Борбор Азиядагы ички дүң өнүмү барган сайын жогорулаганына карабай, дүйнөдө экономикасы эң туруксуз өлкөлөр дал ушул чөлкөмдө экенин "Eurasinet" басылмасынын баяндамачысы Сэм Бхута жазды.
Тажикстандын калкынын дээрлик 30% жакырчылыктын жеткен чегинде жашап, көбү Орусияга иш издеп кеткен. Кыргызстан менен Тажикстандын ички дүң өнүмү, жалпы экономикасы өнүгүп жатканын эки өлкөнүн бийлиги тынбай айтып келишет. Бирок эл аралык каржы институттарынын изилдөөсүнө караганда, дал ушул эки кошуна мамлекеттерде жакыр жашагандардын саны көп.
2000-жылдан бери кыргыз, тажик экономикасы 5% өсүүдөн 7,7% чейин жеткени катталган. Азия өнүктүрүү банкы 2017-жылы Тажикстандагы калктын 30% жакыр экенин, ал эми Кыргызстанда 25,6% деп аныктаган. Дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөргө салыштыра келгенде экономикасы, калкынын саны жана географиялык абалы жагынан окшош Непал мындан 10 жыл мурун өп-чап жашагандардын саны жагынан Кыргызстан менен Тажикстандын азыркы кейпинде эле.
Дүйнөлүк банк эки өлкөдө жакырчылык 2002-2009-жылдары 7% азайганын белгилеген. Анткен менен 2009-жылдан тарта бул индекс жылдан жылга 1% өсүүдө. Эмнеге бийлик экономика өнүгүп жатат дегени менен кедейликтин тору кенен жайылууда? Биринчи кезекте буга эки өлкөдө жумушсуздук, жаңы иш орундарынын жоктугу себеп. Жүз миңдеген кыргыз, тажик атуулдары Орусияга иш издеп кетүүгө аргасыз. Бирок расмий статистикада 2003-2013-жылдары экономикалык өсүш 7%, иш менен камсыздоо 2,1% өстү деп белгиленет.
Дүйнөлүк банк эки өлкөдөгү жумушсуздукка жеке менчик сектордун өнүкпөй жатканын себеп экенин белгилейт. Маселен, Тажикстанда жалпы иштегендердин 13% гана менчик сектордо. Ушундан улам Бишкек менен Душанбе дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн баш калаасы бойдон калууда" деп жазды автор.
Кытайда китептер өрттөлүүдө
"Foreign Policy" журналы Кытайдын Гансу провинциясындагы Чжэнюан шаардык китепканасында миңдеген китептерди атайын өрттөшкөнүн, бул көрүнүш Кытайдын "WeChat" социалдык тармагында катуу сындалганын жазды.
Коммунисттик партиянын идеологиясына каршы келген китептерди жок кылуу буйругун Билим берүү министрлиги октябрь айында чыгарган. Бийлик "коомдук тартипке каршы мазмундагы адабиятты жок кылуу" деген саясатын баштаган.
Гансу провинциясынын калкынын 20% хуэй (дунган) мусулмандары. Кытайда диний китептерди жок кылуу саясаты Мао Цзедундун учурунда да болгон. Азыркы лидери Си Цзинпин да Маонун жолу менен баратат. Коомчулук социалдык тармакта бийликтин мындай саясатын сындагандан кийин расмий органдар эми китеп өрттөөнү жашыруун ишке ашырмай болушту. Алтургай жергиликтүү бийлик коомчулукка бул ишти иликтөөгө аларын, тиешелүү жетекчилер жазаланарын билдирди.
Кытайдын китеп өрттөө саясаты биздин заманга чейинки 213-212-жылдары эле башталган. Басылма диний мазмундагы адабиятты жок кылуу жараяны Кытайдын саясатында улам кайталанган көрүнүш экенин жазды.
Мухиттин көтөрүлүшү дүйнө ыраатын бузат
"New York Times" гезити океандагы суунун деңгээли 2050-жылга чейин улам көтөрүлгөн сайын эл эң көп жашаган ири калааларды суу басып калуу коркунучу тууралуу макала жарыялады. Болжол менен 150 миллион адам жашаган шаарлар суунун алдында калышы мүмкүн. Түштүк Кытай деңизинин деңгээли күн сайын көтөрүлүп, Вьетнамдагы 20 миллион адам жашаган аймактар суу алдында калат.
Таиланддын Бангкок шаарында да дал ушундай коркунуч бар. Окумуштуулар Бенжамин Страсс жана Скотт Калп суу алдында калчу шаарлардын картасын чийди. Таиланддын 10% суу алдында калат.
Азиянын эң маанилүү экономикалык шаары делген Шанхайдагы 110 миллион адам жашаган жерлер да океан алдында калуу коркунучунда. АКШда Жаңы Орлеан шаарын 2050-жылы толугу менен суу басат. Индиянын экономикалык борбору болгон Мумбайды да мухит жууп кетиши ыктымал.
Эл аралык миграция уюму бул божомолду олуттуу кабыл алып, дүйнө лидерлери азыртадан миграция агымына даяр турушу керектигин эскертүүдө. Египетте дүйнөлүк тарыхый мурас болгон Александрия шаарын суу алдында калат. Ирак, Иран, Кувейтте да бир катар шаарларды суу каптоо коркунучу чоң.
Вашингтондогу Климат жана коопсуздук боюнча эл аралык борбор дүйнөнү суу каптаса социалдык, экономикалык, миграциялык абал курчуп, терроризм күчөп, согуш оту тутанарын эскертти.
Балаты жарыш
"Forbes" журналы дүйнөдөгү эң кымбат балатылар тууралуу макала жарыялады. Асыл таштар менен жакутка чулганган 15 миллион доллардык балаты Испаниянын "Марбелла" аттуу мейманканасында экени аныкталды. Алмаз, жакут таштар менен шөкөттөлгөн балатыны көргөнү Кайли Женнер, Ким Кардашиян сыяктуу жылдыздар да барып жатканы маалым болду. Анын дизайнери британиялык Дэбби Уинхем буга чейин Дубайда дүйнөдөгү эң кымбат 50 миллион евролук тортту жасаганы менен атагы чыккан.
Нью-Йорктогу Рокфеллер борборуна 74 миң доллардык балаты коюлуп, АКШдагы эң кымбат балаты статусун алды. Буга чейин рекорддордун Гиннес китебине Бириккен Араб Эмирлигинин борбору Абу Дабидеги 11 миллион доллардык балаты катталган эле. 2010-жылы коюлган бул балаты 181 кымбат баалуу зер буюмдар менен кооздолгон болчу. Көз жоосун алган оюнчуктарга бриллиант чегерилип, алтын жумурткалар илинген.