Геосаясат: Азияны аңдыган Орусия

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-февраль).

"Eurasia Daily Monitor" басылмасы АКШнын Ооганстандан чегинүүсү Орусияга Борбор Азияда жаңы горизонтторду ачып жатканын жазды.

"Дональд Трамп Ооганстандагы АКШнын аскерин азайтарын айтары менен Кремль аймактагы көп вектордуу саясаттын чылбырына жабышты. Буга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Борбор Азияга жасаган иш сапарын мисал келтирсе болот. "Лавров Бишкекке президент Владимир Путиндин иш сапарын утурлай барды" деп расмий айтылганы менен кыргыз кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушууда АКШ менен талибдердин маселесин козгоду. Орусиянын бир топ басылмалары Ооганстандан АКШнын акырындап четтөөсү аймактын коопсуздугуна коркунуч жаратарын жазып чыгышты", - деген кабарчы Думитри Манзарари Кыргызстандын Москвадагы элчисинин ТАСС агенттигине берген маегине да токтолгон.

Автор Лавровдун Өзбекстанды буйтап өткөнүн Шавкат Миризёевдин Москвага көз карандысыз тышкы саясаты менен түшүндүрөт. Акыркы мезгилде АКШ менен Өзбекстандын аскерий ымаласы бекемдеди. Жакында эле өзбек атайын күчтөрү Кошмо Штаттардын Улуттук гвардиясы, Канада, Чили жана Нидерландиянын куралдуу күчтөрү менен машыгууга катышты. Бирок аймактын башка өлкөлөрү Орусиянын көзүн карап турат. Маселен Лавров келип кетери менен эле Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Сочиге чакырып, аскерий ымаланы талкуулашты. Кремль чөлкөмдө АКШнын чегинүүсүнөн кийин бош калган аскерий кырдаалга көз артып жатканы айдан ачык.

"Ислам мамлекети", талибдер сыяктуу террордук уюмдардын коркунучун бетке кармаган орус саясаты жүрүүдө. Борбор Азия континенттерди туташтырып турган чоң күчкө ээ. Орусия эгер бул маанилүү аймактын аскерий тизгинин колго алса Еврошаркеттин санкция саясатынын күрөө тамырын басары бышык деген ойдо талдоочу Манзарари.

Борбор Азиянын илең-салаң жаштары

Борбор Азиянын жаштары саясий көз караштарын социалдык түйүндөр аркылуу да билдиргиси келбейт. Жорж Вашингтон университетинин байкоосуна караганда аймактын 29 жашка толо элек тургундары европалыктарга салыштырмалуу саясий ойлорун ачык жаза алышпайт.

"The Diplomat" журналы изилдөөгө кайрылып, Казакстанда жаштар социалдык медианы селфи тартуу, жаңылык окуу, күлкүлүү видеолорду көрүү үчүн гана пайдаланганын, жарандык көз карашын, саясий ойлорун билдирүүгө умтулгандар аз экенин баяндайт. Ал эми Кыргызстанда жаштардын улуу муун менен байланышы начар. Буга кошумча акыркы изилдөөлөр диний радикализмге жаш муун дал ушул социалдык желелер аркылуу байланып жатканын көрсөттү. Себеби кыргыз саясатында жаштар өз ордун таба албай келет.

Парламентте жаштарга орун каралганы менен бийликте азырынча орто жана улуу муундун өкүлдөрү басымдуу. Казакстанда жаш муун коомдук-саясий чечимдерди чыгарууга катышкысы келбейт, жарандык позициянын айтуудан тайсалдап турат. Орто жана улуу муундун өкүлдөрү "Фейсбукта" көп отурса, казак жаштары "Ютуб" жана "Инстаграмдан" чыгышпайт.

Борбор Азиянын лидерлеринин дээрлик баары авторитардык режимди туу туткандыктан, бийлик жаштарды дүйнөлүк желеде да тыйып келет. Маселен, Түркмөнстанда университеттин студенттерине каникул учурунда да смартфон колдонууга тыюу салынган. Казакстанда социалдык медианын мазмунун текшерген бийлик өкүлдөрү бар.

Мода дүйнөсүн багындырган мусулман кийимдери

"Заманбап мусулман кийимдери" деп аталган мода көргөзмөсү Сан-Францискодо ачылып, хижаб жана узун кийимдер тартууланды. "Newsweek" журналы мусулман аялдар диний кийимдерди ар дайым заманга ыңгайлаштырып келгенин жазат. Сан-Францискодогу музейде ачылган исламий кийимдердин көргөзмөсү Франкфурттагы "Angewandte Kunst" музейине да барды.

Кыргызстандагы жоолук күнү

Учурда аялдардын сүннөт кийимине "Кристиан Диор", "Найк" сыяктуу дүйнөлүк бренддер да кызыгууда. Өтө тез өнүккөн моданын бул тармагында жылына 44 миллиард доллар айланууда. Мусулман аялдардын кийимдери жергиликтүү маданияттан тарта, диний көз караш, глобалдык тренддерден артта калбаган бардык тармакты камтып жатат.

Көргөзмөнү уюштурган Жилл Д’Алессандро: "Мода коомдогу социалдык, саясий жана маданий талаптарды аткарганда мыкты жетишкендикке ээ болот. Азыркы мода дүйнөсү мусулман кийимдер менен төңкөрүш жасоодо", - деп айтты "Newsweek" басылмасына.

Жыйынга кечиккен министр сынга кабылды

Узаган жумада Жапониянын басылмаларында парламенттин жыйынына үч мүнөт кечигип барган министр Ёситака Сакурада катуу сынга алынганын Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы кабарлады.

"The Asahi Shimbun" гезити сурамжылоо жүргүзүп, элдин 61 пайызы "олимпиада оюндарына жооптуу министр кызматтан кетиши керек" деп жооп бергенин жарыялады.

Сындын көбү Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абенин кабинетине айтылууда

2020-жылдагы Токиодогу олимпиада оюндарын өткөрүүгө жоопуу министр Сакурада жапон парламентинде акыркы мезгилде сынга көп кабылууда.

Сууда сүзүү боюнча чемпион Рикако Икээ аттуу спортчуга ак кан диагнозу коюлганда: "Медал алат деп үмүт арткан спортчубуз эле. Биздин ишенимди актабады", - деп айтып алып, элдин жана оппозициялык партиянын ачуусуна тийген. Ал тургай министр өзү чыккан партиянын өкүлдөрү да акыркы мезгилде анын кесипкөйлүгүнөн шек санап жатышканын билдиришкен.

Парламент отурумуна кечиккени үчүн коомдон кечирим сураганына карабай, Абенин командасындагы министрге сын улам күчөп баратканын жапон басылмалары билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.