Ошентип, АКШнын 45-президенти Дональд Трамп ант берип, кызматына киришти. Ал Ак үйдүн босогосун аттары менен союздаштары жана өлкө ичинде кооптонуу жана ар кандай багыттагы ой-пикирлерге жем ташталды. Foreign Policy журналы мына ушундай ой-пикирлерди жана Трамптын алгачкы салтанатынан байкаган кызыктуу учурлардын тизмегин жарыялады. “Сөөктөн өткөн суук жамгыр жана караңгы тарткан асман алдында АКШнын 45-президенти Дональд Трамп "Эң биринчи - Америка" деген ураанын кайталап, башканы коюп, америкалыктардын гана мүдөө-талаптарын аткарууга убадасын берди. Кыймылсыз мүлк сатып байыган олигарх жана шоумендин 16 мүнөттүк алгачкы сөзүндө мурдагы президенттердин ынтымак, биримдикке үндөгөн кайрылуусунун жыты да болбоду”, - деп жазат аталган журнал. 2009-2013-жылдардагы Барак Обаманын ант берүүсүндөгүдөй эл топтолбогонун, салттуу азем тек гана мурда калыптанган жөрөлгөлөрдү ишке ашырганын, чогулган элди толкунданткан учурлар болбогонун белгилөө менен Трамптын ант берүүсү АКШнын булуң бурчунда массалык башаламандык менен коштолгону айтылат. Чикагодон Вашингтонго каршылык көрсөткөнү барган Кристофер аттуу жаран “Менин президентим эмес” деген ураанды көтөрүп турду. Ал Владимир Путин инаугурацияга келет деген имиштен улам атайын Вашингтонго ат арытып келгенин айтып: “Үнүмдү угушсун! Путин болбосо Трамп азыр президент болмок эмес. Өлкөмдү дагы бир Путин башкаруусун каалабайм”, - деди. Бирок Пенсильванияда жүрүшкө чыккандардын арасында Трампты колдогондор да болду. Алар башка өлкөлөрдүн маселелери менен алпурушпай, эң биринчи кезекте Американы оңдойм, Американын кызыкчылыгы баарынан жогору деген Трамптын сөздөрүн кайталап, толкундана кыйкырып жатышты.
Былтыр ноябрда Франциянын АКШдагы элчиси Жерар Аро Трамптын жеңишинен кийин “дүйнө көз алдыбызда бытырай баштады” деп жазганы менен ант берүү аземине баары бир катышты. Буенос Айресте чыккан Herald басылмасы: “Терең дем алгыла, бул чын эле болуп жатат”, десе Британиянын Guardian гезити: “Бул киши эми эмне кыларын чын эле билбейбиз”, - деп жазып чыкты.
Азиянын көргөн күнү эмне болот?
Жапониянын Asian Nikkei Review журналы Дональд Трамп бийликке келгенден кийин Азия менен АКШнын байланышы солгундайбы деген суроого жооп издеген.
“Эгерде Трамп шайлоо алдындагы убадасын аткарса, анда Азия менен байланыш начарлайт деген кооптонуу бар. Бирок ал бизнесмен. Ар дайым пайда табуунун жолун издеген киши байланышты бакылдап айткан сөзүндөй кесип койбостур”, - дейт журналдын аналитиги. Жаңы АКШ лидеринин убадасынын бири чет жактагы ишкана, компанияларды АКШга кайтарып барып, өз мекенинин пайдасына жаңы иш орундарын түзүү эле. Кокус бул ишке ашса анда Кытай, Жапония сыяктуу ири соода майдандары сөзсүз жабыркайт. Ал айткандай инфраструктураны жакшыртуу, АКШда жашоо стандартын өнүктүрүүгө гана багытталса соодага кесепети тийбей койбойт. Азиянын экономикасына кылымдар бою соода гана түркүк болуп келет. АКШдагы протекционизм күчөп кетсе кыйын кезеңдин башы кылыйары толук ыктымал деген көз карашты жазды Asian Nikkei Review басылмасы.
АКШ жарандары качкынга айланабы?
Washington Post гезитинин аналитиги Адам Тейлор 1975-жылдан бери үч миллиондой качкын Кошмо Штаттарынан баш калка тапканын, бирок азыр кырдаал өзгөрүп, АКШдан качкандардын саны көбөйө баштаганын байкаган. Жаңы президент жараткан саясий туруксуздуктан улам былтыр Европага жер которгон АКШ жарандарынын саны бир кыйла көбөйгөн. Америкалыктар баш паанек издеген өлкөлөрдүн сап башында Канада турат. Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча комитети 2015-жылы 150дөй АКШ жараны Европа менен Британиядан жаңы журт издегенин маалымдады. Ал эми Канадада жашагысы келгендер былтыр 170тей болгон. Качкандардын көпчүлүгүн Эдвард Сноудендей саясий качкындар, ошондой эле көбүнесе үй-бүлө зомбулугунан жабыр тарткан аялдар менен кара түстөгүлөр түзөт. Сирия жана Ирактан журт которгондор тынч, бакубат жашоо издесе, АКШ качкындары туруктуулукту эңсейт деген пикирде Адам Тейлор.
Догдурду опузаласаң кесепети жаман болот
Франциянын Slate.fr онлайн басылмасы догдурга жакшы мамиле кылбаган бейтап ден соолугунан ажырап калышы ыктымал экенин маалымдайт. “Догдурду жемелөө, кемсинтүү менен адистик ката кетирүүсүнө чоң шарт түзүлөт. Израилдеги 39 балдар ооруканасында жүргүзүлгөн изилдөө ушундай жыйынтык чыгарды. Балдардын реанимация бөлүмүндө иштеген дарыгер жана медайымдар бейтаптын жакындарынан жаман сөз укканда ишин жакшы аткаралбай калган”, - деп жазат басылма. Мындан мурдарак Флорида университетинде да изилдөө болуп, бейтаптардын агрессиясы доктурлардын катасынын 40 пайызына себеп болорун аныкташкан.