"Чачылганды жыйнаган улуу лидер эле"

Франция -- Жумушчулар ТИМдин имаратына Нельсон Манделанын чоң сүрөтүн илип жатышат, Париж, 6-декабрь, 2013.

Дүйнөлүк басма сөзгө сереп (2-8-декабрь)
Узаган аптада дүйнөдө жарык көргөн басма сөздүн башкы темасы Түштүк Африканын лидери Нельсон Манделанын өлүмү болду. Демократия, адам укугу үчүн өмүрүн арнаган бул лидердин жашоосу, кылган эмгеги, эл аралык мааниси медианын бардык тармактарында кеңири чагылдырылды.

"Демократия менен азаттыктын символу болчу"

Италиянын Corriere della Sera гезитине чыккан макалада америкалык жазуучу айым Тони Моррисон Мандела аялдарды сүйүп, боксчуларга суктанып, жек көрүүдөн каччу деп эскерет. 1993-жылы Нобель сыйлыгын алган Моррисон Мандела менен жолукканын, анын башкаларга окшобогон өзгөчөлүгүн, кадыресе адамдардан айырмаланган күчүн айтып: “Манделанын жүрөгүндө бир тамчы да жек көрүү жок болчу, жамандык толгон бул дүйнөдө аны түшүнгөндөр өтө аз”, - деди. Манделасыз АКШда Обаманын президент болорунан жазуучу айым чоң күмөн санайт, себеби Нельсон Мандела менен Мартин Лютер Кингдин мисалы Америка элине кара түстүү Барак Обаманы шайлоого шык берди.

Германияда чыккан Die Welt гезитинде Нельсон Мандела түрмөдө бир топ убакыт жатса да демократия менен азаттыктыктын символу болуп, чачылган өлкөсүн гүлдөгөн мамлекетке айландыра алган улуу лидер деп жазылат. 466-64 номурлуу абакта жаткан адамга жеке эле Африка эли эмес, дүйнө эли боштондукка чыгуусу үчүн аракет кылган. Маселен 1988-жылы анын 70 жылдыгына арналып, Лондондогу Уэмбли стадионунда “Манделага эркиндик” аттуу рок-концерт уюштурулган, аны дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 200 миллион адам көргөн.

Der Spiegel басылмасында чыккан макалада болсо “Манделамания” жеке эле саясатта эмес, адамкерчиликте да өрчүгөнү жазылып, ага кезиккен ар бир адам таасирдүүлүгүнө, акылына жана өзүнө ишенген улуу күчүнө таң бергени айтылат. Өмүр бою Манделаны үй-бүлөсүнөн алыстатууга аракет кылышкан. Ал балдары менен абактан чыкканда араң көрүшкөн. Бул Мандела үчүн эң чоң кемсинтүү болчу.

Лондондо чыккан The Independent 48 беттен турган “Нельсон Мандела” аттуу атайын журнал чыгарды. Ага Билл Клинтон, Дисмонд Туту, Жон Карлин, Энтони Сэмпсон, Эльби Саш, Уолтер Сисулу жана Ахмет Касрада сыяктуу дүйнөгө белгилүү саясий ишмерлердин Манделаны эскерүү-макалалары менен сүрөт баяндамалары жарыяланды.

Борбор Азия коопсуздугуна көлөкө түштүбү?

Эми башка темадагы макалаларга да назар салсак, “Борбор Азиянын коопсуздук келечеги караңгы” аттуу макала Токиодо чыккан The Diplomat аналитикалык басылмасында жарык көрдү. 2014-жылы Вашингтон жана НАТО Борбор Азиядага куралдуу күчтөрүн чыгарып кеткенде аймактагы коопсуздук маселеси өзгөчө курч абалга өтөт дейт автор Георгий Волошин. Азыр да Ооганстанга өтө жакын, аймактын эң эле жакыр өлкөсү Тажикстанда да кырдаал тынч эмес. Ноябрь айында президенттик шайлоонун алдында бул өлкөдө "ал-Каида" кыймылы баш көтөрүп, адамдарды барымтага алуу сыяктуу бир катар окуялар болуп кетти.

Ал эми Кыргызстандагы түндүк-түштүк бөлүнүүлөрү менен саясаттагы олку-солкулар коопсуздукка терс таасирин тийгизет. Орусия бул эки өлкөнүн коопсуздугуна 1,3 миллиард доллар инвестиция жасамакчы, бирок анын 85 пайызы Кыргызстанга жумшалып, аз гана бөлүгү Тажикстандын офицерлерин окутууга берилет. Ал эми лидерлери 80 жашка таяп калган Өзбекстан менен Казакстандын да келечеги кандай болору күмөн. Анткени 2005-жылдагы Анжиян коогасынан кийин Ташкент АКШнын Ханабад базасын чыгарып салган. Азыр өлкөдө эл аралык коопсуздук күчтөрү жок. 2011-жылдан бери Казакстанда да мезгил-мезгили менен террордук кыймылдар баш көтөрүп жатат. Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа да муну ырастап, айрыкча акыркы мезгилде Сирияга жихадга кетип жаткан Борбор Азия атуулдары кайра өлкөсүнө кайтып барышса коопсуздук үчүн олуттуу көйгөйлөр жаратышы ыктымал деди.

Испанияда чыккан El Mundo гезитинде Ангола ислам динине тыюу салган дүйнөдөгү алгачкы өлкө болору кабарланды. Исламды куугунтуктоо мыйзамы расмий кабылданбаганы менен бийлик бул максатта тийиштүү чараларды көрүп жатат дейт журналист Альберто Рохас. Полиция 78 мечитти жаап, онун өрттөгөнгө уруксат берген. Буга чейин Исламга тыюу салууну Анголанын маданият министри Роза Круш гана ачык айтып чыккан. Мыйзам боюнча 100 миңден ашуун ишенген кишиси бар гана дин расмий деп табылат. Өлкөнүн 95 проценти христиандар, мусулмандардын саны болгону 90 миң. Ислам менен кошо бул өлкөдө буддизм жана идуизмге да тыюу салынары айтылууда.