Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (17-23-сентябрь)
Шамал үйлөгөн сайын багытын, формасын өзгөрткөн кум дөбөлөр, дюналар сыңары дүйнө геосаясаты кийинки жылдары көз көрүнөө алмашып, өзгөргөндөн өзгөрүп баратат. Жер үстүндө өзгөрбөс, алмашпас эч нерсе жок го, бирок эң эле опурталдуусу - маданияттар арасында, диндердин арасында, ал гана эмес мамлекеттердин арасында өз ара түшүнүшүү барган сайын оорлоп, кыйын жумушка айланып баратканы эң бир опурталдуу көрүнүш болууда. Айтор өткөн аптадагы эң эле абройлуу деген газета-журналдарды окуп отуруп, аргасыз ушундай ойго келесиң.
Time жана Newsweek журналдары, The Financial Times гезити, Лондондон чыккан The Economist жана Нью-Йорктон чыккан The Wall Street Journal мусулман дүйнөсүндөгү антиамерикалык тополоңдорго, Кытай менен Жапониянын ортосундагы жаңжалга негизги көңүлдү бурду, араб дүйнөсүндөгү татаал процесстер да унутта калган жок. Фотосүрөттөр, репортаждар, эксперттердин ойлору Батыш басма сөз беттеринде кеңири орун алууда.
Мусулман дүйнөсүндөгү нааразылык акциялар көп замандан бери келаткан ич күптүнүн, таарынычтардын, нааразылыктардын жеткен чеги, кульминациясы болду десек туура болот го. Ислам - бул архаикалык адат-салттарды карманган дин, ислам - бул ооганстандык “сакалчандар”, “террористтер”, ислам - деген хижаб, бетин чүмкүгөн аялдар деген сыяктуу примитивдүү жана бир жактуу стереотип-клишелер Батыш дүйнөсүндө 1979-жылдагы Иран революциясынан кийин айрыкча катуу таралып кеткени, ал жактагы элдин мээсине терең сиңип калганы эч кимге жашыруун эмес.
Ал эми жакында Лос-Анжелесте жасалган Мухаммед пайгамбар тууралуу фильм, кечээ эле кийинки Франциядагы Мухаммед тууралуу каррикатура кайсы бир деңгээлде ошол үстүрт, туура эмес түшүнүктөрдүн натыйжасы болууда. Бул массалык акциялар дүйнө элдеринин аң сезимине кандай из калтырат, дагы кандай социалдык жана геосаясий жыйынтыктарга алып келет - мунун алдын ала айтуу өтө кыйын маселе. Бирок өз ара түшүнүшүү жана диалог болбосо дүйнөнүн келечеги дагы да татаалданып кетиши толук мүмкүн экенин өткөн жумадагы окуялар дагы бир жолу ачык көрсөттү окшойт.
Дүйнө басмасында көп талкууланып жаткан дагы бир маселе - козголгон Кытай темасы болууда. Түштүк-Кытай деңизинде жайгашкан эки кенедей аралчадан чыккан дипломатиялык жаңжал Жапония менен Кытайдын ортосуна алоолонгон отту жакты. The Wall Street Journal бул маселеге атайын макала арнап, бир жарым миллиард калкы бар Кытай деңиз сыңары толкуп, жүздөгөн шаарлар дүрбөп, тынч жаткан калк антижапондук истерияга белчесинен батып кеткенин жазып чыкты. Нааразылык акциялары кээде түз эле америкалыктарга карата болгон нааразылыкка өтүп кетип жатат, дейт журнал. Себеби Бээжинде көчөгө чыккан кытайлар АКШнын элчиси түшкөн машинени да ороп, аз жерден америкалык дипломатка кол салуу боло жаздаганын кабарлады The Wall Street Journal.
Ал эми популярдуу орус гезити “Новая газета” Бээжиндеги жапон элчилиги ыргыткан жумурткалардан улам биротоло ботала болуп, саргарып кеткенин, элчиликтин тегерегине 5 миңден 10 миңге чейин эл чогулганын, баарынан да опурталдуусу “Жапонияга согуш ачабыз!”деген лозунгдар эл арасында көп болуп атканын жазды.
Эми учурдагы дагы бир бүйүр кызыткан тема - Америкадагы президенттик шайлоо маселесине келели. Бул тууралуу материалдар Time журналында, азыр эле аты аталган The Wall Street Journal да жарыяланды. Маселен, The Wall Street Journal Барак Обаманын атаандашы Митт Ромни каталарды көбүрөөк кетирип, улам-улам оозунан жаңылып, бир топ аброюн кетирип алганын, ал эми Обаманын ылдыйлап кеткен рейтинги, тескерисинче улам жогорулап баратканын сөз кылды. NBC News, Marist Poll сыяктуу массалык маалымат каражаттарынын сурамжылоосуна караганда, Обаманын шансы мурункудан бир топ жакшырды, деп жазды ошол эле журнал.
Forbes жана Time журналдары Американын экономикасы оңолуу жолуна түшкөндөй белгилерди берип жатканы тууралуу маалыматтарга орун берди. Маселен, Apple аттуу телефон, компьютер чыгарган атактуу компаниянын иши кийинки убакта абдан катуу оңолуп, жаңы чыгарган телефондору бүт дүйнөдө ажиотаж жасап, Американын бюджетине дээрлик 2 пайыз каражат кошо турганы маалым болду, дейт Forbes.
Ал эми Time журналы болсо бул мамлекетте финансылык кризистен улам таптакыр төмөндөп кеткен үй-жай баалары азыр кадимкидей көтөрүлүп, алармандар көбөйүп баратканын билдирди. “Жаңы жарыяланган маалыматтарга караганда, үй-жай куруу жана сатуу маркети кыйла жанданып, Американын экономикасын алдыга тартып кетүүгө даяр болуп калды сыяктанат”, - деп жазат эксперт Кристофер Метьюз Time журналында.
Акырында Лондондон чыкчу The Telegraph гезитиндеги бир урунттуу материал менен да окурмандарды тааныштыра кетели. Гезитте коңшулаш Казакстанда жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча катуу иштер жасалып, “Жаңы жумуш орундары-2020” деген план түзүлүп, казак өкмөтү 1.5 миллион адамга жумуш орундарын камдап жатканы жазылыптыр. Ошол эле The Telegraph дагы бир кошунабыз Тажикстанда да бул багытта алгылыктуу пландар, долбоорлор иштелип, жакынкы келечекте 250 миң жаңы иш орундарын түзүү маселеси каралып жатканын кабарлады.
Тилекке каршы, биздин Кыргызстанда элге иш берип, жарандарыбыздын жашоосуна жардам көрсөтүү боюнча эмне пландар жана долбоорлор аткарылып жатканы тууралуу эч бир чет өлкөлүк гезитте, же журналда кабар да, маалымат да кездешкен жок...