Орусия: Кудайды танган адамга иш козголду

Орусияда дин бийликтин башкы бутактарынын бири.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-февраль - 1-март).

Орусиянын Ставрополь шаарынын 38 жаштагы тургуну Виктор Краснов социалдык тармактарга 2014-жылы «кудай жок» деп жазганы үчүн сот жообуна тартылып, абакка түшкөнү турат деп кабарлайт The Washington Post гезити.

Краснов «ВКонтакте» соцтармагына: «Жөөттөрдүн Инжил китеби жөн гана жомоктордун жыйнагы деп айтканым анык чындык. Жеке мен үчүн кудай жок!», - деп досторуна жазган.

Красновдун жактоочусу «Франс-Пресс» агенттигине дал ушул сөзү үчүн ал бир ай психиатриялык ооруканага жаткырылып, акыл-эси ордунда экени аныкталгандан кийин кылмыш иши козголгонун билдирди. Сот Красновду диний ынанымдарга шек келтирди деген айып менен камаганы турат.

«Мындай мыйзам Pussy Riot тобун соттоодо орус парламенти тарабынан кабыл алынган эле. Владимир Путиндин улуттук саясатынын өзөгүндө дин бар. Орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл Путиндин жакын кеңешчиси эле болуп чектелбей, Кремлдеги саясий чечимдерге да салмак кошот», - деп жазат The Washington Post гезитинин аналитиги Ишан Тхарур.

Билл Клинтон айыпталууда

Market Watch аналитикалык журналында чыккан макалада Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Билл Клинтонду шайлоо учурунда мыйзам бузганы үчүн камоону талап кылган арызга 85 миңден ашык киши кол койгону кабарланат. Change.org деп аталган петицияда Массачусетс штатындагы шайлоо мезгилинде Клинтон добуш берүүчү жайларга барып, ал жакта иштегендерге жолукканы, бул мыйзам тартибине кайчы келери жазылган.

Клинтонду камакка алууну алгач Вероника Уолски аттуу жаран талап кылган. Ал экс-президентке шайлоо мыйзамдарын билип туруп бузду деген айып койгон. Арыздангандардын саны 100 миңге жеткенде сот бул маселени расмий түрдө колго алат. Бирок кокус Клинтон айыптуу деп табылса АКШ мыйзамдары боюнча 20 доллар гана айып пулга жыгылышы ыктымал деп жазат Market Watch.

Кытайлык уйгурлар Асадга каршы согушууда

Италияда чыккан La Stampa гезити кытайлык уйгурлар Сириядагы Башар Асаддын режимине каршы жашыруун армияга айланганын жазат. Журналист Жордано Стабиленин макаласында Ооганстан Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Түркияга барып, андан ары Сириянын Идлиб провинциясына өтүп жаткан уйгурлар бош калган айылдарга жайгашканы баяндалат.

«Бир жыл мурда эле Түркистан ислам партиясына кирген шинжаңдык уйгурлардын Сириядагы террорчул "Ан-Нусра" фронтундагы саны жүздөп саналса, азыр 4-5 миң уйгур тектүү согушкер бар. Уйгурлардын козголоңчуларга кошулуп кетүүсү Кытайдын Орусия менен өнөктөш болуп, кошо соккуга чыгышын шарттайт деген коркунуч чыгууда. Шинжаңдан баргандардын көбү үй-бүлөсүн ала барышып, Сирияда туруктуу калуу ниетинде. Себеби алар мекенине кайтышса Кытай бийлиги өлүм жазасына тартат», - деп жазат La Stampa.

Жакшы кийинүү ийгилик алып келет

Wall Street Journal басылмасында адам канчалык жакшы кийинсе, ошончолук ийгиликтүү болору тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты.

АКШнын Йел университетинин менеджмент мектебинин профессору Майкл Краус 128 эркектин арасында изилдөө жүргүзүп, аларды эки топко бөлүп, биринчи топтогуларга футболка, жынсы шым жана бутуна жеңил тапичке кийип, жумуш издетсе, экинчи топтогуларга кымбат күрмө, шымы менен булгары бут кийимчен жумуш берүүчүлөргө жиберген. Жөнөкөй кийингендер канчалык билимдүү, интеллекти жогору болгонуна карабай, жумуш берүүчүлөр мыкты кийингендерге көбүрөөк маани беришкени аныкталды. Андыктан АКШ психологдору адам канчалык жакшы кийинсе, ошончолук ийгиликти чакырарын эскертишет.