New York Times гезитинде Светлана Савранская жана Томас Блентондектин “Горбачевдун акыркы телефон чалуусу” аттуу макаласы жарык көрдү.
Макалада 1991-жылдын 25-декабрында СССР расмий таркады деп жарыяланардан эки саат мурда советтик лидер Михаил Горбачев менен Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштун сүйлөшүүсү берилди.
“Буш менен Горбачев СССРдин кан төгүүсүз таркап кетүүсүн каалашкан. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы аймактык чыр-чатакты да токтотууну көздөп жатышкан. Советтер Союзунун башында турган учурунун акыркы сааттарында Горбачев Бушка: “Алгач сизди жана үй-бүлөңүздү бүгүнкү Рождество майрамы менен куттуктайм. Эки сааттан кийин Москвада элге кайрылуу жасап, СССР таркаганын расмий жарыялайм. Ошондой эле кызматымдан да кетем. Бирок бир өтүнүчүм бар. Мындай чоң мамлекет талкаланып, бөлүнгөндөн кийин майда өлкөлөрдүн дүйнөгө кошулуусу оңой болбойт. Бөлүнүү мындан дагы курчуп кетпешине салым кошушуңуз керек. Республикалардын өз алдынча жашап кетүүсүнө экөөбүз тең көмөктөшсөк жакшы болор эле”, - деп, Алматыда кол коюлган өзөктүк куралдануу жана Минск келишими бузулбастыгына кепилдик сураган.
Жорж Буш өзөктүк куралдар боюнча келишимдер күчүндө турарын, ошондой эле көз карандысыз республикаларга колдоо көрсөтөрүн айткан. Тынчтыкты сактоодогу жасаган аракеттери үчүн Горбачевго ыраазычылык билдирген”.
Аягына чыкпаган процесс
Foreign Policy журналы Советтер Союзунун таркаганынын 25 жылдыгына карата дүйнөдөгү белдүү саясий талдоочулардын анализдерин жарыялады.
Сергий Плохий, Билл Браудер, Дмитрий Тренин, Наргис Кассенова жана башка бир нече аналитиктер эмне үчүн СССРдин элеси дагы деле жоголбой келе жатканына сереп салышат.
“1991-жылы 15 өлкө өз алдынча болуп, Кансыз согуш, өзөктүк куралдануу аяктап, эркин базар экономикасы башталган. Ааламдашуунун таасири менен СССРдин республикалары болуп көрбөгөндөй тез мезгилде мутацияланып кетишти. Аймакта автократтар өсүп чыгып, коррупция кулач жайды. Ал арада Кансыз согуштагы геосаясий кастык кайрадан баш бакты. Москва менен Вашингтондун ымаласы дал ошол советтик доордогу деңгээлге түштү. Жаңы өлкөлөрдүн пайда болуусу улутчулдуктун күчөшүнө, авторитаризмдин гүлдөшүнө шарт түздү”, - деген Foreign Policy жогоруда аты аталган бир нече илимпозго СССРдин талкалануу себебин сурап кайрылган.
Гарвард университетинин профессору Сергий Плохий: “Советтер Союзу азыр да талкаланып жатат. Михаил Горбачев кызматынан кеткенде башталган бул процесс такыр бүтпөй койду. Советтик дезинтеграциянын бүтө электигине Украина, Приднестровье, Абхазия, Түштүк Осетия, Тоолуу Карабактагы чатактар анык мисал”, - десе, Hermitage Capital Management компаниясынын башкы директору Билл Браудер Батыш Орусияны таназарга албагандан улам ал Советтер Союзунан да коркунучтуу бир затка айланды деген пикирде.
Казакстандын Башкаруу, экономика жана стратегиялык изилдөөлөр институтунун окумуштуусу Наргис Касенова болсо Борбор Азия өлкөлөрү "Орусиянын колониясыбыз" деген түшүнүктөн арылып, өз өлкөсүнө байланыштуу чечимдерди көз карандысыз кабыл алчу учур жеткенин айтат.
Борбор Азия диктаторлоруна Трамп жакты
Asia Times басылмасында кыргызстандык журналист Чолпон Орозобекованын АКШнын жаңы шайланган президентине байланыштуу аналитикалык макаласы жарыяланды.
“Борбор Азиянын лидерлери Дональд Трамптын жеңишин жылуу кабыл алышты. Буга Владимир Путиндин Трампты колдоосу да себеп болгондой. Трамп менен диктаторлор оңой тил табыша алышчудай. Анын мурдагы тышкы саясат боюнча кеңешчиси Картер Пейж Москвада "Кошмо Штаттары Орусия, Кытай жана Борбор Азияда демократия деп, теңсиздик, коррупция менен күрөштө жана режимди өзгөртүүдө аша чаап кеткен" деп айтканы бар. Бул сөздөр Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлерине майдай жакты. Трамп үчүн демократия баш оору болбочудай. Ал ишкер болгондуктан эми экономикага көбүрөөк басым жасайт окшойт”, - деп жазат Орозобекова.
Фейсбук адамды бактысыз кылат
Фейсбук социалдык тармагына байланыштуу Копенгаген университетинде миңден ашуун кишинин катышуусу менен атайын изилдөө жүрүп, натыйжада анын адам саламаттыгына зыян экени аныкталганын жазат Independent гезити.
Илимий изилдөөгө катышкандардын жарымы аялдар болгон. Алар Фейсбуктагы башкалардын бактылуу, ийгиликтүү жашоосун көргөн сайын маанайы түшүп, психологиялык жактан жабыр тартышары аныкталды.
“Күн сайын адамдар бул тармакка өтө көп убактысын сарптап жатышат. Албетте байланыштын туу чокусуна чыктык. Бирок мындан адамдын руханий саламаттыгы оңолдубу? Жок, тескерисинче, Данияда сурамжылоого катышкан аялдардын 86 пайызы соцтармактагы башка сулуу, ийгиликтүү аялдарды көргөн сайын кыйналары белгилүү болду”, - дейт изилдөөнү жүргүзгөн даниялык илимпоз Мортен Тромхольт.