Путин Рамзан Кадыровдон эмнеге сестенет?

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Чеченстандын ажосу Рамзан Кадыров.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (14-21-август).

Чеченстандын күчтүү, бетке айткан, каалаганын кара күчү же акчасы менен багындырган лидери Рамзан Кадыровдун аброю популисттик авторитаризмге бет алган азыркы Орусияда барган сайын өсүүдө деп жазат New York Times гезитине талдоочу Екатерина Сокирянская. Путин менен Кадыровдун окшоштук жана айырмачылыктарына токтолуп, эмнеге Орусиянын колунан баары келген лидери Владимир Путин Рамзан Кадыровду ар дайым баалап-барктарына, ал тургай андан сестенип турарына сереп салат.

"Айрым сынчылар азыр Путин Кадыровдон коркот дешет. Анткени чечендердин лидерине каршы чыгуу өлкөдө кезектеги согушту тутантышы мүмкүн. Орус ажосу мындай согушту каалабайт. Ал эми өлкөсүн бычактын мизинде кармап, өз жакындарына эбегейсиз байлык топтогон Кадыровдун Кремлдин федералдык жардамы болбосо, Чеченстанды башкаруусу татаал. Ушундан улам Кадыров ар дайым Путинге жанымды берүүгө даярмын десе, Путин чечен өнөктөшүнүн өлкөсүндө өскөн аброюна көз жумуп келет. Кремл менен Грозныйдын мамилеси ийне жибине чейин эсептелген. Бирок чечен-орус бийлигинин ысык ымаласы орус коомчулугундагы айрым улутчулдардын ачуусун келтирип, ксенофобияны өрчүтүүдө. Кокус өлкөдө атуулдук кагылышуу чыкса, Путин-Кадыров биримдиги аны токтотуунун чоң кепилдиги болот", - деген пикирде Сокирянская.

Туристтерге каршы күчөгөн террор чабуулдары

Австрияда чыккан Der Standard басылмасы акыркы айларда дүйнөдө болгон террордук чабуулдардын көбү коргонууну ойлобогон бейкапар саякатчыларга багытталганын баяндады. "Барселонада эл көп жана жөө баскан Рамбла көчөсүндөгү чабуулда террорчу өзүнө көп сандагы курмандык издеген. Бул жер туристтер байырлаган район болуп саналат. Ницца, Лондон же Берлинде саякатта жүрүп эле ушундай чабуулга кабылбайсың деп эми эч ким кепил боло албайт. Ар бирибиздин башыбызга келчү кырдаал. Террордон коркуп эми саякатка чыкпай калабызбы? Эл көп чогулган жерден кача баштайбызбы?", - деген автор Александра Фёдерль Шмидт туристтерди кадыресе жашоосун улантууга чакырып, коркпой саякатка чыга берүүгө үндөйт.

Жакырлар митингге чыкпайт

Newsweek журналына коомчулуктун орто кирешеси бар катмары ар кандай нааразылык акцияларына чыгары, ал эми абдан жакыр эл митингдерге катышпастыгы тууралуу илимий изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты. Анын авторлору, Гонконг университетинин окумуштуулары Хен Чен жана Уинг Суен 1994-жылдан 2007-жылга чейин 78 өлкөнүн тургундарын иликтешкен. "Кандайдыр бир өлкөдө кайсы бир саясий режимди ооздуктоо үчүн коомдун жакыр катмары нааразылык акцияларына чыгышпайт. Анткени алар келечекке пессимисттик көз карашта болушат. Ал эми орто кирешелүү калк режимди кулатуудан упай топторуна ишенген оптимисттик мүнөзгө ээ", - деп баяндалат изилдөөдө. Окумуштуулар сурамжылаган абдан жакыр социалдык катмардын болгону 20 пайызы саясий абалды өзгөртүүнү көздөп, митингдерге катышканы менен баары бир алдакандай болот деп, эртеңкиден ишенимсиздигин билдиришкен.

Ооганстанда эстрада жылдызынын концерти чуу менен коштолду

Теги ооган, Лондондо жашаган эстрада ырчысы Арияна Сейид 19-август - Ооганстандын көз карандысыздык күнүнө карата Кабулдагы Гази аянтында 10 миң кишиге кайрымдуулук концертин койгусу келген. Бирок бул ою ага каршы чыккандардын айынан ишке ашпай, ырчы концертин мейманкананын залында тартуулады деп кабарлайт Washington Post. Батышта жашап, ачык кийинип жүргөн Ариянанын ырлары Ооган телеканалдарынан берилбейт. Көрүүчүлөр аны Интернеттеги Ютуб жана социалдык медиа аркылуу таанышат. Жакында эле Парижде денесине чап жабышкан көйнөк кийип чыгып, ооганстандыктардын катуу сынына кабылгандан кийин ал көйнөгүн өзү өрттөгөн видеосу жарыяланды. "Тынчтык концерти" тууралуу жарыя берилгенден тарта ооганстандык социалдык медиа колдонуучулар экиге бөлүнүп, айрымдар Ариянанын Кабулда концерт коюшу моралдык нормаларга туура келбейт десе, аялдардын эркин жүрүүсүн колдогон жаштар анын билеттерин белгиленген 3 долларга эмес, 12 долларга чейин сатып алышкан. Бирок концерт башталар алдында аны болтурбоо аракетин көздөгөндөр менен полиция, Ариянанын күйөрмандары ортосунда катуу кайым-айтышуулар болду. Бийлик өкүлдөрү массалык кыргын болуп кетеби деген кооптонуудан улам ырчынын борбордук аянтка чыгуусуна тыюу салышты. Мейманкана залында болгон концертке каршы чыккандардын жаалданган чуусуна карабай, жүздөгөн жаш жигит-кыздар ооган ырчысынын өнөрүн көрүп кайтышты деп жазат The Washington Post.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.