Кытайдагы бизнес эшектин баркын көтөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-март - 2-апрель)

"Economist" журналы жакыр өлкөлөрдө эшектин саны жылдан жылга азайып, эми бул жандыктардын териси Африкадагы кымбат баалуу пил сөөгүнө барабар бааланып жатканын жазды.

2009-жылдан бери Кениядагы эшектер 900 миңге чейин азайган.

Бул жаныбардын терисинен жасалган эцзяо (ejiao 阿胶) Кытайда абдан популярдуу косметикалык каражат болгондуктан, 1990-жылы өлкөдө 11 миллион эшек болсо, 2016-жылы алардын саны 5 миллионго араң жеткен.

Өз өлкөсүндөгү эшек эти менен териси жетпей калганда кытайлык эцзяо өндүрүүчүлөр кедей кошунасы Кыргызстандан баштап, Ботсвана, Кения, ал тургай Колумбия, Бразилия өңдүү миңдеген чакырым алыстагы өлкөлөрдөн эшектин терисин ташыган.

Жаныбардын ээси аны өз пулунан бир нече эсе кымбатка сатып жатканына сүйүнгөнү менен көп учурда эшек соодасы уурулар менен шылуундардын оңой акча табуусуна жол ачып жатат.

Кыргызстанда да кийинки жылдары эшек уурдагандар көбөйгөн.

Кытайдын эшектен оңой пайда табууну издеген ишкерлерине жооп катары 15 өлкө эшек сатууга чектөө киргизди. Маселен, Ботсванада "Эшекти коргоо" кайрымдуулук фонду ачылып, жаныбарды Кытайга сатууга таптакыр тыюу салынды.

Бирок жаштыкты камсыз кылуучу эцзяого болгон талап тыным албай күч алууда.

АКШ виза үчүн соцтармактагы маалыматты талап кылат

Мындан ары АКШга виза алуу тартибине социалдык медиадагы жеке маалыматтар да суралаарын The New York Times маалымдады.

Жылына бул өлкөгө виза үчүн 14,7 миллион чет элдик кайрылат. Алардын "Фейсбук", "Гугл", "Инстаграмм", "Твиттер", "Ютуб" ж.б аккаунттары тууралуу так маалымат виза анкетасына жазылышы шарт.

Кытайлыктар болсо QQ, "Sina Weibo", "Douban", орусиялыктар "ВКонтакте", "Тwoo" сыяктуу тармактардагы жеке маалыматтарын так көрсөтүшү керек.

Доналд Трамптын администрациясы өткөн жылдын сентябрь айында Конгресске сунуш кылган мыйзам март айында бекитилди. Визасыз АКШга кирген мамлекеттердин атуулдары соцтармактардагы маалыматын берүүгө милдеттүү эмес.

Бирок айрым эксперттер өкмөттүн бул кадамын сындап жатышат. Маселен, БУУнун "Америкадагы жарандык эркиндик" аттуу долбоорунун жетекчиси Хина Шамси: "Миллиондогон адамдардын соцмедиадагы эсебин текшерүү Трамптын администрациясы үчүн арзанга турбайт. Бул кадам чет элдиктердин сөз эркиндигине, адамдык укугуна шек келтирет", - деди.

Дрексел университетинин (Drexel University) профессору Энил Калхан буга "негизсиз, акылга сыйбаган, бийликтин аша чапкан чечими" деп баа берди.

Кытайлык соцтармактын колдонуучулары "кокус АКШны сындаган пост жазсак, виза бербей коебу" деген собол салышкан.

Эркиндиктин ободо жаңырышы

Америкада чыккан "National Review" басылмасы "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын миссиясы тууралуу кеңири талдоо жасаган.

"Кансыз согуш" учурундагы темир көшөгөнүн ары жагында болуп жаткан чындыкты обого чыгарган радиолор акыркы учурда "калп кабарды" талдап, анын чындыгын аныкталып жатканы, Кремл таркатып жаткан жалган жаңылыктарды ийне-жибине чейин таразалап, чындыкты элге жеткирүү башкы миссиясы экени баяндалат.

"Маселен, жакында эле орус медиасы "Скрипалды ууландырган "Новичок" затын өндүрүүгө Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мей катышкан" деген жаңылыкты таркатты. Бул кабардын жалган экенин "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кабарчылары гана аныкташты.

"1950-жылы негизделген радиолордун постсоветтик өлкөлөрдө, Чыгыш Европада аброю күчтүү" деген макаланын автору ар кайсы жылдары радио башында турган адамдардын нукура жаңылык издөөдөгү кыйынчылыктарын мисал келтирген.

Демократия толук орногон айрым өлкөлөрдө радионун бюросу жабылган. Маселен, Венгриядагы "Азаттык" 1993-жылы, Польшада 1997-жылы өз ишин аяктаган. Радионун азыркы президенти Томас Кент: "Айрым өлкөлөрдүн бийлиги бир күнү бизди кош колдоп тосуп алса, эртеси сындап чыгышы мүмкүн. Кээде эл биз сыяктуу эл аралык медианы "жумшак күч" катары кабылдайт. Бирок биздин механизмде кесипкөй журналистика бар. Бийлик үстөмдүк кылган өлкөлөрдө бизди чоң коркунуч катары көрүшөт", - деген.

Тажик мигранттарынын Кемероводогу эрдиги

25-мартта Орусиянын Кемерово шаарында соода борборундагы кырсыктан ондогон адамдарды куткарган тажикстандык мигранттарды өз өлкөсүндө мекендештери даңктап жатканын "Eurasinet" басылмасы кабарлады.

Өрттө каза тапкандардын жакындары. Кемерово.

Бут кийим сатуучу дүкөндө эмгектенген эки тажикстандык кошумча эшик аркылуу элдин сыртка чыгышына жардам берген. Тажик социалдык медиа колдонуучулары "мигранттарга орус бийлиги "Каармандык" сыйлыгын бериши керек" деп да жазып чыгышты.

"Мындай мыкты уулдарды тарбиялаган ата-энелерине рахмат! Тажик жигиттерине даңк! Абдан күчтүү, адамкерчиликтүү экенсиңер!" деген билдирүүлөрдү азыр тажикстандыктар бардык тармактарга жазып жатышат. "Зимняя вишня" соода үйүндөгү кырсыктан мерт болгондор Тажикстандагы орус элчилигинин алдында эскерилип, чакан митинг уюштурулду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.