The Washington Post гезитинин Москвадагы талдоочусу Давид Филипов Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын окшош жактарын санап, АКШ президенти казак эл башчысынан өрнөк алса болорун жазды. “Экөө тең өз аттарын даңазалаганды жакшы көрөт. Маселен, Трамп сүлгүгө, этке, университетке, 75 долларлык шарап шишесине өз атын койдурган. Назарбаевдин атынан улуттук майрам негизделип, акчага сүрөтү түшүрүлүп, парламент өлкө борборунун ысымын Назарбаев деп которууну сунуштоодо. Бирок казак президенти өз атын шаарга коюу демилгесин четке какты. Ал эми АКШ Конгресси Вашингтонду "Трамп Ди Си" деп өзгөртүүнү кааласа, андан Дональд мырза баш тартат беле, ким билет? Эки лидердин мамилеси жылуу башталды. Казак мамлекет башчысы Трампка өзү телефон чалып, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
“1991-жылы өз алдынчалыкка жетишкен постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен көп улуттуу болсо да биримдигин бекем сактай алган дал ушул Казакстан болду. 25 жылдын ичинде бул өлкө болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетти”, - деген Трамптын алкоосун жана баасын казак президентинин басма сөз кызматы жарыялады. Эл аралык эксперттер Казакстандын өнүгүү жолуна түшүүсүнө Нурсултан Назарбаевдин ролу чоң деп келишет. Ошентсе адам укугун коргоочу уюмдар Казакстандагы саясий куугунтуктоолорду, шайлоодогу бурмалоолорду, карапайым калктын оор турмушу менен сөз эркиндигине болгон кысымды тынбай сындашууда”, - деп баяндайт Давид Филипов.
Саясатчылар сүйгөн референдум
Newsweek журналы “Эмнеге саясатчылар референдумду ушунча жакшы көрөт?” – деген суроого жооп издеген. “Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренцинин Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу менен өткөрүп жаткан референдуму ырчы Бритни Спирс айткан теорияны ишке ашыргандай. Бритнинин 2000-жылдары хит болгон “Oops I Did it Again” (“Кайра эле ушинттим”) деген ырын саясатчылар референдум менен улам кайталай беришет. Ренци Франциянын президенти Шарль де Голдун 1969-жылдагы референдум жолун кайталап жатат. Принстон университетинин окумуштуусу Жейсон Бреннан Британияда ишке ашкан Брексит референдумун калктын көпчүлүгү түшүнбөй эле калганын айтат. Батыш Европада 1800-жылдан бери жалпысынан 247 жолу кайра добуш берүү болгон. Эгерде бул статистикага Африка менен Американы кошсо, анда референдумдардын так санын билбей деле калабыз. Саясатчылар кыйын кезеңге кептелсе эле андан чыгууну референдумдан издеген көрүнүш дүйнөдө салтка айланып калгандай,” – деп жазат Newsweek.
Азербайжан: интернетте президентти кемсинткендер айыпка жыгылат
Азербайжанда өлкө башчысын интернеттен мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Eurasianet басылмасы маалымдады. 30-октябрдан тарта аалам тордон Илхам Алиевдин бейнесине кимдир бирөө шек келтирсе миң манат (570 доллар) айыппулга жыгылат же эки жылга камалат. Мурда да Алиевди сындагандар жазаланары маалымдалган эле. Андыктан аны жактырбагандар социалдык тармактарга жашыруун ат менен кире баштаган. Эми жашыруун ат колдонгондор да кармалып, 1500 манат (866 доллар) айыпка жыгылат жана эки жылга камалат. Азербайжанда 2013-жылы интернеттен бирөөнүн аброюна шек келтирүүнү Кылмыш кодексине киргизишкен.
Кытайлар "Титаник" кемесин кайра курушууда
Кытайда Титаник кемеси кайрадан курула баштады. 1912-жылы океанга чөгүп кеткен кемени кытайлык ишкерлер туристтик максатта кайра жасамакчы деп кабарлайт The Sun басылмасы. 52 310 тонналык кайык жүз жыл мурда кандай болсо ошондой курулат. Бирок ал туристтер менен эс алуучулар үчүн жасалгандыктан, сууда эмес, жер үстүндө гана турат. Долбоордун жетекчиси Су Шаоцин "Титаник" Кытай үчүн жеке эле англис маданиятынын бир бөлүгү эмес, жалпы дүйнөлүк мурас экенин айтат. 1997-жылкы легендарлуу "Титаник" тасмасынын дизайнери Куртиз Шнель кытайлык куруучуларга насаатчы болууда. Жеймс Камерон тасманы тартаарда кеменин 90 пайызынын гана макетин жасаткан.
2012-жылы австралиялык миллиардер Клив Палмер да кемени кайра курам деп, бирок долбоордун соңуна чыга албай калган. Ал эми кытайлык бизнесмендер гигант кайыкты курууга 150 миллион долларга жакын каражат сарптамай болушту.