Коррупция жылына триллион долларды жалмайт

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (1-7-сентябрь)

Батыштын бир топ басылмалары жылына кылмыш дүйнөсү жана коррупциялашкан саясатчылардын жардамы менен бай өлкөлөр жакыр мамлекеттердин капчыгынан 1 триллион доллар уурдарын жазып чыкты. ONE аттуу жакырчылыкты жоюуга багытталган топтун изилдөөсүнө таянуу менен The Telegraph гезитинин саясий редактору Эндрью Грайс байгер мамлекеттердин башын бириктирген G8 же Чоӊ Сегиздик тобу анонимдүү компанияларды түзүп, кедей өлкөлөрдөн “тоногон” миллиондорун Лондон, Делавэр жана Гон-Конгдогу жашыруун ширкеттер менен банкттарга которот дейт өз макаласында. Бул сумма эгерде жакыр өлкөлөрдүн өзү үчүн пайдаланылса анда жылына 3,6 миллион кишини өлүмдөн сактап калып, азыр бай мамлекеттерден жардам сурап жалдырагандардын санын азайтмак.

Азыр дүйнөдө 20 триллион доллардын дайыны табылбай жашыруун банктарда сакталууда, эгерде бул акча ачыкка чыкса салык системасына 19,5 триллион доллар киреше кирип, Африкадагы билим ала албай кыйналып жаткан 10 миллион баланын багын ачмак, ВИЧ-СПИД менен ооруган 1 миллион кишини дары менен камсыздап, жугуштуу ооруларга каршы 16,5 миллион вакцина өндүрсө болмок дешет ONE тобунун изилдөөчүлөрү.

Аталган уюм Чоӊ Сегиздик тобуна триллиондогон долларларды эсепсиз уурдоону токтотуу жаатында тийиштүү чараларды көрүүгө чакырып, атайын Интернет акция баштады. “Триллион доллардын чыры” аттуу изилдөөдө: “Экономикасы жаӊыдан ирденип келе жаткан өлкөлөрдүн эӊ башкы коркунучу – коррупция. Кедей мамлекеттердин саясатчылары бюджеттен уурдаган акчасын бай өлкөдөгү жашыруун эсепке которуу менен аларды да кылмышка катыштырууда. Айрыкча, расмийлердин паракордугу, адам сатуу же курал-жарактын аткезчилиги триллиондордун жоголуусун шарттоодо”, - деген тыянак чыгарышып, мисал катары Замбия, Кеня, Гана, Мозамбик сыяктуу өлкөлөрдө 2002-жылдан 2011-жылга чейинки финансылык бурмалоолорду санап өтүштү.

Нарендра Моди бир күн мугалим болду

Индиянын премьер министри Нарендра Моди

Кадыресе Мугалимдер күнү Индияда саясий майданга айланып кетти деп жазат Washington Post гезити. Анткени премьер-министр Нарендра Моди билим күнүндө мугалимдин ролун аткарып, Индиядагы жеткинчектерге насаат окуду. Мындай иш-чараны уюштуруш үчүн мектептер телевизор, проекторлорду сатып алып, Модинин кайрылуусун угабыз деп катуу даярданышты.

Моди: “Эмнеге жакшы окуган студенттерибиз мугалим болгусу келбейт?”, - деген суроону коюп, окуучуларга сыналгы, китеп жана компьютерден тышкары башка да маанилүү сырткы жумуштар бар деди. Индус коомчулугунда баары эле өкмөт башчысынын бул кайрылуусун жактыра беришкен жок дейт Washington Post. Маселен оппозициялык Конгресс Партиясынын өкүлү Маниш Тевари мугалимдер күнүндө өкмөт башчысы мугалимдерге сөз берсе болмок десе, Индиянын Fist Post аттуу кабар порталы: “Моди аке, балдарды жайына койчу”, - деген чакырык таштаган.

Дүйнө өзбек пахтасынан баш тарталбайт

Өзбекстанда жыл сайын өтүүчү пахта жана текстиль жармаӊкеси октябрда да болгону турат. 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин айрым ири кийим өндүрүүчү дүйнө компаниялары өзбек пахтасын албайбыз деп баш тартса да Азия өлкөлөрүнөн кардарлардын саны тыйылбай жатат деп жазат The Central Asian Times басылмасы. Былтыр эле бул өлкөдөн пахта алуу боюнча чет элдик ширкеттер менен 600 миллион доллардык келишим түзүлгөн.

Лондондогу Борбор Азияны изилдеген борбордун окумуштуусу Алишер Илхамовдун айтымында, Ташкен пахтачылык секторундагы дүйнөлүк кадыр-баркын ишенимдүү орнотуп алган. 2013-жылы Бангладеш өзбек пахтасынын 39 процентин алса, Кытай 13, Түштүк Корея 7 процентин сатып алган. Бирок Adidas, Disney, Gap, Gucci, IKEA, Zara сыяктуу брэнддер Өзбекстандан пахта сатып алууга каршы петицияга кол коюшкан деп жазат The Central Asian Times.

Согуштан чарчаган британ жихадчысы

Лондондо күн сайын чыккан, миллиондогон нускалуу Evening Standard гезити Сирия менен Ирактагы исламчыл фундаменталисттерге кошулуп согушуп жүргөн британиялык жихадчы үйүнө кайткысы келгенин кабарлады. Падыша Колледжинин профессору Пимет Неуманн жихадчынын бул каалоосун Англис өкмөтү кылдат карап чыгышы керек деп эсептейт. Себеби аны кайрадан Британияга алып келүү менен өкмөт миңдеген англиялык жихадчылардын кайтып келүүсүнө шарт түзүшү ыктымал дейт профессор. Анын ою боюнча, мамлекет жихадчыларга карата “дерадикализациялоочу программаны” иштеп чыгышы керек.