Сариевге кат жазган "тентектин" бейнеси

Тим Ли өз катында кыргыз өкмөт башчысынын иштермандыгы аны шыктандырарын жазган.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (1-7-февраль).

Eurasinet басылмасы өкмөт башчы Темир Сариевге кат жазган Кошмо Штаттарынын тургуну Тим Линин ким экенин иликтеп көрдү. Америкалык окуучунун каты узаган аптада кыргыз массалык маалымат каражаттарына жарыяланган.

Өзүн 14 жаштагы Нью-Йорк штатынын Миннеола орто мектебинин окуучусумун деп тааныштырган бул өспүрүм чын эле барбы, же жокпу, эгер бар болсо эмнеге мындай "шоктук" кылат деген суроону койот аталган басылма.

Тим Ли өз катында кыргыз өкмөт башчысынын иштермандыгы шыктандырарын, Кыргызстанга келүү ниети барын жазган. Ошондой эле Сариев тууралуу көп окуп, 2009-жылы президенттик шайлоого катышканын билерин баяндаган.

"Мен кытай каллиграфиясына жана сүрөт тартканга кызыгам. Сиздин өлкөгө барып сүрөт көргөзмөмдү уюштургум келет. Сиз мага жооп берип, кол тамгаңыз коюлган өз сүрөтүңүздү жибересиз жана мен тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштурууга жардам бересиз деп үмүттөнөм" деп аяктаган катын Тим Ли.

Eurasinet басылмасынын иликтөөсүнө караганда, Тим Ли Темир Сариевден башка да дүйнө лидерлерине кат жазган учурлары болгон. Маселен, Гамбиянын президенти Яхия Абдулазиз Ямехке да кыргыз өкмөт башчысына жазгандай мазмунда кат жиберген экен.

"А балким бул "тентек" ушинтип дүйнө лидерлеринен "кол тамга" чогултуп жүргөндүр. Гамбиянын төбөлдөрү америкалык баладан президентибизге кат келди деп мактанышып, "шок" баланын "тамашасын" расмий веб сайтына чыгарышкан. Тим Линин фейсбуктагы баракчасында өзү тууралуу жарытылуу маалымат жок экенин көрдүк. Демек бул ушинтип жогорку кызмат адамдарынын тынчын алган "тентектердин" бири", - деп жазат Eurasinet.

Европадан көңүлү калган мигранттар мекенине кайтууда

Былтыр Ирак, Сирия, Ооганстандан качкан миңдеген мигранттар Европада өз жайын таба албай, быйыл кайрадан мекенине жүздөп кете баштаганын кабарлайт New York Times гезити. Алардын көбү оңой оокат, жеңил киреше табабыз деп Европага барышкан. Бирок Париждеги террордук чабуулдардан кийин Европанын мусулман качкындарга карата мамилеси кескин өзгөрүп, айрыкча Ирактан баргандар кайра Багдадга кайтышууда. Алардын бири Жабири аттуу жигит Европадан эңсеген окуусуна кире албай, жумуш да таба албай, эми Багдадга барып, оңой эле окууга кирип, жумуш табам деген ишенимде кайтууну чечкен.

Былтыр социалдык тармактарда ирактыктар Европадагы бакубат жашоону көп жазышчу. Быйыл, тескерисинче, Европага барууну кааалагандарга ал жактагы оор турмуш тууралуу эскертишүүдө. Эл аралык миграция уюмунун маалыматында 3 500 ирактык качкын мекенине кайтып келген. Ал эми жыл жаңыргандан бери Европадан жалкып калгандардын саны кескин жогорулаганын Ирактын миграция министри Сатар Навруз New York Times басылмасына билдирген.

Орусияда теке менен жолборстун достугу териштирилет

Британиянын The Guardian, The Independent гезиттери дүйнөлүк маалымат каражаттарына кеңири тараган жолборс менен текенин достугуна тиешелүү видео Орусиядагы кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзамга туура келбейт деген негизде иликтөөгө алынганын жазышты.

Приморск крайынын прокуратурасына новосибирсктик адвокат Алексей Крестьяновдон Амур аттуу жолборс менен Тимур деген текенин достугун медиадан көрсөтүү "кумсалыкты үгүттөйт" жана мыйзамга каршы келет деген арыз менен кайрылган. Ыраакы Чыгыштын зоопаркындагы бул эки жаныбардын жакындыгы кумсалыкты тымызын үгүттөө катары бааланууда.

Амур менен Тимурдун достугу - жолборско текени жесин деп бергенде жебей коюп, экөө чогуу оттогон видео дүйнөдө кеңири тараган. Крестьянов муну салттуу эмес жакындык, башкача айтканда "кумсалык достук" деп эсептейт. Эми теке менен жолборстун "мамилесин" сот органдары териштирмей болду дейт The Guardian.