Түркмөнбашынын ыры

Гурбангулы Бердимухаммедов

Тажикстан акча алмаштыруучу жайларды толук жапты, Казакстан болсо мамлекеттик ишканалардын бардыгын менчиктештирүүнү көздөөдө.

“РИА Новости” Түркмөнстандын президенти аткарган ыр Гиннес китебине киргенин кабарлады. Бирок бул кабар канчалык чындыкка жакын экени толук тактала элек.

Обону жана сөзү Гурбангулы Бердимухамедовго таандык ырды быйыл түрк дүйнөсүнүн маданий борбору - Мары шаарында төрт миңден ашуун адам аткарган. Бул дүйнөлүк рекорд катары жарыяланып, Гиннес китебинин өкүлү Шейда Субаши-Гемиджи түркмөн башчыга атайын сертификат ыйгарган. “Алга, сүйүктүү мекеним - Түркмөнстаным” деген ырды түркмөндөрдүн аркадагы 29-ноябрда ТҮРКСОЙ жыйынынын коноктору менен өзү чогуу ырдап чыккан.

Тажикстан акча алмаштыруучу жайларды жапты

РБК интернет басылмасы Тажикстанда бардык акча алмаштыруучу жайлар жабылганын маалымдайт. Макалада тажик Улуттук банкы чет өлкөлүк валюта менен операция жүргүзүүнүн жаңы тартибин бекиткени айтылат. Ага ылайык, валюталык операциялар бир гана банктарда жана кредиттик уюмдарда ишке ашырылып турмакчы.

Мамлекеттик бийлик акча алмаштыруучу жеке жайлар чет элдик валютанын наркын негизсиз көтөрүп, кызыл кулактык жасоодо деп чечкен. Улуттук банктын маалыматы боюнча, Тажикстанда быйыл 1473 акча алмаштыруучу жай катталып, анын 636сы Дүйшөмбүдө жайгашкан.

Казакстан мамлекеттик ишканаларды менчикке берет

Lenta.ru Казакстан бардык мамлекеттик ишканаларды менчиктештиргени жатканын кабарлады. Жалпысынан жети миң мамлекеттик ишкана жеке менчикке берилмекчи. Назарбаев ишканаларды менчиктештирүү аркылуу өлкөгө кирчү инвестицияларды жылына 10 миллиард долларга көбөйтүүнү пландаштырууда. Мамлекеттик киреше быйыл 20 пайызга азаярын белгилеген казак президенти өкмөткө экономиканын беш пайызга өсүшүн камсыздоо талабын койгон.

СПИД жуктурган өзбек мигранттары

Өзбекстанга СПИД менен күрөшүүгө 14 миллион доллар бөлүнүп жатканын Регнум интернет басылмасы жазды. Өлкөдө 32 миңден ашуун жаран ВИЧ/СПИД илдети менен катталган. Алардын 25 пайызын чет жакта иштеген эмгек мигранттары түзгөн.

СПИДге каршы күрөшүүчү глобалдык уюм тарабынан бөлүнгөн 14 миллион доллар дары-дармекке, керектүү медициналык жабдыктарга жана социалдык программаларга жумшалмакчы. 2004-жылдан бери эл аралык уюм Өзбекстанга СПИД менен күрөшүүгө жалпысынан 61 миллион доллар берген.