НАТО Эрдогандан кечирим сурады

Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы басма сөз жыйында. 8-сентябрь, 2017-жыл.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-19-ноябрь).

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия лидери Режеп Тайып Эрдогандан расмий кечирим сураганын батыш басылмалары жазып чыкты. The Independent гезити Түндүк альянстын Норвегиядагы аскерий машыгуулары учурунда Мустафа Кемал Ататүрк менен Эрдогандын аттары "душмандардын" тизмесине киргизилип калганын кабарлайт. Натыйжада түрк бийлиги машыгууга катышып жаткан ондогон аскерлерин чыгарып кеткен. Президент Эрдоган: "Мындай биримдик же альянстын болушу мүмкүн эмес" деген. Столтенберг: "Норвегиянын Ставангер шаарында өтүп жаткан аскерий окуулар учурунда ушундай жагымсыз окуя болуп кетти. Буга жол бергендердин баары жазасын тартат. Түркия биздин альянс үчүн өтө маанилүү өнөктөш. "Душмандар" тизмесин түзгөн киши НАТОнун кызматкери эмес, Норвегиянын атуулу. Бийликтен ага карата чара көрүүнү өтүндүм", - деген кайрылууну Эрдоганга жиберген. Норвегия менен Түркиянын ортосундагы ымала быйыл март айында түркиялык беш офицер Норвегия бийлигинен саясий башпаанек алгандан кийин бузулган.

Ким Чен Ын өз элин ууландырып жатабы?

Түндүк Кореянын элиндеги мите курт ооруларынын жайылуусуна Ким Чен Ындын дыйкандарга айдоо талааларын адамдын заңы менен байытуу буйругу себеп болушу ыктымалдыгын Newsweek журналы жазат. 2014-жылы Ким Чен Ын кыртышты семиртүүнүн арзан жолу - адамдын органикалык калдыктары экенин айткан. Ошондон бери өлкөдө айдоо аянттарын жапырт кишинин заңы менен семиртүүгө өтүшкөн. Мындай ыкма калк саламаттыгына зыяны тийип жатканы жакында Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга качып өткөн аскердин ичеги-карынынан чыккан ири мите курттан улам божомолдонууда. Аны операция жасаган дарыгер 20 жылдык тажрыйбасында мынчалык чоң куртту биринчи көргөнүн айтат. Сеул улуттук университетинин мите курттар боюнча адиси Чой Мин Хо: "Түндүк Кореядагы чыныгы акыбалды билүү кыйын. Бирок ал жакта ичеги карындын мите курту сыяктуу оорулар олуттуу көйгөй экенин дал ушул аскердин мисалында байкадык", - дейт. Түндүк Кореяда ички дүң өнүмдүн 20 пайызы аскерий максатка жумшалат. Өлкөдө азык-түлүк көйгөйү курч экенин адам укуктарын жактоочулар тынбай айтып келет. 2016-жылы Пхеньян баллистикалык ракеталар менен өзөктүк куралданууну дагы күчтөндүрөрүн жар салган.

Адамдын башын ооштуруу операциясы кайрадан талкууда

Британиянын The Telegraph басылмасы Кытайда кишинин башын трансплантациялаган операция ишке ашканын жарыялады. Операцияны Харбин медициналык университетинин илимпоздору ишке ашырган. Бул тууралуу нейрохирург Сержио Канаверо Венада өткөн басма сөз жыйынында билдирген. Профессор Циопинг Рен баштаган топ кишинин башын алмаштырардан мурда маймылдарга тажрыйба жүргүзүп көргөн. USA Today гезитине берген интервьюсунда Канаверо: "АКШ мындай олуттуу кадамга бара албайт. Кытайдын лидери Си Цзинпин өлкө аброю үчүн долбоорду каржылады. Кытай дүйнөдөгү улуу күч экенин илимий чөйрөдө да көрсөткүсү келет", - деген. Бирок Канаверонун бул айткандарына Батыштын илимпоздору анча ишене бербей жатат. Нью-Йорктогу Лангон медициналык борборунун жетекчиси Артур Каплан аны "акылдан адашкан киши" деп атады. Азырынча Кытайда кишинин башын алмаштыруу операциясы тууралуу расмий билдирүү жасала элек.

Кол кармашып, шарап ичкен туристтер Дубайда камакка алынат

New York Times гезити Дубай шаары дүйнөдөгү туристтерди тарткан ири калаа болгону менен, шарияттын мыйзамдарын так сактаганы үчүн анда чет элдиктерди камакка алган учурлар көп кездешерин жазат. Дубайда көчөдө кол кармашууга, шарап ичүүгө, социалдык тармактарда түлкү аңчылыгын токтотуу максатында кайрымдуулук үчүн жардам сурап кайрылууга, никесиз эркек-аялдын мейманканада бир бөлмө алуусуна тыюу салынган. Бирок Дубайда кумсалардын клубдары, Чыгыш Европадан барган сойкулар ачык иштеген жайлар да бар. Зомбулукка учураган кумса же сойку арыз менен кайрылса, бийлик алардын өздөрүн камап коюшу толук ыктымал. Зордукталган аял бейнике байланышка барды деп айыпталган учурлар да кездешет. Британиялык укук коргоочу Радха Стирлинг Дубайда соттолгон Батыш жарандарын коргоп келет. Маселен, 27 жаштагы шотландиялык электрик Хэррон эркек кишини жөөлөп кеткени үчүн, англиялык 23 жаштагы Жамил Ахмед Мукадам дубайлык айдоочуга ортоңку манжасын көрсөткөнү үчүн камакка алынып, алты ай абакта отурган. Түштүк африкалык Эмилин Калвеуер аттуу турист украиналык сүйлөшкөн кызынын ичи ооруп, ооруканага кайрылышканда, кыз кош бойлуу экени аныкталып, экөө тең никесиз байланышы үчүн камалышкан. Бул сыяктуу мисалдар макалада арбын жазылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.