Жапонияда маркумдар үчүн мейманкана ачылды

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-июнь - 2-июль)

Кремлдин уулуу саясаты

Forbes журналына орусиялык оппозициячыл саясатчы Владимир Карамурзанын Кремлдин ууландырган саясаты тууралуу көз карашы жарыяланды. "Башар Асаддын сириялыктарды зарин газы менен массалык ууландыруусунан айырмаланып, Орусия бийлиги ага каяша кылгандарды бирден ууландырганга маш.

1978-жылы болгариялык диссидент Геогрий Марковду Лондондо Коммунисттик партиянын жашыруун тыңчылары кол чатыры менен ууландырган. Бул кылмыштын бети ушул күнгөн чейин ачылбай келет.

2006-жылы болсо Александр Литвиненко да Лондондогу мейманканада ууланып, британ полициясы кылмыштын түйүнүн чече элек. Англия жергесиндеги Кремл ууланткан дагы бир кишинин өлүмүнө байланыштуу соттук угуулар эмки айда башталганы турат. Сергей Магнитскийдин чуулгандуу ишине байланышы бар делген, таанымал банкир Александр Перепелечный 2012-жылдын ноябрында Лондондун Саррей аймагында көз жумуп, анын ашказанынан гельземимум аттуу уулуу зат табылган", - деген автор Орусияда ууланып каза болгон "Новая газета" басылмасынын редактору Юрий Щекочихин, Владимир Путиндин мурдагы өнөктөшү Роман Цеповду да эскерген.

"АКШ Орусиядан чочулабасын"

Британияда чыккан The Conversation журналына Кошмо Штаттар Орусияга карата өтө эле аша чапкан саясат жүргүзүп жатканы тууралуу Рональд Санинин баяндамасы жарыяланды.

"Гэллоптун сурамжылоосуна караганда, америкалыктардын көбү Орусияны эң башкы коркунуч катары көрүшөт. Бул держава АКШны багындыруу саясатын көздөгөн ири күч болгондой элестетишет.

Тарыхка кайрылсак, СССР кулагандан бери Орусия мурдагы таасирин жоготконун байкайбыз. АКШ менен салыштыра келгенде Орусия абдан эле алсыз өлкө. Кошмо Штаттары коргонууга 600 миллиард доллар каражат бөлсө, Кремл анын 10 пайызын гана аскерий максатка жумшайт. Американын коргонууга жумшаган акчасы дүйнөнүн сегиз ири өлкөсүнүн аскерий бюджетине барабар. Орусиянын экономикасы Америка, Европа жана Кытайдын чаңында эле калат. Салыштыра келгенде Италиянын экономикасы менен бирдей деңгээлде. Барак Обама Орусияны "аймактык лидер" деп баалаган. Владимир Путин болсо Американы "глобалдык гегемон" деп ойлойт", - деп жазат Мичиган университетинин окумуштуусу Рональд Сани.

АКШ менен Орусия Сириядагы режим боюнча бир пикирге келе албаса да, экөө тең "Ислам мамлекети" террордук уюмун жок кылуу максатын көздөйт. Аны ишке ашыруу үчүн эки чоң держава эки башка күчтү тандап алышты. Орустар Башар Асад менен иштесе да баары бир АКШдай эле сириялык күрттөргө колдоо көрсөтүшөт. Кансыз согуш учурунда эки өлкө Европада таасир талашына түшкөн эле. Кандай болгон күндө да, Орусия баары бир Европага коңшу жайгашкандыктан, аймактагы таасири Кошмо Штаттардан баары бир күчтүү болорун эске алуу керек" деген көз карашын ортого салат тарых илимдеринин профессору Рональд Сани.

Маркумдар үчүн мейманкана

New York Times гезити Жапонияда маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча каада-салттык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарган атайын мейманканалар пайда болгонун маалымдайт.

Жапон эли барган сайын картайып, өлгөндөрдүн саны да өсүп жатат. Мурдагыдай кошуна, тууган-уруктар менен бир нече күнгө созулган, көп чыгымды жана салтанатты талап кылган акыркы сапарга узатуу зыйнаттары азаюуда.

Буддизм дини боюнча маркумдун сөөгү өз үйүндө жакындарынын жанында бир нече күн тургандан кийин кремацияланышы керек. Бирок маркумду узатууга келгендерди коноктогондон качкан жапондор үчүн эми атайын мейманканалар ачылды.

"Итаи Хотеру" деп аталган мейманканаларга өлгөн кишинин сөөгү табытка салып жеткирилип, бир бөлмөгө коюлуп, ага коңшу бөлмөгө маркумдун жакындары бир нече жашап, аза күтө алышат. Ошондой эле дос-туугандарын да мейманкана кызматкерлери коноктоп узатат.

1980-жылдары Жапонияда "эл эмне дейт" деген сөздөрдөн улам маркумду акыркы сапарга узатуу өтө чоң салтанат жана чыгымдар менен ишке ашчу. Калкы картайган сайын Токио, Осака сыяктуу ири шаарларда мүрзөлөр кичирейип, салттар да кыскара баштады. Мейманканалар маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча бардык ишти аткарышат.

Жылына Жапонияда 1 миллиондон ашуун киши көз жумат. 2040-жылга чейин 1,7 миллион киши каза табары божомолдонгон. Алардын баарын ашыкча чыгым менен үйдөн узатуу жөрөлгөлөрү атайын мейманканалардын көбөйүүсү менен жоюлары бышык. Анын үстүнө калктын жапырт урбанизациясы да мурдагыдай коңшу, дос жана куда-сөөк катышын кыскартып жатканын жазат New York Times.

Эт жебегендер үчүн бейиш

Британ баш калаасындагы борбордук көчөлөр бара-бара жашылча-жемиш гана саткан дүкөндөрдүн борборуна айланып бара жатканын Evening Standard гезити кабарлады.

Лондондун Фулам аттуу районунун башкы көчөсүндө эт азыктары таптакыр сатылбай, жалаң жашылча-жемиш саткан супермаркет жана дүкөндөр иштеп жатат.

Ресторандар, кафелер да бул өнөктүктөн артта калбаш үчүн эттүү тамактарды жасоодон баш тартышууда. Вегетариандык кыймыл Лондондо ыкчам өнүгүп жатканын ишкерлер билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.