НГ: АКШ базасы Чымкентке көчүшү мүмкүн

"Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик борбору, 20-июль, 2012.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (28-январь - 3-февраль)
Өткөн аптадагы “Независимая газета” жакында Казакстандын Чымкент шаарынын аэропорту НАТОнун учактары коно турган аэропортко айланат жана АКШнын Бишкектеги авиабазасы келечекте “Манас” аэропортунан Чымкентке көчүшү мүмкүн деген сенсациялуу кабар менен чыкты. Орусия менен “союздашпыз”, “стратегиялык партнербуз” деп Назарбаев Путин менен коюн-колтук алышканы менен Казакстан азыр Москва менен эмес, Брюссель менен, башкача айтканда НАТО менен тыгыз байланышта болуп, аскерий кызматташуунун бардык багыттарында ийгиликтүү иш жүргүзүп жатат, дейт гезит.

Эми бул сөздөрдүн артында эмне жатат? - деген суроого келели. Казакстан чынында эле азыр чоң каражаттарды НАТОнун, Израилдин заманбап куралдарын сатып алууга коротуп жатат. Ушул тапта сумма 3 миллиард долларга жетти. Казактар мурунку замандагыдай орус учактарын эмес, кийинки эле учурда Европанын “Аэробустарынан” сегизди сатып алды, НАТО менен индивидуалдуу программа түзүп, Батыш менен аскерий кызматташуу улам тереңдеп бараткан кези. Ошону менен бирге казактар кадрларын дале болсо Орусиядан окутуп, баасы арзан болгону үчүн орус курал-жарактарын да сатып алууда, кошуна Кытай менен да мамилеси ысык.

Нурсултан Назарбаевдин өкмөтү уламдан улам чыр чыгарып жатып, Орусия ижарага алган Байкоңур космодрому үчүн мурункудай 115 миллион доллар эмес, азыр жарым миллардга жакын доллар акча ала турган болду, дейт ошол эле “Независимая газета”.

Бирок кыргыз өкмөтү бир жылдан кийин жапмак болуп аткан америкалыктардын “Манастагы” авиабазасын Чымкентке көчүрүп келүүгө кам уруп, ал үчүн бардык даярдыктарды көрүп жаткан казактар канткен менен “заманың бөрү болсо бөрү бол” деген принципти карманып жатканынан кабар берет. Кыргыз өкмөтү батпай аткан акчасы барсынып, ай сайын алып турган турган 150 миллион доллардан жакында кол жууй турганын уккан Нурсултан Назарбаев ал акчаны дароо илип алып, Казакстандын казынасына салганы турганы чындыгында ойлонто турган иш.

Ырасында эле Нурсултан Назарбаев чоң саясаттын алчы-таасын жеген ишмер экени кимге да болсо белгилүү го. Анын илгертен "эки тоонун чөбүн жеген" эптүү саясатчы экенин белгилеп, Орусиянын Генштабында көп жылдар бою иштеген аскер аналитиги, генерал-майор Александр Костюхин азыркы учурда Казакстан Батыш менен көбүрөөк жакын болуп, бирок Орусиядан деле анча алыстабай, баарыдан мурун казак мамлекетинин кызыкчылыгын жогору коюп келатканын жогоруда аталган “Независимая газетада" толугу менен моюнга алат.

Эмне дейбиз, кыргызда эбин тапкан эки жейт деген сөз бар эмеспи. Казакстандын
бул саясаты утурумдук пайда үчүн же кимдир-бирөөлөргө жагынуу же колтугуна кирүү үчүн эмес, улуттук кызыкчылыкты баарыдан жогору коюу философиясына негизделген саясат.

30 январда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 75 жашка толду, деп жазды экинчи бир интернет сайты Lenta ru. Ушуга карата аталган сайт Өзбекстан тууралуу бир катар маанилүү статистикалык маалыматтарды ортого чыгарды. Маселен, Каримов Өзбекстанда 23 жыл мамлекет жетекчиси болгон чейрек кылым ичинде бул өлкөнүн калкы 19 миллиондон 29 миллионго жетиптир. Ушул чейрек кылым ичинде Өзбекстан жыл сайын 300 миң адамга көбөйүп турду, дейт ошол эле интеренет булагы. Бирок бул мамлекеттин калкынын социалдык структурасы да абдан кызык. Маселен, ошол 29 миллион калктын жалаң эле Орусияда гастарбайтер катары иштегендери 2.3 миллиондон ашыптыр. Деле Орусиядагы саны боюнча эң көп мигранттар өзбек улутундагылар экен.

Өзбектер Казакстанда да толтура. Жалаң эле Түштүк Казакстанда 200 миң өзбек мигрант катары жашап, бул өлкөдөгү жалпы мигранттардын 90 пайызын түзөт экен. Калкы 700 миңден ашпаган Астана шаарынын өзүндө 35 миң өзбек мигранттары иштейт, деп кабарлайт Lenta ru. Кийинки жылдары калктын санын көзөмөлдөө үчүн өзбек бийликтери бир катар иш-чараларды, программаларды иштеп чыкканын, кээде аялдарды тымызын стерилизациялоо да көп кездешкенин Батыш басма сөзү көп жазганын да айта кетели.

Кийинки учурда жалпы эле планетада адам саны мурункудай эле өсүү үстүндөбү же токтодубу деген маселе да көп козголууда. Бул боюнча жакында The Guardian гезити абдан кызыктуу макаланы жарыялады. Жер жүзүндөгү адамзаттын жалпы саны 1950-жылы 2.5 миллиард болсо, өткөн жылдын мартында 7 миллиардга жетиптир.

Ошондуктан ачарчылык, тамак-аш жетпеген элдер, билимсиздик, булганган аба, ар түрдүү оору-сыркоолор көп мамлекеттерде кадыресе көрүнүш болуп баратат дейт The Guardian. Ошону менен бирге кийинки жылдары тарыхта биринчи жолу төрөлгөн балдардын саны бир эле Европа же дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө эмес, Азияда да, ал гана эмес Африкада кыскара баштаганы байкалыптыр. Бул көрүнүш азыр мусулман өлкөлөрүндө, Иран менен Иракта да ачык байкалууда дейт The Guardian гезити. Басылма эгер ушул тенденция дагы да уланса, планетада улгайган адамдардын саны улам көбөйүп, адамзат да бара-бара азая башташы толук ыктымал деп болжол кылат.

Ушул теманы уланткан CNN телекомпаниясы миллиондогон адамдар ачка отурса, айрым мамлекеттерде тамак-аш азыктары абдан ысырап болуп, бир эле Гонг-Конгдо аянты 50 гектарга жеткен, бийиктиги 100 метрге чыккан ыргытылган тамак-аштардын бүтүндөй тоосу пайда болгонун айтат. Айласы кеткен жергиликтүү бийликтер ыргытылган тамактардан биогаз алууга мажбур болуп, ал гана эмес жер семирткичтерин жасап жатышыптыр.

Деле эскирип кетти деген шылтоо менен таштандыга ыргытылган тамак-аш маселесин, 6 миллиардга жакын тоё тамак жебеген адамдар жана 1 гана миллиард жакшы шартта жашаган элдер тууралуу ВВС телеканалы жакында атайын көрсөтүү даярдап чыгарды.

Айтор кай жакты караба, көйгөйү түгөнбөгөн адамзат. Бири кабыргасы саналып ачка отурса, экинчиси өз салмагын өзү көтөрө албай, арыкташ үчүн кайдагы бир айла-амалдарды ойлоп таап жаткан эл. Бири чымчым майы жок, кулагынан күн көрүнгөн арык болсо, экинчиси мен да ошолордой арыктасам ээ деп суктана караган көр пенделер. Кайда баратасың, адамзат? - деп суроо салгың келет кээде, бирок билесиң - ага баары бир эч ким так кесе жооп бере албайт…