Дүйнө Жаңы Зеландиядагы терактка кайгырууда

Крайстчерчтеги кыргын ар кайсы динди туткандардын башын бириктирди.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-18-март).

Жаңы Зеландиядагы мечитке кол салуу дүйнөдөгү түрдүү диндеги элдин башын бириктирди.

"The Guardian" гезити Британиядагы Манчестердин мечитинде намаз окугандардын бейпилдигин сактайм деп көчөдө турган пенсионер тууралуу баяндады. Жума намаз учурунда Эндрю Грейстон "Досторум намазга жыгылганча аларды коргойм", - деп жазылган плакатты кармап алып, мечиттин сыртында турду.

"Channelnewsasia" каналынын веб-сайты Крайстчерчтин тургундары каза болгондордун жакындарына адал тамак-аш чогултканын, 24 сааттын ичинде өлкө боюнча 2,2 миллион долларга чукул каражат топтолгонун кабарлады. Мусулмандарга тилектештигин билдирип, Жаңы Зеландиядагы синагогалар жабылды.

"Stuff" басылмасы Париждеги Эйфел мунарасы, Нью-Йорктогу Эмпайр Стейт имараты, Сиднейдеги Опера театры жарыктарын өчүргөнүн, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, британ өкмөт башчысы Тереза Мэй, англис монарх үй-бүлө мүчөлөрү көңүл айтканын маалымдады.

"The Independent" гезити 50 кишинин өмүрүн алган террордук чабуулду сындап, "Динге каршы жек көрүүнүн алдын алыш үчүн коомчулук эмне кылышы керек?" деген суроого жооп издеди.

"Ислам тынчтыкты жайылтууну көздөйт, ал тургай оозеки түрдө бирөөнү кемсинткенди жектейт. Куран адамды жер жүзүндө тынчтыкты, адамгерчиликти жайылтуу менен Жаратканга кызмат кылууга чакырат. Мухаммед пайгамбар өзүнүн сабырдуулугу менен адамды ачууга алдырбоого үндөйт. Куранда айтылган күрөш бирөөнү талкалоо, жеңип чыгуу, басынтуу үчүн эмес, ишенимдин азаттыгын сактоо үчүн жүрүшү керек. Куранда чиркөө, синагога же мечитке кол салуу деген нерсе жок. Батышта шарият менен жашагандар көбөйгөн сайын "исламофобия" да күчөп баратат. Батыштагы мусулман катары эртеңкибиз бүдөмүк. Жаңы Зеландиядагы каргашанын чынжыры үзүлбөйт деген коркунуч бар", - деп жазды лондондук белгилүү блогер Дамир Рафи.

Саакашвили: "Путин эми Европага кол салат"

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили "Foreign Policy" журналына "Орусия СССР өлкөлөрүнө эмес, Европага кол салууну көздөөдө" деген аталыштагы макала жазды.

Михаил Саакашвили

"Өткөн жумада Кремл чет элдик кемелер Тынч океан менен Атлантика мухити айкалышкан Түндүк деңиздин Орусия көзөмөлдөгөн сууларында сүзүш үчүн орус бийлигинен 45 күн мурда уруксат алышы керек деген буйрук чыгарды. Бул буйрук эл аралык деңгээлде байкалбай калганы менен өтө олуттуу.

Владимир Путинди мен 20 жылдан ашуун жакшы тааныйм. Ал өлкөсүндө жеке саясий кадыр-баркы төмөндөп баратканда ушул сыяктуу эл аралык эксперттер көп көңүл бурбаган буйруктарды чыгарып, анын артынан 2008-жылы Түндүк Осетияга кол салгандай, 2014-жылы Крымды алгандай, 2015-жылы Сирияга аскер жөнөткөндөй согуштук кадамдары менен аброюн көтөргөндү адат кылып алган. Путин азыр кайсы өлкөлөрдү өзүнүн "там аркасына" айлантууну каалайт? Айрымдар Белорусияны атаса, кээ бири Эстония сыяктуу НАТО менен Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдү божомолдойт. Бирок Путиндин кийинки кадамы адам басып бара албаган Финляндиянын арктикалык анклавы, же Швециянын Балтика деңизиндеги чакан аралы болушу мүмкүн. Себеби бул эки өлкө тең Евробиримдикке кошулганы менен, НАТОго мүчө эмес, алардын алыскы аймагын тартып алуу менен Путин эл аралык эрежелерди кыйгап өтүп, экономикасы кыйналган, 200 долларга жетпеген пенсияга жан багып нааразы болгон элиндеги 32 пайызга чейин түшүп кеткен рейтингин көтөрүп алат. Бул тактиканы Путин Грузия, Украина, Сирияга болгон аскердик жүрүштөрүндө ийгиликтүү ишке ашырып, эл аралык нормаларды, башка өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуу менен өз кадыр-баркына кошумча Орусиядагы патриоттук сезимди болушунча арттыра алган. Албетте көптөр үчүн бул божомол төбө чачты тик тургузат. Ошентсе да Путин дүйнөнү дал ушундай күтүүсүз кадамдары менен таң калтырып, Батышка күтүүсүз сокку урат", - деп жазды Грузиянын мурдагы лидери Саакашвили.

Машиненин алдында калган пенсионерлер

Азербайжанда көчө шыпырган пенсионерлердин абалы кызуу талкууга түштү. "Eurasinet" басылмасы Бакудагы бул көйгөйдү бир нече пенсионердин мисалында чагылдырды.

Мунайга бай Азербайжан имараттарын болушунча кооздоп, Бакуну Батыштын мыкты шаарларынан кем калтырбай өнүктүрүү аракетинде. Бирок шаарды 110 манат же 65 долларга жетпеген пенсия алган карыялар тазалайт. Аларды машине коюп кеткен учурлар да көп катталып жатат.

Бул көрүнүштүн артында оор социалдык көйгөй жатканын баяндаган "Eurasianet" 2018-жылдагы окуяны мисалга тартты. Өткөн жылы апрелде көчө шыпырган кемпирди машине коюп кетип, ал каза тапканда жергиликтүү бийлик анын үстүндөгү тазалыкчынын кемселин чече салып, кырсыкты элден жашырууга аракет кылган. Социалдык медиада мындай окуяларга нааразылык улам күчөй бергендиктен Бакунун бийлиги Дүйнөлүк банктын жардамы менен көчө шыпырган 50 машине алды.

Макаланын автору Остин Клейтон машинелер бул социалдык көйгөйдү чечпей турганын, көчө шыпыргандардын көйгөйү Орусияда да кеңири жайылганын, Москва сыяктуу мегаполистерди борбор азиялык мигранттар тазалап келатканын жазды. Журналист Клейтон бийлик көчөлөрдү пенсионерлерден "тазаласа", кары адамдар эптеп тапкан кошумча акчадан да куру калып, жакырчылык жарааты ырбап кете турганын эскертет.

Өспүрүм Нобел сыйлыгына көрсөтүлдү

Былтыр август айында климаттагы өзгөрүүлөргө каршылыгын билдирип, акцияга жалгыз чыккан швециялык 16 жаштагы Грета Тунбергди узаган жума күнү дүйнөнүн булуң-бурчундагы жүз миңдеген студенттер, окуучулар колдоп чыгышты.

"The Guardian" гезити 16 жаштагы өспүрүм бул акциясы үчүн Нобел сыйлыгына көрсөтүлүп жатканын жазды. 15-мартта 105 өлкөнүн 1 659 шаарында миңдеген жаштар окуусун таштап, жаратылышты коргоого багытталган жүрүштөрдү уюштурушту.

15-март, Стокгольм көчөсүндөгү Грета Тунберг

Айрым саясатчылар окууну таштаган өспүрүмдөрдү сындаса, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Ирландиянын лидери Лео Варадкар, Париж, Милан, Сидней, Филаделфия, Портланд, Осло, Барселона, Монреал сыяктуу ири калаалардын башчылары Тунбергди ээрчиген жаштарды колдоду.

Париждин шаар башчысы Энн Идалго: "Чырпыктай кыз баштаган өспүрүмдөр климаттагы өзгөрүүлөргө каршы чыгып, үнүн бийик көтөргөнү адамзатты чечкиндүү кадамдарга үндөшү керек. Биз, улуу муундун саясатчылары, келечек ээлерине татыктуу шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз", - деди. Окууну таштагандарды Англикан чиркөөсүнүн мурдагы жетекчиси Роуан Уильямс, "Amnesty International" уюмунун башчысы Куми Найду да колдоду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.