Орус аткаминерлери кантип байыйт?

Игорь Шуваловдун А.Навальныйдан сатып алган менчик учагы

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-25-июль).

"Орусиянын эли каатчылыктан улам белин бекем бууп жатса, вице премьер-министри иттерин атайын менчик учак менен эл аралык көргөзмөгө жиберди. Орусияда бай болуш үчүн ишкер эмес, аткаминерлик ээр гана жетиштүү" деп жазат Германиянын Die Welt гезитинин аналитиги Эдуард Штайнер.

“Орусияда бай болуу үчүн сөзсүз түрдө эле ири ишкананын ээси болуу шарт эмес. Буга Игорь Шуваловду мисал келтирсе болот. Анын бийликтеги өнөктөрү менен офшордук компаниялардан тапкан кирешеси расмий маалыматтарда 2,7 миллион евро деп жүрөт. Менчик учактары менен дүйнөнү кыдырганды жактырат. Шуваловдун байлыгын дүйнө лидерлери менен салыштырсак, АКШ президенти Барак Обаманын кирешеси 2012-жылы 458 миң евро болгон, ал эми немис канцлери Ангела Меркель айына 16 миң евро айлык алып, анын 6 миңге чукулун салыкка төгөт. Франция президенти Франсуа Олланддын мүлкү 1,17 миллион евро деп бааланган. Кызыгы, орус саясатынан байыгандардын арасында аткаминерлер гана эмес, "кызыл тилдин" ээлери деле бар. Маселен, Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун кымбат баалуу кемеси, сааттары бар экендиги жалпы элге маалым”, - деп жазган журналист Штайнер.

Климаттын айынан 250 миллион киши жер которот

Испанияда чыккан La Vanguardia басылмасында көптөгөн өлкөлөрдө, айрыкча жакыр мамлекеттерде жер кыртышы улам кургап, чөлдүн аянты көбөйүп, суу запастары булганып, анын арты миллиондогон кишилердин качкын болушун шарттайт деген аналитикалык макала жарыяланды. "Демографтардын айтымында, азыркы тапта Европага багыт алган мигранттардын агымына салыштырганда бир нече жылдан кийинки качкындардын агымы селге барабар болот. 2014-жылы 19,3 миллион киши экологиялык апааттардан улам мекенин таштоого аргасыз болгон. 2010-жылдан бери Орусияда түшүм 30 пайызга, Украинада 18 пайызга кыскарды. Кургакчылыктын айынан 2006-2011-жылдары Сириянын айылдарындагы ачка эл калааларга агылган. Мындай кырдаал көп өлкөлөрдө атуулдук согушка жол ачышы ыктымал деп эскертет Германиянын Макс Планка институтунун директору Йос Лелифельд. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын көп аймагы жашоого мүмкүн болбой калат. Ошондо ал жактын 500 миллион тургуну качкынга айланат. Бириккен улуттар уюмунун эсеби боюнча, 2050-жылга чейин “экологиялык качкындардын” саны 250 миллионго жетет" - деп жазат La Vanguardia.

Бай кытайларда кайрымдуулук модага айланды

Economist журналы акыркы мезгилде бай кытайлардын арасында кайрымдуулукка акча сарптагандар арбыганын кабарлайт. “2010-жылы Билл Гейтс Кытайдын миллиардерлерин чогултуп, кайрымдуулук акциясын өткөргөндө көптөрү оолактап, акчасын чыгаргысы келген эмес. Кытайдын соода магнаты Жэк Ма да өлкөсүндө садагага акча берүү маданияты анча өнүгө электигин моюнга алган. Бирок алты жылдын ичинде акыбал өзгөрдү. Гарвард университетинин окумуштуулары акыркы жылдары акчалай кайрымдуулук кылган кытайлыктардын саны кыйла жогорулаганын байкашты. Айрыкча байлардын көбү окуу жайларга акча берүүнү модага айландырышууда. Кытайда азыр “демократиялык филантропия” деген адат айрыкча жаштар арасында өрчүдү. Мындай жөрөлгө “Алибаба” корпорациясынын ээси Жэк Ма 2014-жылы жылдык кирешесинин 2 пайызын, башкача айтканда 2 миллиард долларды кайрымдуулукка жумшагандан кийин да күчөй баштаган”, - деп жазат Economist.

Мусулман догдурлар Трамптын тарапташтарын дарылоого даяр

The Daily Beast гезити АКШнын Кливленд штатындагы мусулман дарыгерлердин журналисттерге жасаган кайрылуусуна сереп салды. Бул штатта шайлоо алдындагы жүрүштө президенттикке талапкер Дональд Трамптын колдоочулары менен анын каршылаштарынын ортосунда кагылышуу болгон. Андан жаракат алган Трамптын жактоочуларын мусулман догдурлар дарылашып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. “Кливлендде абдан көп мусулмандардын медициналык билими бар. Эгерде кандайдыр бир саясий көз караш үчүн ишибизди токтотуп койсок, анда аймактын саламаттыкты сактоо сектору бүлгүнгө учурап калбайбы”, - деген оюн гезитке билдирген медициналык технолог Исам Зайем. Ал Сириядан Кливлендге 1974-жылы барган.

Республикачылар партиясынын Огайо штатынын Кливленд шаарында 21-июлда өткөн курултайында миллиардер Дональд Трамп президенттикке талапкер катары ат салышууга расмий макулдугун берди. Дональд Трамптын мусулмандар тууралуу терс пикир айтып жүргөнү белгилүү.