Дүйнөлүк басылмаларда узаган жумада эң көп талкууланган тема Майкл Жексон тууралуу тартылган даректүү тасма болду.
Британиянын "The Guardian" гезити "Америкалык ырчынын маданий мурасы талкаланып, дүйнөлүк поп жылдыздын балдарга сексуалдык ыдык көрсөтүүсү тууралуу тасма дүйнө элин экиге бөлгөнүн" жазып, "ырчы зордуктаган" деп ачык айтып чыккан эки адамдын сөзү чындыкка өтө эле жакын экенин алардын маектерин терең талдап чыгып жазды. Ал арада эл аралык деңгээлдеги бир катар радиостанциялар Жексондун ырларын эфирден алып салышты.
"СNN" каналы "Эми Жексонду эч ким мурдагыдай уга албай калат" деген аталыштагы макаланы сайтына чыгарды. "Неверлендден кеткенде" аттуу тасмадагы фактылардан кийин ондогон жылдардан бери ырчынын артынан ээрчиген бачабаздык тууралуу имиштер ырасталгандай болуп, коомчулук оор дилеммага кабылганын баяндаган талдоочу Брэндон Григгс "2019-жылы Жексондун ырын угуу эми күнөө болуп калабы?" деген суроону узатты.
"Vanity Fair" журналы талаштуу даректүү тасмадагы Уейд Робсон менен Жеймс Сейфчак жана алардын жакындары эмне үчүн ондогон жылдар бою поп жылдыз зордуктаганын жашырып келгенине кызыккан. Басылма "Эмнеге наристелер зордукталып жатса алардын үй-бүлөсү, достору унучуккан эмес?" - деген суроого жооп издеген.
1994-жылы аталган журналга "Неверленддеги каргашалуу түн" деген аталыш менен Мурен Орздун журналисттик иликтөөсү чыккан. Бирок ал учурда Жексондун байлыгы ашып-ташып, акчага тунуп тургандыктан, ал балдарды зордуктаганы тууралуу иликтөөгө көптөр көз жуумп койгон. Буга кошумча поп жылдызды айыптагандардын оозун 150 миллион доллар акча сарптап жаап коюшкан. 1990-жылдар үчүн бул өтө чоң сумма болчу" деп жазды журнал.
"Неверлендден кеткенде" аттуу тасманын бет ачары АКШдагы Sundance кинофестивалында болду. Анда 1990-жылдары Майкл Жексондун атактуу Неверленд ранчосунда балдарга көрсөткөн сексуалдык зомбулугу тууралуу айрым фактылар баяндалып, ошол кезде зордук көрдүм дегендер ачык сүйлөп беришти.
"Аялдар СССР учурунда тең укуктуу эле"
Германиядагы социалист Клара Цеткинден башталган 8-март майрамы азыркы Орусияда аялдарды сыйлоо күнү катары белгиленерин, бирок жылдын башка күндөрүндө аялзатына карата мамиле мурдагыдай эле начар экенин Австриянын "Der Standard" гезити жазды.
"Москва бул күнү түркүн түстүү гүлдөргө чулганып, орус эркектери адаттан тыш жоомарт болуп калат. Жаздын келиши менен аялдарды сыйлаган жылдын бир эле күндүк майрамы өлкө календарында кызыл күн катары белгиленип, эл иштебейт.
Советтер союзу учурунда түптөлгөн бул майрам 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүндөй эле кызуу белгиленет. Бирок советтик мезгилдегидей аялдардын тең укугун байкоо кыйын. 1966-жылы мурдагы СССРде 8-март расмий майрам деп таанылган. Ал мезгилде СССРдеги аялдардын укугу да өзгөчө эле. Ар бир аял кесипке ээ болсун, балдары бакчага барсын, эркектер менен бирдей айлык алсын деген принциптер СССРде бийликтин тыкыр көзөмөлүндө ишке ашчу" деп эскерет гезит.
Кыргызстандагы экстремизм менен күрөш
Норвегияда чыккан "Forum 18" аналитикалык онлайн басылмасы Кыргызстандагы башка диндин өкүлдөрүнө каршы мусулмандардын кол салуусуна байланыштуу Ысык-Көлдө протестант Элдос Сатар уулуна жасалган кол салуунун мисалында иликтөө жасады.
Окуядан кийин Сатар уулу менен жакшы мамиледеги коңшуларын опузалагандар да болгон. Бир ай өтпөй дагы бир протестантка жергиликтүү базарлардын биринде мас адам кол салып, акча талап кылган. Ал бербей койгондо "христиан экениңди билебиз" деп кыйкырып сабап салган.
Сабалгандардын бирөө да укугун коргоп, тартип коргоо органдарына кайрылгысы келбейт. Алар мындай кадамы менен жергиликтүү элдин жек көрүндүсүнө айлангандан коркушат. Сатар уулунун адвокаты Жанара Аскар кызын милиция далилдер жетишсиз деп, ал тургай оозеки коркутканга чейин барышкан.
Көз карандысыз диний эксперт Галина Колодзинская "Бийлик ашынган экстремизмге каршы күрөшүп жатабыз дегени менен жетиштүү иштер аткарылган жок. Чара көрүлбөсө өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаралууда", - деген оюн айткан.
Ал арада Элдос Сатар уулуна кол салгандарды камоо өтүнүчүн сот аткарган жок. Галина Колодзинская соттун бул чечими диний экстремисттердин чырагына май тамызганын жана мындан да оор кадамдарга түртүп жатканын эскертти.
Орусияда бийликти сыйлабагандар камалат
Орус парламенти бийликти сындап, кемсинтип, мазактап социалдык тармактарга пикир жазгандарды 15 күнгө камап, 100 миң рублга чейин айып салчу мыйзамды кабыл алды. "The New York Times" гезити бул мыйзамды советтик учурдагы эрежелерге окшоштурду.
Жаңы мыйзамда: "Коомчулукка, расмий кызматтагыларга, Орусиянын улуттук символдоруна, Баш мыйзам менен бийликке сый-урмат кылбагандарга айып салынып, бир нече ирет кайталай берсе камалат", - деп жазылган.
"Сова" укуктук борборунун жетекчиси Александр Верховскийдин айтымында, бул мыйзам коом үчүн өтө опурталдуу. Себеби адамдар бийликти мазактаган посттор үчүң катуу жазаланат. Мыйзам Владимир Путиндин түшүп кеткен аброюнан улам кабыл алынды деген ойдо Верховский.
Адвокат Сергей Швакин "Фейсбуктагы" баракчасына: "Жакында биз бийлик тууралуу тамаша, анекдотторду ашканадан бири-бирибизге шыбырап эле айтышып калабыз", - деп жазды. Мыйзамдын автору, Путиндин партиялашы Андрей Клишасты сындаган депутаттар да көп болууда.