"Саясий селфи" өнөкөтү

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (22-29-октябрь).

"Eurasinet" басылмасы "Селфилер, социалдык медиа жана Кыргызстандын саясатындагы акылга сыйбаган көрүнүштөр" деген аталыштагы макаланы жарыялады.

Макаланын өзөгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин Москвага чогуу учкан сапары түздү.

"Мураскери менен карама-каршылыктын натыйжасында келип чыккан оор жагдай боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан Алмазбек Атамбаев учакка отурганда учурунда ал куугунтуктаган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев да кошо түшкөнү тагдырдын тамашасы болсо да, кыргыз саясатында "селфи" жанрын ачты", - деп жазган журнал Атамбаев - Түлеев тирешинин тарыхына кеңири кайрылып, учурдагы саясий камоолорго талдоо жасаган.

“Атамбаевдин айланасындагы ишенимдүү адамдар биринин артынан бири абакка отуруп жатканда, ал өзүн Кыргызстанда кооптуу сезеби?” деп суроо узатты басылма. "Сооронбой Жээнбековго экс-президент шайлоодо жеңиши үчүн эбегейсиз колдоо көрсөткөнү менен экөөнүн ортосундагы ажырым бир топ адамдардын колуна кишен салды", - деп жазды "Eurasinet".

Басылма социалдык тармактарда Атамбаевдин Москва сапарына карата коомдук ишмерлердин, дүйнө желесинде активдүү өзүн тааныткан адамдардын көз караштары да ар башка болгонун кошумчалайт.

“Баарынан да Атамбаев режиминен оор жаза алган Нариман Түлеевдин эч нерсе болбогондой аны менен сүрөткө түшкөнү окурмандар арасында бир топ талкууну жаратты” деп жазды басылма.

Тажикстанда туристтерге кол салуу иликтенбей жатат

Швейцариянын "Neue Zürcher Zeitung" гезити Тажикстанда үч ай мурда радикал динчилдердин чет элдик велотуристтерге кол салуусун иликтөө иштери илгерилебей жатканын жазды.

Калаба болгон жер

“Бийлик бул маселени ар тараптуу иликтөөнүн ордуна кылмышка шектүүлөрдү саясий пропаганданын куралы катары колдонууда” деди гезиттин журналисти Андреас Рюш.

Төрт туристтин жанын кыйган теракттан кийин ал үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму алган. Беш адамдын ичинен колго тирүү түшкөн Хусейн Абдусамадов калабаны уюштургандардын ана башы катары азыр камакта отурат.

"Теракт өлкөдөгү агрессивдүү исламизмди айгинеледи. Бирок Душанбе аны толугу менен иликтегендин ордуна саясий оппоненттеринин оозун басуучу курал катары колдонууда. Расмий маалыматтар да бир топ суроону жаратты. Мисалы, кандуу окуянын кыска видеосу бар. Бирок аны ким тарткан, кандай шартта кылмыш жерине барып калган деген суроолорду эч ким берген жок. Сентябрда бийлик шектүү Абдусамадовду мамлекеттик телеканалдан көрсөтүп, кылмышты мойнуна алганын айттырды. Мындай жасалма спектаклдер СССРдин учурунда коркутуу менен ишке ашып турчу", - деген журналист сөз эркиндиги жок өлкөдө кылмыштын бейтарап иликтениши күмөн болорун, тажик бийлиги ага каршы ооз ачкандардын үнүн ошол заматта басарын эскертет.

Келечекке кол салган коррупция

Узаган аптада дүйнө медиасы "World Economic Forum" басылмасына чыккан коррупциянын дуйнө картасын кызуу талкуулады. Анда жемкорлук торуна чырмалган өлкөлөрдүн индекси көрсөтүлгөн. Макаланын автору Леонард Маккарти коррупциянын кесепеттерине сереп салган.

"Жемкорлук теңсиздикке жол ачып, коомдун аяр катмарын алсыратууда. Дүйнөнүн басымдуу бөлүгүн өз торуна чырмап алып, келечек муундун мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, өсүүсүнө тоскоол болууда. Калыбына келбей турган жаратылыш ресурстары менен 81 өлкө жан багып, дүйнөдөгү ички дүң өнүмүнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Жемкорлук мына ушул тармакты толук чырмаган.

Орто эсеп менен жылына 1 триллион доллардан ашык акча пара катары айланууда. Албетте бул адамдын оозун ачырган сумма болгону менен ар бир өлкө коррупцияны жоюу үчүн аракет кылса бара-бара азаймак. Жыл сайын "Transparency International" уюму коррупциянын индексин чыгарып келет. Анын жыйынтыгы жемкорлук экономика эмес, экология, адам саламаттыгы, технологиялык өнүгүү, бизнестеги жаңы горизонттордун ачылышына тоскоол болуп жатат. Туруктуу өнүгүү максаттарын койгондон кийин дүйнө эми коррупциянын бардык формасын, паракорчулуктун алдын алуучу заманбап механизмдерди иштеп чыгышы керек", - деген ойдо Дүйнөлүк банк тобунун вице-президенти Леонард Маккарти.

Ирландиялык ырчы медиада көп талкууланды

Эл аралык басма сөздө эң көп окулган темалардын бири ирландиялык эстрада жылдызы Шинейд О'Коннордун ислам динин кабыл алуусу болду. "Evening Standard" гезити имамдын артынан араб тилинде келмени кайталап жаткан Шинейддин видеосун жарыялады.

Шинейд өзү да “Твиттерге” мусулман болгонун жарыялап, жоолук салынган сүрөтүн чыгарып, мындан ары анын аты "Шухада Давитт" экенин маалымдады.

"Ислам динине өткөнүмө сыймыктанып жатам. Интеллектуалдык теология сапарымда бул эң мыкты чечим болду. Бардык билим исламга алып барат. Мындан ары мени Шухада деп чакыргыла", - деп жазган ырчы. Ырчы бир нече жылдан бери депрессиядан жабыркап келгенин белгилеген гезит, 2016-жылы өз жанын кыюуга аракет кылган сөздөр айтылганын эскерет.

Ырчы 1992-жылы телевидениедеги түз эфирлердин биринде Рим папасынын сүрөтүн тытып салып, ызы-чуунун чордонунда калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.