Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлтүрүлүшү дүйнөлүк басма сөздө талкууга алынган темалардын бири болду.
"Human Rights Watch" уюмунун сайтында аялдардын укугун коргогон иликтөөчү Хиллари Марголис "Кыргызстандык кыз салт делген түшүнүктүн курмандыгы болду" деген макаласын жарыялады.
"Бурулайдын өлүмү "ала качуу" деген салт аялдарга карата зомбулуктун жеткен чеги болгонун далилдеди. Бириккен Улуттар Уюму да тынчсыздануусун билдирип, аялдардын укугун тепсеген мындай көрүнүшкө каршы турууга кыргыз бийлигин чакырды. Ала качууга дуушар болгон кыздар моралдык жактан, ошондой эле денесине залака келтирген кадимки зомбулукка дагы кабылышууда. Бурулайды өлтүргөн адам аны экинчи жолу ала качкан. Акыры кыздын милиция бөлүмүндө өлтүрүлүшү күч органдарынын зомбулукка кайдыгер мамиле жасап келгенин көрсөттү. Кыргызстандык кыздар "ала качуунун курмандыгы болом" деп коркуп жашабашы керек", - деп эскертет Хиллари Марголис.
Жапонияда чыккан "The Diplomat" аналитикалык журналына да Бурулайдын өлүмү тууралуу көлөмдүү макала чыкты.
"Кыргызстандагы ала качуу темасы бүтпөгөн чууга айланды. Батыш медиасы ала качууну Чыгыштын түшүнүксүз, зордуктоо салты катары чагылдырса, жергиликтүү калк маданияттын бир бөлүгүндөй көрүшөт. БУУ, ЮНИСЕФ Бурулайдын өлүмүнөн кийин расмий билдирүү таратты. Акыркы маалыматтар боюнча, 24 жашка толо элек кыргыз кыздарынын кеминде 14 пайызга жакыны ала качуунун курмандыгы болууда. Өлкөнүн азыркы мыйзамдары эмнегедир бул түшүнүксүз, адам укугун тебелеп-тепсеген салтка алы жетпей жатат", - деген ойдо макаланын автору Кэтрин Пуз.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Эки достун мамилеси сыноодо"
"Eurasianet" басылмасы Кыргызстандагы саясий кырдаалга сереп салган. "Алты жыл бийликте тургандан кийин Алмазбек Атамбаевдин президенттиги тынч аяктады. Атамбаев мураскери катары узак убакыт чогуу жүргөн, ишенимдүү адамы Сооронбай Жээнбековду тандаган. Бирок бийликке келген Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен оолактап, ага байланган белдүү аткаминерлерди кызматтан алууда" деген басылма Сапар Исаковдун азыркы абалына да токтолгон.
"Парламентте атүгүл КСДПнын депутаттары да Сапар Исаковдун кызматтан кетишин колдоду. Бул Кыргызстандын тарыхында өкмөт башчы депутаттардын ишенбөөчүлүк көрсөткөнүнөн улам кызматтан кеткен биринчи учур болду. Албетте, бул Исаков үчүн чоң сокку болсо да мындан оор кырдаал аны алдыда күтүп турган эле", - деп жазды автор.
Автор саясатчы Феликс Куловду кепке тартканда, мындай жооп алган: "Парламенттеги фракция Жээнбековду колдоп жатат. Ушундан улам чечим чыгаруу күчү азыркы президентте көбүрөөк. Жээнбеков Атамбаевдин санаалаштары кылган кылмыштардын бетин ачып жатканы коомчулукка жагууда. Жаңы президент Атамбаевге окшоп коомдук медиа аркылуу атаандаштарын ыпылас сөздөр менен айыптап, коркутуу ыкмасын колдонгон жок. Жээнбеков өтө кылдат иш алып барууда", - деген.
Ак үйдөгү ооз ачуу салты токтойбу?
"Newsweek" басылмасына Тасмиха Хан АКШнын Ак үйүндө эки жылдан бери токтоп калган салттуу иптар тамагы тууралуу оюн жазган. Дональд Трамп президенттикке келгенче дээрлик 20 жылдай Ак үйдө Рамазан айында ооз ачуу жөрөлгөсү өтүп турчу. Трамптын мусулмандарды жериген саясатынан улам бул салт былтыртан бери уланбай турат.
АКШнын Жогорку соту Трамптын "Мусулмандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө" тууралуу сунушун четке каккандан кийин ал быйыл өлкө мусулмандарын Рамазан айы менен куттуктады. Соттор атүгүл Трамп мусулмандарга каршы айткандары үчүн аны жоопко тартса болобу деген маселени караштырышы мүмкүн.
"The Washington Post" гезити Ак үйдөгү ооз ачуу 6-июнда болушу мүмкүн экенин, ага саналуу адамдар чакырылганын жазат. "Бирок мусулмандарга карата кемсинтүүлөрдөн кийин Дональд Трамп кантип алар менен чогуу отура алат?" деп суроо узатат автор.
"АКШнын Баш мыйзамына ылайык эч кимди диний ишенимине карата кемсинтип, коопсуздугуна шек келтирбеш керек. Ак үй ооз ачууга белсенип жатканда Трамптын администрациясы мусулмандарга багытталган негативдүү кайрылуулар үчүн коомчулуктан кечирим сураганы жакшы", - деп жазды Тасмиха Хан.
Ооганстанда жоголгон советтик учкуч табылды
Ооганстанга Советтер Союзунун аскерлери кирген маалда дайынсыз жоголгон советтик учкуч аман-эсен табылганын "The Guardian" гезити кабарлады.
Орусиянын согуш ардагерлери бирикмесинин мүчөсү Валерий Восторинин учкучтун абалы жакшы, бирок жардамга муктаж экенин билдирди.
1987-жылы Баграм аймагында учкуч башкарган учакка абадан сокку урулуп, ал туткунга түшкөн деген божомолдор бар. Ростов облусунан согушка аттанган Сергей Пантелюк азыр 60 жашта. Аны мекенинде апасы менен эжеси тосуп алышты. Ошондой эле учкучтун 31 жаштагы кызы да бар экени маалым болду.
1979-1989-жылдар аралыгында Ооганстанда 125 советтик учак кыйрап, 300 аскер дайынсыз жоголгон. Ошондон бери алардын отузу гана табылып, мекенине кайтышкан.