Орусияга барсаң жарандыгын ал

Орусиянын паспорту

Орусиялык басма сөзгө баяндама (14-19-сентябрь)

Орус жарандыгын алууну каалаган мигранттарга гана Орусияга жол ачуу керек деп жазат “Аргументы и факты” басылмасы.

“Өз жана өгөйлөр” деп аталган макалада Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүн иликтөө борборунун директору Семен Багдасаров Европада болуп жаткан миграциялык кырдаалдан Орусия сабак алып, миграциялык саясатын өзгөртүшү керек деп эсептейт.

Багдасаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес Тажикстан менен Өзбекстандын жарандарына виза режимин киргизип, Орусияда улуттук кафе, балдар бакчасы жана көңүл ачуучу жайлардын ачылышына тыюу салууну сунуштайт. Өзбекстанда бир миллиондон, Казакстанда үч-төрт миллион жана Кыргызстанда жүз миңдеген орус жарандары жашайт. Эмне үчүн аларды Орусияга чакырып алууга болбойт деген суроо көтөрүлөт макалада.

"Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун" эффективдүүлүгү начар деп жазат Независимая газета. Макалада мурунку совет өлкөлөрүндө тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн уюм бир гана Орусия тарабынан каржыланып, анын аскердик күчүнүн эсебинен гана иш жүргүзүүдө деп айтылат.

Орусия улуттук аскердик коргонууга жылына ИДПнын 4% ашуунун коротсо, Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Тажикстан бир пайызга жетпеген каражат бөлөөрү белгиленген. Аба жолдору менен ыкчам аракеттенчү күчтөр үчүн Орусияда чыгарылган аскердик учак 3,5 миллиард рубл турат. Аны сатып алууга Тажикстан менен Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, болгон жүктү Орусия көтөрүп жатканы баяндамада айтылат. Азыркы учурда региондогу террористтик жана экстремисттик топтор менен күрөшүү үчүн эки миң аскер жана 200 аскерий унаа колдонулуп жатат. Бирок чындыгында мындай аскердик күч 10 эсе көбөйтүлүшү керек деп белгиленет макалада.

Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдү санкцияга туш болгон азык-түлүктү жок кылууга чакырат деп жазат РИА Новости интернет-басылмасы. Айыл чарба министри Александр Ткачев Орусияда тыюу салынган азык-түлүктү өлкө ичинде гана эмес, кошуна өлкөлөрдө дагы жок кылууну сунуштап чыккан.

“Биз өз өндүрүүчүлөрүбүздү коргошубуз керек” деген орус министри Евразия экономикалык биримдигинин алкагында санкциялык азык-түлүктү жок кылуу келишими түзүлөрүн айткан. Орусия АКШ, Европа Биримдиги, Норвегия жана бир катар башка өлкөлөрдүн санкцияларына жооп катары аталган өлкөлөрдүн азык-түлүгүнө эмбарго киргизген. Эми Казакстан, Беларус, Армения жана Кыргызстан дагы буга кошулуусун Орусия күтүүдө деп айтылат макалада. Июль-август айларында жалпысынан Орусияда 900 тоннага жакын азык-түлүк жок кылынганын массалык маалымат каражаттары жазган.

Орусия Орто Азияда аскер базаларын курат деп жазат Правда.ру интернет-басылмасы. Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусунда Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандагы кырдаал оорлоп, бүткүл Борбор Азия учун коркунуч жаратып жатканына токтолгон.

Орус кесиптешин колдогон тажик президенти Эмомали Рахмон жакында эле Тажикстанда исламисттер бийликте төңкөрүш жасоого аракет кылышканын белгилеп, расмий Душанбе Москвадан дайыма колдоо күтөөрүн белгилеген. Жыйын соңунда Орусия Ооганстан менен чек арада жаны аскердик база курууга киришүүгө даяр экенин билдирген. Саясий иликтөөлөр институтунун адиси Алексей Бычков "Путин мындай жол менен Орто Азиядагы аскердик таасирин күчтөндүрүүдө" деп баалайт.