Саясатчылар Цукербергдин оозун ачырды

Марк Цукерберг

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (9-16-апрель)

Технологиядан алыс саясатчылар

Өткөн жумада дүйнөлүк басма сөздө эң көп окулуп, талкууланган окуялардын бири Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергге АКШ Конгрессиндеги сенаторлордун берген суроолору болду.

The Guardian басылмасынын саясий баяндамачысы Жонатан Фридленд "саясатчылар Интернеттин кантип иштерин, кайсы максатта колдонуларын билбей туруп, Цукербергди таң калтырган суроолорду берди" деп жазды.

Конгресс Цукербергди кыйнаганы менен Фейсбук баары бир күчтүү бойдон калганын баяндаган Фридленд: "Цукерберг бул отурумга мыкты даярданып келген. Бирок саясатчылардын өтө жөнөкөй суроолору өспүрүм чоң атасынын үйүнө барып, Интернетти колдонгонду эмес, Wi-Fiды күйгүзгөндү үйрөткөндөй таасир калтырды. Жашы өтүп калган саясатчылар заманбап технологияны түшүнбөсүн билгизип койду", - дейт.

Айрым сенаторлор Фейсбуктун ээсине: "Вотсаптан жарнама эмнеге келе берет?", "Фейсбук" бекер болсо акчаны кайдан табат?" деген суроолорду берип, Цукербергдин айласын кетиргенин ааламтордо миңдеген көрүүчүлөр талкуулап жатышат.

Демократия жарышында Өзбекстан алдыда

Freedom House уюмунун демократия боюнча жылдык отчетунда мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдөгү демократиянын өнүгүүсүнө баа берилди.

Изилдөөнү талдаган The Diplomat басылмасы 2005-жылдан бери Өзбекстандагы көрсөткүч алгач ирет алдыга жылганын жазды. "Улуттук өзгөрүү" ыкмасы менен жасалган байкоодо Өзбекстандагы демократия деңгээли 6,89 балл болуп эсептелген. Бул көрсөткүч менен өлкө аймактагы лидер боло албаса да, мурдагы жылдарга салыштырмалуу “жакшы секирик” жасай алды дешет адистер.

Өзбекстандын желеги

Кыргызстан чөлкөмдөгү эң демократиялуу өлкө макамын сактаганы менен 2017-жылы саясатчылардын камакка алынганы, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши, массалык маалымат каражаттарындагы соттук териштирүүдөн улам демократиялык баскычта артка чегинген.

Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстандагы демократиянын деңгээли мурдагы жылдардан айырмаланган жок.

Тажикстандагы кырдаалды иликтеген Эдвард Лемон жарандык коом, көз карандысыз басма сөз, жергиликтүү демократиялык башкаруунун деми кайтып, тажиктер үчүн 2018-жылы жашоо жакшы нукка өзгөрөрү күмөн экенин баса белгилейт.

Эмомали Рахмондун бийлигин уулу мурастап, бир партиялуу Тажикстанда демократиянын келечеги бүдөмүк болуп жатканына токтолот. Макаланын автору Кэтрин Пуз чөлкөмдөгү өлкөлөр дүйнөдө демократия айдыңында эң артта калуу менен бир учурда "демократия аралчасы" делген Кыргызстандагы акыбал бул ыргакта илгерилей берсе, экономикалык кыйынчылык кошул-ташыл болуп, абал курчуйт деген пикирде.

АКШда Азиянын диний ынанымдары модага айланды

Economist журналы "Жаңы дүйнөдө" же Америка Кошмо Штаттарында Азиянын буддизм сыяктуу диний ынанымдарына кызыгуу артып, калктын көбү бутпарастардын сыйынуучу жайларына барып жатканын баяндады.

Вашингтондогу көз карандысыз Пью изилдөө борбору 2020-жылга чейин АКШдагы буддизмди тутунгандардын саны 4,2 миллионго жетерин, 2010-жылы алар 3,6 миллион болгонун жазат.

"2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө АКШнын 18 жаштан 29 жашка чейинки атуулдары буддизмге ыктаары аныкталган. Калифорниядагы Буддизмди изилдеген институттун өкүлү Скот Митчеллдин баамында Кытай, Жапония, Индия көчмөндөрү менен кошо келген диний ишеним азыр АКШнын африкалык жана латын америкалык тектүү жарандары арасында популярдуу болуп жатат.

Кээ бир ири компаниялар ушундан улам буддадагы айрым медитациялык ыкмаларды колдонуу максатында атайын буддист адистер үчүн жумуш орундарын камсыз кылган. Айлана-чөйрөгө аяр кароо, улутка, расага бөлбөй мамиле жасоо сыяктуу бутпарастардын эрежелери азыр чоң суроо-талапка ээ", - дейт Economist.

535 миллион бала коркунучта жашайт

"Дүйнөдө күн сайын миллиондогон бала зомбулукка дуушар болууда. Алар өз коомунда, мектепте же үйүндө запкы көрүп, кулчулуктун курмандыгына айланышкан" деп баяндайт Newsweek.

535 миллион бала табигый кырсыктар, согуш, эпидемиялар күч алган жерде жашайт. Мисалы Конго демократиялык республикасында 13,1 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж, алардын 60 пайызы үй-жайсыз калган балдар.

Камерундук 28 жаштагы Вероника 10 жаштагы кызы Мишелдин көкүрөгүн ушалап жатат. Камерундуктар бул ыкма кыздарды зомбулуктан сактайт деп ишенишет. Египеттик сүрөтчү Хеба Хамистин бул эмгеги 2018-жылдагы эң мыкты сүрөттөрдүн бири болду.

​Сомалиде 2,8 миллион, Түштүк Суданда 1,1 миллион бала курсагы тоё тамак жебейт. Мындай фактылар айдан ачык болгону менен балдарга жардам берүүдө орчундуу иштер жасалбай жатат.

2014-жылы Балдарды коргоо Альянсы наристелерге жасалган сексуалдык, психологиялык зомбулук дүйнө экономикасына жылына 2 триллиондон 7 триллион долларга чейин зыян келтирип жатканын аныктаган.

Эл аралык уюмдар тарабынан зомбулукка каршы ар бир балага болгону жылына 65 гана цент жумшалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.