Айронсайд: Путиндин түбүнө пенсионерлер жетет го

Пермдеги нааразылык акциясы.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (23-30-июль).

Монреалдагы Макгилл университетинин окумуштуусу Кристи Айронсайд "Washington Post" гезитине орус президенти Владимир Путинди бийликтен өз өлкөсүндөгү ага нааразы болгон пенсионерлер түшүрүшү ыктымал экенин жазды.

"Путиндин аты эл аралык гезит барактарында АКШнын башкы душманы катары аталып жаткан убакта Орусияда пенсия жашындагыларга багытталган реформаны сындаган нааразы адамдар толкуду. Буга Санкт-Петербургдагы жыйырмадан ашуун кишинин камакка алынышын мисал келтирсе болот. СССР учурунда ар бир жаран карыганда мамлекеттен акча алаарына кепилдик берилген эле. Дал ушул калктын аяр катмары Орусиянын өткөөл учурунда эбегейсиз жабыр тартып, кыйналды.

Путин бийликке келгенде "Советтер Союзу урагандан кийин талкаланган пенсия төлөө системасын оңдойм" деп убада берген. Ал сөзүнө туруп, пенсиянын өлчөмүн көтөрдү. Анткен менен Путиндин кылган ишине баары бир ыраазы болбогон пенсионерлер көбөйүп, мамлекетке салык төккөн жаштар барган сайын азайып жатат.

Пенсия жашын эркектердикин 65ке, аялдардыкын 63кө көтөрүү тууралуу сунушу менен орус бийлиги калктын кыжырына тийип алды. АКШнын президенти Дональд Трамп менен жүргүзгөн саясаты эмес, өз мекениндеги миллиондогон пенсионерлердин нааразычылыгы Путиндин түбүнө жетиши ыктымал", - деп эсептейт Айронсайд.

Үч өлкөнүн ортосунда "суу согушу" чыгышы мүмкүн

Жакынкы Чыгыштагы Ирак, Сирия менен Түркиянын ортосундагы кагылышуунун кийинки себеби сууга барып такалышы ыктымал экенин 27-июлда Сауд Арабиясында чыккан "Asharq Al-Awsat" гезити жазып, аны "Newsweek" журналы англис тилинде кайра жарыялады.

Үч өлкөнүн ортосунда ондогон жылдардан бери чыңалган мамилеге эми суу талашы кошулуп, аймакты аралап аккан ири дарыяларга үстөмдүк кылууну көздөгөндөр арбыйт.

Башаты Сириядагы Эвфрат дарыясында суу ресурстарын туура эмес башкаруудан улам кургакчылык жаралып, 2011-жылдагы элдин түп көтөрө каршылык акциясына чыгышына жана андан ары жарандык согушка жол ачкан. Бул кандуу согушта, түрк, орус аскерлеринин чабуулдары ансыз да туңгуюкта турган Сириянын суу тармагын толук талкалады. 2003-жылдан бери Ирактагы суу менен камсыз кылуу системасы да толук иштен чыккан.

Түркия "Түштүк-чыгыш Анадолу" долбоорунун алкагында аймагынан аккан дарыяларды бууп, 22 дамба, 19 гидроэлектр станциясын салганы жатат. Бул долбоор коңшу өлкөлөргө жага бербейт. Жакынкы Чыгыштагы суу талаш 1962-жылдан бери эле башталып, учугу үзүлбөй улам күчөп жатканын жазган саудиялык талдоочу андан үч өлкөнүн эли болушунча кыйналып жатканын кошумчалаган.

Саудия Тажикстанга 200 миллион доллар жардам берет

Сауд Арабиясынын Тажикстандагы элчиси бир жылдын ичинде Абу-Даби Дүйшөмбүгө 200 миллион доллар акчалай жардам берерин айтканын "Eurasinet" басылмасы кабарлады.

Тажик маалымат агенттиктеринин бирине интервью берген элчи Абдулазиз ибн Мухаммад Албади бул акчага жаңы мектептер курулуп, 7 миллион доллары Пянж дарыясындагы коопсуздукту сактоого салынарын айткан. Каражатты Саудиянын өнүктүрүү фонду бөлөт.

Тажикстандагы Варзоб району.

Мектептерди курууда кандайдыр бир идеологиялык максат көздөшпөгөнүн баса белгилеген элчи: "Сауд Арабиясы тажик эли менен достошуп туруп, далысынан эч качан бычак сайбайт", - деди.

2015-жылдан бери Тажикстанда Эмомали Рахмон баш болуп "Иран тымызын төңкөрүш даярдап жатат" деген түкшүмөлдөрдү айтып чыгышкан. Саудиянын элчиси андай коркунучтун алдын алыш үчүн тажик элине болушунча жардам берилерин убада кылды.

Ал арада бул сыяктуу имиштер Иран менен Тажикстандын мурда 92 миллион долларга жеткен соода байланышын 2017-жылы 22 миллион долларга түшүргөн. Саудиялыктар жөн эле мектеп салып тынбай, май айында баш кеңсеси Женевада жайгашкан инвестициялык компания "Тожиксодиротбанк" ишканасынын акцияларын сатып алганын жарыялаган.

Мигрант балдар өзүн сатууга мажбур болууда

"Guardian" гезити Франция менен Италиянын чек арасында Африкадан качкан мигранттардын балдары 50-150 еврого жыныстык кызмат көрсөтүп жатканын баяндаган "Safe the Children" уюмунун маалыматын жарыялады.

Италиядагы мигранттар.

"Кенже жаштагы кыздар чек арадан ары-бери өткөн жүк ташуучу машине айдагандарга өз денесин сатып жатышат. Алардын арасында зомбулукка, кулчулукка кабылгандар көп болууда. 2017-жылдын январынан 2018-жылдын мартына чейин Европанын чек араларында 1900дөн ашуун жеткинчек жыныстык кулчулукка кабылган", - деп билдирди уюмдун директору Раффаела Милано.

Британиянын "Оксфам" кайрымдуулук уюму да Франция-Италия чек арасындагы 12 жаштан кичүү балдардын көргөн азап-тозогу тууралуу баяндаган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.