Financial Times: Шенген жоюлса зыяны көп болот

Греция менен Македониянын чек арасындагы мигранттар.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (24-29-ноябрь).

Шенген келишими бузулса Европа өлкөлөрү күтө турган кыйынчылыктар тууралуу узаган аптада бир топ басылмалар сөз кылышты. Financial Times кокус Европа өлкөлөрүнүн арасында визасыз жүрүү токтосо, анда 26 өлкөнү туташтырган кан жолдордо тополоң башталат деп жазып, болжолдуу төрт кесепетти санайт.

Жакынкы Чыгыштан каптаган качкындар менен террордук коркунуч Шенген келишимин ары-бери калчоодо. Себеби Парижге кыргын салгандар Европа өлкөлөрү макулдашкан визасыз жүрүү келишимин пайдаланып, кең-кесири Белгия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө жашырынып жатышат деп жазат басылма.

Биринчиден, кокус визасыз жүрүү токтосо дароо Греция Евробиримдиктен чыгарылат. Себеби жүз миңдеген качкындардын агымы дал ушул өлкөдөн Европага багыт алууда. Экинчиден, Европа өлкөлөрүнүн чек араларында тосмолор пайда болот. Германия, Швеция, Австрия жана Франциянын чек ара мыйзамдары татаалдайт. Үчүнчүдөн, качкындардын лагерлеринин аралдары пайда болот. Аларды тикенек зым менен курчап коюшат. Албетте бул европалык адам укугу баалуулуктарына каршы саясат. Төртүнчүдөн, чек ара көзөмөл пункттарын кайра түзүү Европа өлкөлөрү үчүн өтө кымбатка турат деп болжошот Financial Times гезитинин аналитиктери.

Erste банктын миграция боюнча эксперти Райнер Мюнцтун баамында, Шенген келишими коммунисттик режим учурунда зарыл болгон.

Ал эми New York Times басылмасынын блогери Пол Крагмен 1959-жылдан бери Европа өлкөлөрүн бириктирип турган Шенген долбоору эң мыкты иштеп келгенин, бирок акыркы айлардагы качкындар менен террор көйгөйү аны кыйратканы турганын жазды. Европа Биримдигин Америка Кошмо Штаттарына салыштырып, бирок штаттардагы өз ара ынтымак Европа өлкөлөрүндөгүдөй ыдырабай турганына ыраазы болуп жатканын, азыркы оор кырдаалдан эми Европанын татыктуу чыгуусу тарыхый мааниге ээ экенин кошумчалаган блогер Крагмен.

Тажик президентине жаңы титул берилет

The Diplomat журналы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “Улут лидери” деп атоо сунушталып, муну менен тажик мамлекет башчысынын кадыр-баркын арттыруу иш аракети жүрүп жатканын жазып чыкты. Экономикалык көйгөйлөр, ооган чек арасындагы опурталдуу акыбал, оппозициялык партияны куугунтуктоо сыяктуу көрүнүштөргө карабай, Тажикстандагы конституциялык мыйзамды, демократияны сактоо менен эгемендикти коргоо үчүн ушундай чечим кабыл алынышы керек дейт Asia-Plus медиа тобунун өкүлү Абдурахим Холидзода.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандын президенти Нурсултан Наразбаевге “Эл башы” ысымы ыйгарылган. Ага чейин 2010-жылы Назарбаевге өмүр бою президент болуу укугу да берилген. Эми Рахмонго да жаңы ысым менен кошо ушул сыяктуу артыкчылык берилеби деген суроо жаралат. Себеби анын 7-президенттик доору 2020-жылы аяктаганы турат. Холидзода Эмомали Рахмон Тажикстандын дүйнөлүк аброюн арттырып, экономикалык бутуна туруусун шарттады деген пикирде. Азыр ага жаңы ат берүү сунушу парламентте каралууда. Кокус бул ишке ашып калса Рахмондун доору дагы көпкө созулуп, оппозициянын акыбалы азыркыдан да оорлошу мүмкүн экенин эскертет The Diplomat журналынын аналитиги Кетрин Патз.

Путиндин “таарынганы” Британияны жыргатты

Жашылча-жемиштер, эттин баасы Британияда жана Европа өлкөлөрүндө быйыл 13 процентке арзандады. Бул тууралуу The Guardian гезити маалымдайт. 2008-жылдан бери алгач ирет быйыл Британияда Кристмас майрамына сатылган тамак-аштын баасы бир кыйла арзан болууда. Буга Орусиянын Европа өлкөлөрүнөн тамак-аш киргизбөө саясаты себеп болду. Быйыл Кристмас майрамында британ үй-бүлөлөрү үндүктүн этин бир процентке арзан алат. Ал эми чочко, жашылча-жемиштин наркы 13 процентке арзандады. Картөшкөнүн баасы былтыркыга салыштырмалуу 8 процентке түштү. Анын үстүнө Англияда жай абдан ысык болгондуктан түшүм да мол болгон. Ушундай эле көрүнүштү The Guardian гезитинин кабарчылары Германиядан да байкашкан.

Эл аралык санкциялардан Кытай пайда табууда

Орусия менен Иранга карата эл аралык санкциялардын пайдасын орто жолдон Кытай көрүп жатат деген көз карашты Американын коопсуздук борборунун энергетика, экономика боюнча директору Элизабет Розенберг The Wall Street Journal басылмасына билдирди. Орусияны Украинадагы кырдаал үчүн айыптап, батыш базарына газ, мунай сатуусун токтоткондо орус бийлиги Кытайга кайрылып, “Газпром” менен “Сибирь кубаты” компаниялары Кытайдын пайдасына келишимдерге кол коюшту. АКШ, Европа Биримдигинин каржылык санкциялары юандын дүйнөдөгү позициясын чыңдап, доллар жана евродон кийинки эле орунга чыкты. Мына ушунун баары Кытай үчүн дүйнөнүн каржылык системасындагы чоң секирик болмокчу деген пикирде Розенберг.