Кытай Орусиядан таасир талашууда

Владимир Путин жана Си Цзинпин, 3-сентябрь, 2015-жыл

Эл аралык басма сөзгө баяндама (12-18-октябрь)

International New York Times гезитинин аналитиги Фрэнк Бруни Хиллари Клинтондун дебаттагы сүйлөгөн сөздөрүнө жана өзүн алып жүрүүсүнө сереп салган.

“Шейшемби күнкү дебатта Хилларинин ажылдаган мүнөзүн эле эмес, анын Берни Сандерс сыяктуу мыкты саясатчыдан ашып түшкөн өзүнө болгон ишенимин байкадым. Клинтон кескелдирик сыяктуу бардык темада өз өңүн ар кыл түскө өзгөртүп, атаандаштарынын оозун жаап жатты. Ачууланса да сезимдерин мыкты юмор менен билгизбей, отургандарды ыраазы кылды. Бирок сөз анын жеке электрондук кат алышуусуна келгенде бул суроого каткырып гана койгону эле болбосо оңчулуктуу жооп айта албады. Деги эле Хиллари айым бул багытта ынанымдуу түшүндүрмө бере алчудай эмес”, - деген баасын берди серепчи.

Кытай Орусиянын “чылбырына” кызыгууда

Миллиарддаган доллардык инвестициялары менен Бээжин Борбор Азиядагы беш өлкөнүн экономикасын Орусиядагы экономикалык төмөндөөдөн улам өзү каалагандай бычканы турат.

Москва канчалык Евразия экономикалык биримдигин аймакта жарнамаласа да чыныгы турмушта Бээжин бул чөлкөмдөгү эң ири геосаясий жана геоэкономикалык күчкө айланганын Financial Times гезитинин аналитиги Жэк Ферчи өз макаласында белгилеген.

Акыркы жылдары Си Цзинпиндин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата саясатына сереп салуу менен журналист бир нече эл аралык деңгээлдеги окумуштуулардын пикирлерин да өз макаласына кошот. Алардын бири, Лондондогу падышалык институттун эксперти Рафаэлло Пантукки “Кытай көкүрөк кагып мактанбаган жылма империя. Азыркы дүйнөдөгү эң кубаттуу геосаясий оюнчу”, - деген пикирде.

Эки жыл мурда Астанага расмий сапар менен барган Си Цзинпин тарыхый Жибек жолун жандандырып, буга миллиарддаган каражат жумшарын билдирген.

Борбор Азия азыр Бээжин менен Москванын ортосундагы чоң оюн талаасына айланды. Балким бул талаага Иран, Түркия, Батыш өлкөлөрү да кызыкдар. Бирок Батыштын аймаккка болгон кызыгуусу Ооганстан менен эле чектелет, ал эми Орусия азыр солгундаган экономикасынан улам өз алапайын таппай убара. Кытай үчүн бул кырдаал чөлкөмдө өз экономикалык үстөмдүгүн орнотуунун мыкты учуру.

Кытайдын Казакстан менен соода-экономикалык катышы азыр 19 жарым млрд. долларды түзөт. Тажикстан менен Кыргызстандын мунай, цемент жана жол тармактарына Бээжин миллиондогон инвестиция жумшоодо.

Фудан университетинин Кытай жана Борбор Азия боюнча профессору Цао Хушен “Си Цзинпин улуу Жибек Жолун жандандыруу стратегиясын жарыялаганда Москва да ага удаа эле Евразия экономикалык биримдигин түзүп, аймактагы таасирин жоготуп албайын деп тырышты” деп баамдаган. Бирок Москванын Борбор Азиядагы кызыкчылыгы аскерий үстөмдүгүн орнотуу менен гана чектелсе, Бээжин экономикалык, жашоо-шартты, жолдорду оңдой турган долбоорлору менен Орусиянын “чылбырын” билгизбей өз колуна алганын жазат британ журналисти Жек Ферчи.

Британиялык карыя ичимдик үчүн жазаланат

Сауд Арабиясында иштеп жүргөн британиялык 74 жаштагы Карл Эндри машинесинен колдо жасалган шарап табылгандан кийин Жидда шаарында камакка алынып, 350 жолу балак жазасына тартыла турганын Washington Post гезити жазат.

Карл Эндри 25 жылдан бери бул өлкөдө мунай чыгаруу тармагында иштеп келген. Эми карыянын жакындары Британ бийлигинен ага жан соога сурап берүүнү өтүнүүдө.

Былтыр 25-августта Жидда шаарында Эндри камакка алынгандан кийин бир жылдан бери абакта жатат. Анын кызы Кристен The Sun гезитине курган маегинде атасы Альцгеймер оорусуна чалдыкканын айтып, 350 балактан кийин соо калбайт деп ыйламсыраган.

Эндринин балдары Британ өкмөт башчысы Дэвид Камерондон Саудия бийлигинен улгайган атасына жан соога сурап берүүсүн өтүнүшүүдө. Эндринин бул окуясы эл аралык адам укугун коргоочу уюмдардын катуу сынына кабылды.

Сауд Арабиясында колу кесилген индус аял

Newsweek журналы Эр-Рияд шаарында иштеп жүргөн индиялык Кастури Муриназирамдын оң колун араб кожоюну кесип салган окуяга басым жасап, Перс булуңундагы өлкөлөрдө мигранттарга жасалган зомбулук улам күчөп баратканын жазып чыкты.

Азыр Индия бийлиги Сауд Арабиясынан бул окуяны тыкыр иликтөөгө алууну жана Кастурини өлкөсүнө кайтарууну, дарылоодо тийиштүү каражатты төлөп берүүнү талап кылууда.

Саудиялыктардын жумушчуларга карата мындай зомбулугу биринчи ирет катталып жаткан жок. 2010-жылы Шри-Ланкадан келген үй кызматкеринин манжаларын саудиялык кожоюну балка менен эзип салган.

Филиппин жана Индонезиядан барган мигранттардын бетине үтүк баскан фактылар да катталган. Айрым учурда чет элдик үй кызматкерлер саудиялыктардын колунан ажал тапкан окуялар болгон. Human Rights Watch уюму Сауд Арабиясынын бийлиги мигранттардын укугун одоно бузууда деп сындаганын Newsweek 16-октябрдагы санындагы макалада баяндайт.