Путинден кийин Орусия өзгөрөбү?

Владимир Путин

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-36-февраль)

Франциянын Les Echos басылмасына энергетика тармагындагы дүйнөлүк эксперттердин бири, Russian Technology Foundation компаниясынын жетекчиси Доминик Фаштын макаласы жарыяланды.

Макалада Владимир Путин бийликтен кеткенден кийин Орусияны күтүп турган өзгөрүүлөр тууралуу баяндалат.

"Путин алдыдагы алты жылда Орусияга президент болуп шайланары бышык. Бирок бул мезгил өткөндөн кийин анын мураскерлери өлкөнү кайсы нукка бурат? Азыр Путинге теңтайлашып чыккан Ксения Собчак быйылкы шайлоодо эмес, "келерки раундда" жеңип чыгууну көздөп жатканын айтууда.

Тарыхка карасак, Орусия ар бир лидердин доору бүткөн сайын кыйын кезеңге тушугат. Албетте, Путиндин бийлигине туура баа берген тарыхчылар да чыгат. Анын доору ар түрдүү окуяларга жык толду. Орусиянын ички дүң өнүмү Италия менен Индонезияныкына теңелди.

Ошентсе да, АКШ, Кытай, Европа сыяктуу экономикалык дөө-шааларга жете албады. Крымды аннексиялап алып дипломатиялык чоң ката кетирди. Орусияда баары боло берет, ошентип Путиндин бийликтеги сапары да карый баштады", - дейт эксперт Доминик Фаш.

Баш мыйзамды аялдар жакшы жазат

Баш мыйзамды жазып чыгуу өлкөдөгү тынчтыкты орнотуунун ажырагыс бөлүгү экенин, аны аялдар эркектерге караганда мыкты мазмунда жазарын Foreign Policy журналы баяндайт.​

1990-2015-жылдагы изилдөөдө 75 өлкө Баш мыйзамын кайра жазып чыккан. Алардын арасында согуштан жаңы арылып, телчигип келе жаткандары басымдуу.

"Инклюзивдик коопсуздук" аттуу бейөкмөт уюм жүргүзгөн изилдөөдө согуштан кийин Конституцияны жазууга аялдар катышкан өлкөлөрдө тынчтыкты калыбына келтирүү иши майнаптуу болорун аныктаган. Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, 1992-2011-жылдары дүйнөдөгү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкандардын тогуз пайызын гана аялдар түзгөн.

Руанда

Африкадагы Руанда мамлекетинде конституциялык комиссиянын мүчөлөрүнүн көбү аялдар. Парламентте аялдарга 30 пайыз орун берилген. Руанда дүйнөдөгү аял депутаттары эң көп өлкө деп аталгандан кийин жарандык коомдо тынчтык орногон. 1980-2003-жылдары болгон атуулдук согушка карабай, бул өлкөдө аялдар жетектеген парламентаризм тынчтыкты, теңчиликти камсыз кыла алган.

"Азыркы тапта бул тажрыйбаны Сириядагы активист аялдар колдонууну самап, бир нече жылдан бери демилгелеп келет. Бирок кан күйгөн жарандык согушту токтотуу, тынчтыкты орнотуу сүйлөшүүлөрүнө жалаң гана эркектер катышууда. Буга карабай, Сирия аялдарынын демократия үчүн кыймылы гендердик, улуттук, маданий жана диний топтордун теңчилигин эске алган Баш мыйзамдын долбоорун жазышты. Жети жыл бою кансыраган өлкөгө тынчтыкты орнотуунун инклюзивдик жолдорун издөө зарыл", - дейт Foreign Policy.

20 жыл мурда уулун урган эркек камалды

Кошмо Штаттардын бардык басылмаларында 1996-жылы эки айлык уулун катуу урган адам соттолгонун жазышты.

Time журналынын кабарлашынча, Пенсильваниянын тургуну Люциус Мидлбрук 1996-жылы эки айлык уулу Кавелла Менаны силкилдетип ургулап, мээсине доо кетирген. Ушундан кийин ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка айыпталып, бир нече жыл түрмөдө жатып чыккан.

2015-жылы 19 жашка чыккан Мена каза болгон. Соттук-медициналык териштирүүнүн натыйжасы өлүмгө кичине чагында алган жарааты себепкер болгону аныкталган. Бейшемби күнү Мидлбрук кайрадан полициянын колуна түштү. Эми ага зомбулук көрсөтүп, адам өлтүрдү деген айып коюлуп, кайра соттолот.

Кувейтте эки жылда 200гө чукул филиппиндик мигрант өлдү

Asia Times гезити 2016-жылы Кувейтте 196 филиппиндик эмгек мигранты каза тапканын маалымдады. 155 филиппиндиктин ден соолугу жабыркап, 22си өз жанын өзү кыйса, 14нүн өлүмүнүн себеби аныкталбай калган.

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте

Филиппиндин чет элдеги жумушчуларынын коопсуздугу боюнча башкармалыгы 2017-жылы 1549 мигрантты иш берүүчүлөр сабаганын, 65и зордукталып, 243ү ар кандай сексуалдык ыдык көргөнүн билдирди.

Ушундан улам Филиппин бийлиги Кувейтке мигрант жөнөтүүдөн таптакыр баш тартмай болду. Президент Родриго Дутерте Кувейтте жакында филиппиндик үй кызматкеринин сөөгү кожоюндун муздаткычынан табылган окуяны мисал келтирип, элди бул өлкөгө барбоого чакырды. Ал чакырыкка улай Кувейттеги Филиппин элчилиги 1796 атуулун мекенине кайтарды, дагы 2 миң мигрантты чакырып алууну пландап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.