Фейсбукка баласын чыгаргандар камалат

Иллюстрация

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-июль)

Франция бийлиги Фейсбукка баласынын сүрөтүн жүктөгөндөр юридикалык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин эскертүүдө. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазат.

Кызынын же уулунун кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн уруксатсыз жүктөп, элге жарыялаганы үчүн кийин балдары ата-энесин сот жообуна тарта алышат. “Кылмышкер” ата-энелер айып пулга жыгылып, ал тургай камалып кетиши мүмкүн.

Манчестердеги Метрополитан университетинин профессору Никол Уайттон The Guardian гезитине: “Ата-энелер жоопкерчиликти азыртадан сезиши керек. Социалдык медиа балдарды жарнамалап, алардын ар кандай кылыгын элге көрсөтүү аянтча эмес. Орто эсеп менен бир эне жылына баласынын 200 сүрөтүн эле жүктөсө, беш жашка толгончо миң сүрөт болот экен. Мультимедиа доорунда бул коопсуздук маселесин да жаратат”, - десе, Лондондогу экономикалык мектептин профессору Сония Ливингстон мультимедиа доору балдардын укугун бузбашы керектигин белгилейт.

Балдарын октон калкалаган эне

АКШнын Даллас шаарында болгон калабада төрт уулун октон калкалап, өзү оор жарадар болгон 37 жаштагы Шетамия Тейлор аттуу аялдын окуясы дүйнөлүк прессанын назарын бурду.

The Daily Beast гезитинин маалымдоосуна караганда, Тейлор төрт уулу менен расизмге каршы демонстрацияга катышып жатканда ок атышуу башталган. Ал уулдарын кучактап, тирүү калкан катары октон тосуп турган. Бир нече жеринен ок тийген энеге 8-июлда операция жасалып, дарыгерлер аны аман алып калышты.

Telegraph гезитинин аналитиги Тим Стенли АКШда расизмди жоймоюнча демократия да, тынчтык да орнобой турганын жазат. “Бейшемби күнкү калаба 1963-жылы президент Жон Кеннеди атылган жердин өзүндө болгону да кызык. Эми беш полиция кызматкери өлүп, бир нече киши жараат алып, өлүм менен күрөшүүдө. Афроамерикалыктар үчүн кылымдардан бери эле тынчтык орнобой келет. Кулчулук доорунун бүткөнүнө 150 жылдан ашса да расизм маселеси өлкөдө дале курч бойдонкала берүүдө. Проблеманын башкы өзөгү америкалык демократиянын расалык айлампадан чыга албаганында болууда. Бирок 50 жыл мурда жалаң гана каралар мунун курмандыгы болсо, заманбап расизм ак-караны ажырата албай калды”, - деген пикирде британиялык талдоочу Тим Стенли.

Борбор Азия саясатын Трамп кимден үйрөнөт?

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын кеңешчиси Картер Пейж Москвага иш сапары учурунда Американын Борбор Азияга карата жаңы саясий багыты болушу керектигин айтты. Бул билдирүүнүн маанисин Eurasinet басылмасынын баяндамачысы Жошуа Кучера талдады.

“Орусия менен Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрүнө карата саясаты өз ара сый мамилени сактоого багытталган. Мисалы, Шанхай кызматташтык уюмун түзүп, бул эки ири өлкө Борбор Азиянын чакан мамлекеттерин өзүнө теңтайлаштырууга аракет жасап жатышат. Ал эми Америка болсо “Башаламандык, зомбулук, династия” деген принципке таянууда. Демократиялаштырууга көп учурда ашыкча сын тагуу Борбор Азиянын саясатына дал келбейт”, - деген Пейж кандайдыр бир конкреттүү саясий багытты сунуштап, же Трамптын көз карашын билдирген жок. Дональд Трамп болсо кеңешчисинин айткандарына канчалык деңгээлде маани берери деле белгисиз экенин кошумчалайт Кучера.

Нидерланддын түрмөлөрү бош калды

Дүйнөдө абакта жаткан адамдардын саны 2015-жылы 20 пайызга өскөн чакта, Нидерландда абактар бош калып жатканы мамлекеттик көйгөйгө айланганын жазат The Washington Post гезити.

2011-жылдан 2015-жылга чейин эркинен ажыратылгандар 27 пайызга азайган. Кылмыш көрсөткүчү 0,9 пайызды гана түзгөн. Салыштырмалуу Финляндияда 100 миң кишинин 54ү түрмөдө, ал эми АКШда болсо 100 миң эркин адамга 693 кылмышкер туура келет.

Нидерландда бош калган түрмөлөрдү эми коңшу Норвегия менен Бельгиянын бийлиги ижарага алмай болду. Ал тургай айрым абак жайларын качкындар менен мигранттарга убактылуу баш калкалоочу үй катары да берип жатышат. Бир камера эки же төрт киши жашоого ыңгайлашып, жуунуучу жайы, дааратканасы жана дене тарбия залдары заманбап жасалгаланган.