Чочкону койго "айланткан" тажик илимпозу

Кой жайып жүргөн киши. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-14-май).

"Eurasianet" онлайн-басылмасы Тажикстанда окумуштуулар илимий иштерин Орусиянын диссертацияларынан көчүрүп алып, ага эч кандай кошумча киргизбей эле бир илимий ишти 10 миң доллардан өйдө сатып алышып жатканын жазды. Макалада "Тажикстандын мурдагы айыл чарба жана экономика министри Назруло Амиров 2014-жылы "Тажикстандын эт өндүрүшүнүн өнүгүшү" деген темадагы илимий ишин Орусиядан толугу менен көчүрүп алып, "чочко" деген сөздүн баарын "койго" алмаштырып чыкканы баяндалат. Амиров сыяктуу "уурдап" илимий иш жактагандар бул өлкөдө абдан көп болуп чыкты. Алардын арасында вице-премьер-министр Даватали Саид, Хатлон облусунун губернатору Даватшо Гүлмахмадзода жана президенттин кеңешчиси Абдулло Рахмон да бар. Тажикстанда азыр 1200дөн ашык илимий ишти мамлекеттик аттестация комитети бекитип, атайын даража ыйгарган. Алардын канчасы көчүрмө экенин аныктоо да кыйынга турат. "Берлиндеги Александр Гумбольт фондунда иштеген тажикстандык илимпоз Хафиз Бобояров бийлик мындай плагиатка катуу чара көрбөгөндүктөн, илимий чөйрөдөгү кырдаал ого бетер башаламан болуп жатканын белгилейт", - деп жазат "Eurasianet".

Климаттын өзгөрүшү жакыр өлкөлөрдү жабыркатат

Кыргызстанда кыйылып жаткан бактар. Архивдик сүрөт.

"Economist" журналы планетадагы климаттын өзгөрүшү биринчи кезекте жакыр өлкөлөрдүн башына түшкөн мүшкүл экенин баяндайт. Барган сайын абанын температурасы кескин көтөрүлүп же дароо түшүп кетип, жеке эле бир адамга эмес, бүтүндөй адамзаттын турмушуна таасир этүүдө. Тилекке каршы, табияттагы өзгөрүүлөр Бразилия сыяктуу субтропикалык аймакта жайгашкан кедей мамлекеттерде жаратылыш кырсыктарын көбөйтүп, андан гуманитардык каатчылык жаралышы ыктымал. Анткени акыркы мезгилде Бразилияда абанын температурасы 20 пайызга көтөрүлүп жатат. Түндүк уюл жактагы бай, өнүккөн мамлекеттер субтропикалык чиркейлерге же атмосферанын кескин шарттарына азырак тушугат. "Economist" климаттын өзгөрүшүнө жооптуу болгон бай өлкөлөр аз жабыркай тургандыгын белгилейт.

Борбор Азия Ооганстанды кучагына алабы?

Жапонияда чыккан "Diplomat" аналитикалык басылмасына талдоочу Жеймс Дюрсонун "Ооганстан келечегин Борбор Азия менен чогуу пландашы керек" деген мазмундагы макаласын жарыялады. "Советтер Союзуна чейин чөлкөмдөгү эл каганат жана эмирлик болуп гана бөлүнүп, азыркыдай көп улуттуу түшүнүк жок болгон. Совет бийлиги орногондон кийин аймакта чек аралар, бир нече мамлекет пайда болду. Азыркы тапта Ооганстан соода жолдорун, табигый ресурстар өтүүчү каттамдарды өнүктүрүш үчүн Өзбекстанга, Тажикстанга, Казакстанга, Түркмөнстанга жана Кыргызстанга көбүрөк ыкташы керек. Оогандар дал ушул эркин, сүйлөгөн тили, тарыхы окшош өлкөлөр аркылуу дүйнөлүк базарга чыга алат. Бул багытта Вашингтон өлкөлөрдүн эркиндигине шек келтирбегендей даражада колдоо көрсөтсө жакшы болот. Ооганстан ушул тапта Өзбекстан менен Казакстандын өнүгүү үлгүсүн жолдогону дурус. Аймактагы элдин дээрлик баары мусулман, бирок ички инфраструктура өнүкпөй, экстремизм, трайбализм кылмыш чөйрөсүнүн гүлдөшүнө жол ачууда. Ооганстандын мындай кырдаалдан чыгышынын бирден-бир мыкты жолу - болушунча Борбор Азияга жакындоо", - деп эсептейт 20 жыл АКШнын деңиз флотунда кызмат кылган офицер Жеймс Дюрсо.

Жапон лидерин кемсинткен бут кийимдеги таттуу

Синзо Абе.

Узаган жумадагы эң көп окулган жана талкууланган окуялардын бири - Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абеге Израилдеги иш сапарынын учурунда сунулган бут кийимдеги таттуу болду. "Japan Inside" гезити бут кийимге таттуу салып сунуу Жапонияны эл аралык деңгээлде мазактоого барабар экенин жазат. Окуя Йерусалимде, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Синзо Абени кечки сый тамакка чакырганда болгон. Эки өлкөнүн дипломаттары чокойго таттуу салып сунган башкы ашпозчуну сындашууда. Жапониялык дипломат Йедиоз Ахаронот Израил Тышкы иштер министрлигине: "Бир да элдин маданиятында дасторконго бут кийим койбойт. Башкы ашпозчуңар муну менен эмнени айткысы келди? Өкмөт башчыбызды эле эмес, өлкөбүздү кемсинтти. Жапон маданиятында бут кийимге өтө чоң маани берилет. Үйгө кирип бара жатып, босогого чечип киребиз. Ал тургай өкмөт, депутаттар иштеген жерине бут кийимсиз киришет", - деген кайрылуу жиберди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.