылы банкротко учураганы турат. Андыктан Европанын коопсуздугуна чоң көлөкө түшүрүп жаткан “Ислам мамлекети” тобун жок кылууда Путин мыкты өнөктөш боло албайт”, - деген пикирин жазган Жорж Сорос.

Жапония бир жылда 27 гана качкынды кабыл алган

The Washington Post гезитинин аналитиги Адам Тейлор бул ирет качкындар көйгөйүнөн өзүн оолак тутат деп, Жапонияны сындаган макала жазды. 2015-жылы Жапониядан баш калка издегендердин саны 7 586 киши болсо, бийлик алардын 27син гана кабыл алган. Өлкөнүн Киото шаарындагы Качкындар агенттигинде 10 830 мигранттын арызы каралбай турат. Мунун себебин бийлик өкүлдөрү мыйзамдагы тыкыр тескөөлөргө шылтап жатышат. The Washington Post басылмасынын Токиодогу бюросунун жетекчиси Анна Файфилд өткөн жылы жапондордун айрымдары өлкөгө аз кирип жаткан качкындар санына таң калып жатышканын, ошентсе бул өлкө бир гана улуттуу маданиятты көздөөрүн жазып чыккан. Asahi Shimbun гезитинин кабарчысы Ясунори Каваками Твиттерге Жапония азыркыга чейин Экинчи дүйнөлүк согуштагы Хиросима менен Нагасакиден калган азаптын каарын тартып келет деп жазганы бар.

Эмнеге Кытай Хиллари Клинтондон коркот?

Кошмо Штаттарынын биринчи айымы катары күйөөсүн ээрчип Хиллари Клинтон Кытайга 1995-жылы барган. Бээжинде болгон Улуттур Уюмунун конференциясына катышып, аялдардын укугу - адам укугу экенин айтканы бар. Кийин мамлекеттик катчы болуп турганда 2009-жылы да Кытайга иш сапар менен барып, бул өлкөдөгү адам укугунун абалын сындап чыккан.

Эгерде Хиллари Клинтон президенттик шайлоодо жеңип, АКШнын президенти болсо, Кытайдын лидери Си Цзинпинь менен ынтымактуу алака түзүшү күмөн экенине сереп салат The Diplomat журналынын баяндамачысы Шеннон Тиззи. Хиллари айымдын Кытайга карата терс көз карашын 2011-жылы The Atlantic журналына курган маегинен да окуса болот. Кытайда демократия жок, адам укугу корголбойт деп айткандары бир катар эл аралык басылмаларга да чыккан. Ыңгайы келгенде бул өлкөнү сүзө качырып сындоо Клинтондун көндүм адаттарынын бири. Ошентсе да Хиллариден башка АКШ президенттигине талапкерлердин деле Кытайга карата көз карашы түз эмес. Андыктан 2017-жылдагы шайлоодон ким жеңбесин Кытайды ыраазы кыла албаса керек деп божомолдойт The Diplomat.