Бенбери: Бюрократия БУУну жок кылат

Бириккен Улуттар Уюмунун желеги

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-20-март).

New York Times гезити Бириккен Улуттар Уюмунда көп жыл иштеген, бул уюмдун баш катчысынын орун басары болуп туруп, кызматынан ушул айда чегинген Энтони Бенберинин ыймандай сырын басып чыгарды. Бенбери 1990-жылдардан бери, башкача айтканда Гаитидеги же титирөө, Сребреникадагы тукум куруттан тарта эң акыркы Эбола көйгөйүнө чейин БУУнун кызматкери болуп турган. Бирок ал бул уюмдун ичиндеги бюрократия, кайдыгерлик сыяктуу кемчиликтерди ачык жазуу менен дүйнөгө тынчтык орнотуу миссиясын аткара албай Улуттар Уюму кыйраганы турат деген пикирин билдирди.

Уюмдагы эң биринчи чоң көйгөй - кызматкерлерди тандоодогу алешемдик. Маселен, бир кишини ишке алуу үчүн кеминде 213 күн убакыт коройт. Эбола оорусу учурунда мага кесипкөй адистер абдан зарыл болду. Таланттуу, жаш адистерди алгандын ордуна бюрократиялык тоскоолдуктар, уюмдагы унутчаак адистердин айынан миңдеген кишилер дарттан көз жумду. Миллиарддаган доллар каражат согушту токтотуу үчүн бөлүнсө да, кыйын кезеңде тез чечим кабыл ала турган кесипкөйлөрдүн жоктугу жана бюрократия БУУнун кыйроосунун башкы себеби болот. Тынчтык корпусунда өз миссиясын аткара албаган бир да кызматкерге сөгүш берилип же иштен алынганын байкаган жокмун. Ал арада согуштар улам бир жерде тутанууда. Мындай кемчиликтерди мен эле жалгыз айтып чыккан жокмун. Дегеним, бюрократия ар түрдүү ички мекемелик маселелерге эмес, уюмдун жалпы миссиясына иштесе болмок. Баш катчы Пан Ги Мун мыкты лидерлердин бири жана ал сыяктуу акылдуу, эр жүрөк кызматкерлер бар. Бирок тилекке каршы, моралдык маанайы пас адамдар ак дилдүүлөрдөн көп болууда”, - деп жазган Энтони Бенбери New York Times гезитине.

Кытайдын Борбор Азияга кызыгуусунун сыры

Harvard Political Review журналында окумуштуу Жифенг Чендин Жибек Жолун жандандыруудагы Кытайдын кызыкчылыгына байланыштуу изилдөө макаласы чыкты. 2013-жылы Си Цзинпинь Астанага болгон иш сапары учурунда: “Мен бул өрөөндө туруп, тарыхты элестететип, кербенде бараткан төөлөрдүн коңгуроосун угуп жатам”, - деген романтикалык билдирүү жасаган. Бирок анын бул кооз сөзүнүн артында чоң экономикалык жана саясий маани жатат. “Бир кемер-бир жол” деген аталыштагы Астана, Тегеран жана Москва аркылуу өтүүчү жаңы Жибек Жолу Кытайдын азыркы бийлигинин эң эле дымактуу долбоору. Буга 90 миллиард АКШ доллары бөлүнүүдө.

Кытай аймактагы өз таасирин тез арада эле күчтөнтө алды. Бээжин үчүн Борбор Азиянын өнүгүүсү анын эң талылуу жери болгон Шинжаңдагы тең салмактуулукка жол ачат. Гарвард университетинин тарых илимдеринин профессору Майкл Цоныйдын Harvard Political Review басылмасына айтышынча, Жибек жолунун кайра жандануусу Кытайдын тарыхый аброю үчүн да маанилүү. ​

Цукерберг Түркиядагы терактты таануудан баш тартты

Фейсбук социалдык тармагынын ээси Марк Цукерберг былтыркы Париж теракттары учурунда бардык колдонуучуларга француз желегине башкы сүрөтүн бойогонго мүмкүнчүлүк түзүп, “Биз Париж мененбиз!” деп колдогон. А бирок Анкарадагы кандуу окуянын курмандыктарын эмнегедир тааныгысы келбей койду деп жазат The Independent гезитинин аналитиги Аллан Хеннеси.

2015-жылы Лондондогу теракт учурунда дүйнө бул шаар менен кошо ыйлап турду. Парижде Европа лидерлери колтукташып, кара кийип, аза күтүштү. Азиялыкпы, африкалыкпы расасына, улутуна, динине карабай баары социалдык тармактарда башкы сүрөттөрүн француз желегине бойоп, Францияны колдоп турушту. Эмнеге Цукерберг Анкарадагы теракттан кийин башкы сүрөттөрдү Түркия желегине бойогонго уруксат бербеди? Тилекке каршы европалык маанайдан алганда Анкарада аккан кандын Париждегидей "куну" жок. Мен Фейсбуктагы өз сүрөтүмдү француз желегине бойоп жатканда апам мага тегиңди унутпа деген эле. А бирок ошол эле кезде 2003-жылдан бери жарым миллионго чукул ирактык жаран согуштан мерт кеткенин унуттум. Бирок Анкарадагы теракттан кийин көп нерсеге көзүм ачылды. Ооба, Парижди колдойм, бирок Анкараны да унутуп койбойм. Ар бир европалык ушундай көз карашын айта алабы?”, - деген Хеннеси өз блогунда.

“Тоок барону” ​соттолот

The Telegraph гезитинин Европадагы кабарчысы Метю Дей Румынияда парламентке добуш алыш үчүн шайлоочуларга 60 тонна куурулган тооктун этин берген депутат Флорин Попеску соттолорун жазат. Попеску 2012-жылкы парламенттик шайлоо учурунда жалпы суммасы 100 миң доллар турган тооктун этин элге таратып, “Тоок барону” деген ысымга татыган. Антикоррупциялык иликтөөнүн жыйынтыгында, анын шайлоо алдында куурулган тоокторду жүк машинеге салып, элди сыйлаганы билингенден кийин депутат парламенттин кадыр-баркын коргош үчүн кызматынан чегинген. Попескуга кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылганы турат. Transparency International уюмунун изилдөөсү боюнча Румыния Европадагы эң коррупциялашкан өлкө экенин баяндайт The Telegraph.