Жаңгак токоюнун абалы аянычтуу

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (8-15-октябрь).

Климаттын өзгөрүүсү Кыргызстандын өзгөчө экосистемасын бузуп, байыркы жаңгак токойлору кооптуу абалда калганын "Eurasinet" басылмасы жазды.

"Экологиялык байлык гана болбостон, Арстанбаптын токойлору жергиликтүү элге киреше булагы катары да кызмат кылат. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча Кыргызстанда 2012-жылы 16 миң киши жаңгак токоюнан жумуш таап, өлкө дүйнөдөгү эң ири жаңгак экспортточу катары таанылган.

Айрыкча, Орусияга ташылган жаңгак акыркы мезгилде аябай көбөйдү. Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, 2016-жылы жалпысы 2 миллион доллардык жаңгак чет жакка ташылса, 2017-жылы 281 тонна жаңгак сатылып, 6,2 миллион доллар пайда түшкөн. Экономика министрлиги жаңгак экспортунан жалпысы 7 миллион доллар киреше келгенин билдирди.

Ал арада жергиликтүү дыйкандар климаттын өзгөрүүсү, топурактын бузулуусу жаңгак бактарын да кыйнап жатканын айтышууда. Арстанбаптын тургуну Хуснидин Абдухаликовдун айтымында, жергиликтүү эл тапкан кирешесине малды көбөйтүп, токойдун топурагын эрозияга учуратууда.

Кыргызстандын жаңгагына кызыккан Түркия, Орусия, Кытай, Сауд Арабиянын соодагерлери Арстанбапка чейин барып, жаңгактын бир килограммын 200 сомдон дүңүнөн алып кетип жатышат. Ал эми Орусияда бир кило жаңгак 600-850 рублдан сатылууда. Пайда тапканы менен Арстанбаптын барган сайын бузулуп бараткан экосистемасына кейиген жергиликтүүлөр бийликтен чукул чараларды күтүп жатышат", - деп баяндайт "Eurasinet".

Стамбул - араб качкындары үчүн бейиш

Стамбул араб өлкөлөрүнүн саясий качкындарынын шаарына айланууда. "Economist" журналында чыккан макалада Түркиянын бул мегаполисинде Сирия, Кувейт, Йеменден качкан 3 миллионго жакын адам баш калкалашы мүмкүн экенин, алардын арасында Египеттин президенттигине талапкерлигин койгон саясатчыдан тарта кувейттик депутаттарга чейин бар экени баяндалат.

Стамбул

Стамбулдагы спутник байланышы азыр көптөгөн араб телеканалдарын көрсөтүп, 850дөй араб тилдүү журналист Түркияда эмгектенүүдө. Түркия арабдарга беш жыл бул өлкөдө жашагандан кийин же мамлекетке 250 миң доллар салык төлөсө дароо жарандык берет.

Ливандан Стамбулга качкан билим берүү тармагындагы адистин айтымында, ал өз өлкөсүндө кулдай укуктарга ээ болсо, Стамбулда жыргап жашап жатат. Европадан башпаанек таба албаган арабдар үчүн да Стамбул эң башкы түнөк болуп калды. Түркиядагы саясий режим Европа үчүн демократиялык эмес болгонуна карабай, кишенделген араб өлкөлөрүнөн качкандарга эркиндиктин бейишиндей сезилерин, акыркы мезгилде араб тилдүү билим берген башталгыч мектептер, университеттер ачыла баштаганын билдирет "Economist".

Орусияда бийлик соцтармакты катуу көзөмөлгө алды

Орусияда социалдык тармактарга жазган пикири үчүн кармалгандардын саны барган сайын өсүүдө. "Newsweek" журналынын маалыматына караганда, 2016-жылы социалдык тармактын 298 колдонуучусуна кылмыш иши ачылган. 2017-жылы бул көрсөткүч 411ге жеткен. 43 киши эркинен ажыратылган.

Камалгандардын көбү бирөөлөрдүн жазганын өз баракчасына көчүрүп алган. Айрыкча орус православ чиркөөсүнүн намысына тийгендер, Кремлдеги бийлик өкүлдөрүн мазактагандар, Орусиянын Украинадагы аскерий иш-аракеттерин сындагандар экстремист катары бутага алынууда.

Санкт-Петербургдун 42 жаштагы тургуну, эч жерде иштебеген Эдуард Никитин "ВКонтакте" барагында президент Владимир Путинди мазактаган посттору үчүн камалып, беш жылга кесилди. Сентябрда саратовдук Наталья Ковалева жергиликтүү сотторду жемкорлукка айыптаган фольклордук ыр саптарын жазганы үчүн экстремизмге айыпталды.

Монархтар менен Трампты эмне байланыштырат?

Саудиялык журналист Жамал Хашоггинин Түркияда дайынсыз жоголуусу америкалык гезиттерде катуу талкууланып, президент Дональд Трамп жана анын администрациясынын дарегине катуу сындар жаады.

"Washington Post" гезити Сауд Арабиясын башкарган падышалыкты "бийлик эмес" деп атап, дүйнөдөгү адам укугун одоно бузган, сындагандардын оозун жаап, көзүн тазалаган монархтар менен Дональд Трамптын ымаласынын жакшы болушун кескин сындады.

Дональд Трамп

Ошондой эле басылма Саудияны ооздуктоо үчүн бул өлкөгө курал сатууну токтотуу керектигин белгилеген өзүнчө макала да жарыялады. "Саудия менен АКШнын башын кошкон жалгыз байланыш - мунай.

Ошондой эле Америка Саудияны Иранга карата аймактагы күчтүү агрессия катары көрөт. 2017-жылы АКШ бул өлкөдөн 18 миллиард доллардык мунай алган. АКШдан миллиарддаган доллардык курал-жарак Саудияга ташылууда. Бул курал менен Саудия коңшу Йемен сыяктуу өлкөлөрдү опузалап жатат.

Дональд Трампты жана анын кеңешчиси Жаред Кушнерди саудиялык падыша, ханзаадалар каалаганындай пайдаланып жатышат. Журналист Хашогги жоголгондон кийин Трамптан Саудияга курал-жарак экспорттоону токтотуу керекпи деген суроого оң жооп алган жокпуз", - деп жазды гезиттин талдоочусу Колберт Кинг.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.