Азияда алтын тиш модадан калды

Тиштери жалаң алтын цыган аял.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (24-31-июль).

Германияда чыккан Die Welt басылмасы мурдагы Советтер Союзунун Кыргызстандан Кавказга чейинки аймагында ооз толтура алтын тиш салдырган мода болгонун жазды.

СССРдин курамына кирген Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө алтын тиштүү адамдар коомдо материалдык деңгээли жогору катмар катары бааланчу. Маселен, азыр Орусияда үй тазалоочу компаниялардын биринде иштеген кыргызстандык 42 жаштагы Зарифа Хасанова төрөттөн кийин тиши начарлаганда, 2004-жылы алтын тиш салдырган. Ал тургай советтик адамдар алтын тишке абдан кызыккандыктан, кээде каза болгон ата-энесинин оозундагы тиштерин чыгарып өзүнө салдырган учурлар болгон. Советтер Союзу таркагандан кийин деле алтын тиш коомдогу бардарлыктын белгиси катары бааланчу. Дагы бир кыргызстандык 35 жаштагы Фатима Казакбаева 18 жыл мурда каза болгон чоң атасынын алтын тишин, соо эле тиштеринин ордуна салдырган. Тиштер кээде мурас катары ушинтип колдон колго өтүп турган. Анын үстүнө керамика адам организмине зыяндуу, алтын пайдалуу деген түшүнүк да бул аймакта калыптанган. Бирок бул модага Түркмөнстанда ыраматылык Түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун бир гана сөзү чекит койгон. Бир ирет ал маңдайкы эки алтын тиши жаркыраган студент кызды көрүп калып, жөн эле ак тиш жакшы экенин, кыздын тиштерин тез арада жеке стоматологу Гурбангулы Бердымухаммедов алмаштырып берерин айтары менен чөлкөмдө массалык түрдө алтын тиштерди алмаштыруу башталган деп жазат Die Welt.

Улуттар Уюмунда коррупция чыры

Кытайдын миллиардери Нг Лап Сенг Бириккен Улуттар Уюмунун дипломаттарына жүз миңдеген доллардык пара берген деп айыпталып, Нью-Йорк прокурору аны 60 жылга абакка кесүүнү сурап жатканын Financial Times гезити жазды. 69 жаштагы Лап Сенг Макаодогу "Азия Женевасы" долбоорунун курулуш иштерин колго алыш үчүн 2012-жылы БУУнун генералдык ассамблеясынын президенти, антигуалык дипломат Жон Эшке аны колдоо сунушу менен кайрылган. 2015-жылы Жон Эш кытайлык байдан 1,2 миллион доллар пара алды деп айыпталгандан бир ай өтпөй өз үйүндө кырсыктап көз жумган. Эл аралык абройлуу уюмдун дагы бир дипломаты, Доминикан Республикасынын БУУдагы мурдагы элчиси Франциз Лоренцо 2010-жылы башталган бул коррупциялык схемага өбөлгө түздү деп айыпталууда. Макаодогу БУУнун "Чыгыш ЭКСПО" аттуу ири курулуш долбооруна кириш үчүн кытайлык миллиардер Лоренцого айына 30 миң доллар пара берип турганы аныкталган. Азыр миллиардер Нью-Йорктун Манхэттен районундагы кымбат батиринде үй камагында отурат.

Карызга баткан жубайлар өз жанын кыйды

Нью-Йорк шаарынын тургундары, жубайлар карызын төлөй албай, көп кабаттуу үйдөн чогуу секирип каза болгонун New York Post гезити кабарлады. Элүүдөн жаңы ашкан Гленн Скарпелли менен Патриция Коланттын сөөгү 28-июлдун таңында Нью-Йорктун Мюррей Хилл аймагынан табылды. Алар тогузунчу кабаттан боюн ташташкан. Чөнтөгүнө желим баштыкка оролгон өлүм алдындагы катта абдан жакшы өмүр сүрүшкөнүн, бирок акыркы мезгилде карызга белчесинен батып, каржылык кыйынчылыктарды көтөрө албай калышканын билдиришкен. Каза болгон Гленн Скарпелли медицинанын хиропрактика тармагында эмгектенчү. Алардын аркасында 19 жана 20 жаштагы уул-кызы калды. Жубайлардын карызын айрымдар 23 миң доллар десе, кээ бир достору 232 миң доллардан ашып кеткен дешүүдө. Карызын төлөй албай калышканда абдан чоң суммадагы айыппулдарга да жыгылышкан. Скарпеллинин ден соолукту чыңдоочу борбору каржылык кыйынчылыктан улам жабылып калган экен.

Диний ишенимге бекем адамдар ашыкча сезимтал болушат

Independent гезити диний ишенимге берилген адамдар абдан эмоционалдуу жана жеке көз караштарынан оңой менен кайтпаган өжөр келишерин жарыялады. Огайо университетинин окумуштуулары 900 кишини сурамжылоого алышып, алардын диний ишенимин жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн талдашкан. Динге берилгендер бир маселени талдап билүүдө бейтарап ой жүгүртө албай, догмалардын курчоосунда калары белгилүү болгон. Айрыкча бир нерсеге ишенип алгандан кийин анын моралдык жүгүн аңдай албай чечим чыгарган адамдардын көбү динге ашыкча берилгендер экени маалым болду. Ушундан улам террорчулар өз аракеттерин моралдык этиканын туу чокусу катары көрүп, жасаган катачылыгын ыйык нерсени коргоо катары кабылдарын илимпоздор белгилешет. Байкоого христиан, индуизм, буддизм, иудаизм жана ислам сыяктуу 19 диндин өкүлдөрү жана атеисттер катышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.