Жаш лидер Саудиянын ислам саясатын өзгөртөбү?

Ханзаада Мухаммед бин Салман.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (31-июль - 6-август).

Сауд Арабиясындагы 64 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан Ибн Сауд династиясынын 81 жаштагы падышасы Салмандын 31 жаштагы уулу Мухаммед бин Салман жакында тактынын мураскери деп жарыяланган. Жаш ханзаада бийликке келсе, өлкөнүн 40 жылдан бери уланып келе жаткан диний саясаты өзгөрөбү деген суроого Wall Street Journal басылмасы жооп издеген. Саудиянын бийлиги салафизмди колдогон программасын дүйнөдө ийгиликтүү ишке ашырууда. Жылына дүйнөнүн чар тарабындагы имамдарга жана мечиттерге төрт миллиард доллар каражат жумшайт.

"Бул программа радикал мусулмандардын көбөйүүсүн шарттап, паранжы жамынган, узун сакал койгон жана салттуу араб кийимин кийгендердин санын көбөйткөнүн байкай алабыз. Саудиянын программасы террорчулукту окутпайт жана экстремисттик уюмдарды колдобойт. Бирок "мусулмандар жамааты" делген батышка терс көз караштагы коомдун өнүгүүсүн шарттады" деп айтылат макалада.

Ошондой эле анда Вашингтон Саудияга Индия менен Индонезияда салафизмди каржылоону токтотууну сунуштоосу керек деп белгиленет. Бул эки өлкөдө дүйнө мусулмандарынын төрттөн бир бөлүгү же 400 миллион адам жашайт. Эгерде Индия менен Индонезия ислам жаатында мыкты үлгү болуп берсе, жалпы мусулман дүйнөсү экстремизм менен кагылышуулардын ордуна исламды тынчтык жана өнүгүү менен жаңылоо жолуна түшмөк деген пикирин жазган Израилдеги Бар Илан университетинин окумуштуусу Макс Сингер.

Климаттык өзгөрүүдөн Борбор Азия да жапа чегүүдө

Нарындагы Борбор Азия университетинин окумуштуусу Стефанос Ксенариос The Diplomat аналитикалык журналына акыркы мезгилде чөлкөмдө арбыган табигый кырсыктардын себептерине байланыштуу атайын маек курду.

"Кыргызстан менен Тажикстан дүйнөдөгү эң бийик тоо кыркаларында жайгашкандыктан, жаратылыш апааттары тез-тез кайталанып турат. Геофизикалык шарттар жана континенталдык климат да буга өбөлгө болууда. Совет учурунда кырсыктарды алдын алыш үчүн атайын камдалган инфраструктура болгон. Держава таркагандан кийин жагдай аябай эле начарлады. Ошентсе да бийик тоолордогу микроклиматты байкоого алып, кырсыктардын алдын алууну туура пландаса болот. Кыргызстан глобалдык климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүүдө чоң роль ойной албаса да Европа Биримдиги, Жапония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн технологиясын пайдаланып алдыга жыла алат", - деген профессор Арал деңизинин кийинки тагдыры тууралуу да ой бөлүшкөн. Борбор Азияда дыйканчылык жашоонун өзөгү болгондуктан, соолуган Аралды кайра толук толтуруу мүмкүн эмес деген пикирин айткан.

Сыналгынын ордун Ютуб ээлейби?

Жапониянын Asia Nikkei журналы акыркы мезгилде сыналгыдан берилген жарнамалар эмес, Ютуб каналындагы кыска видеолор абдан популярдуу болгондуктан, бизнести дүйнөлүк желеден өнүктүргөндөр арбыганын жазды. Мисал катары Жапониядагы "Томи" аттуу оюнчук чыгарган компаниянын "Хетчималс" деген жумурткаларын келтирет. Ютубга жумуртканы жарып, ичиндеги оюнчукту көрсөткөн видеону жайгаштыргандан кийин бир жайдын ичинде эле 200 миң даана оюнчук сатылган. Эми "Томи" компаниясы жыл аягына чейин жарым миллион "Хетчималс" жумурткасын сатууну көздөөдө. Сыналгыдагы жарнамалар 20-30 секунддук эле болгондуктан, кандайдыр бир товарды толук көрсөтүү мүмкүн эмес. Смартфон жана планшеттер заманбап жашоонун айрылгыс бөлүгү. Адамдар сыналгыга караганда жазы экрандуу, чакан смартфонду оңой колдонот дейт басылма.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.