Шекспирдин жардамчы автору болгонбу?

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп. (30-апрель - 6-май.)
Дүйнө басмаларын барактай отуруп, бир нече суроолордун үстүнөн чыктым. Маселен, атактуу Time журналы улуу драматург Уильям Шекспирдин жардамчы автору болгонбу? деген суроо коюптур. Коюптур да, ал суроого бир топ ишенимдүү жооп тааптыр. Ал эми The Тew York Times гезити болсо ден соолукка арналган атайын рубрикасында: “Эрте мененки тамакты ичпегендер диабетке чалдыгабы?” деп суроо салып, ага адис окумуштуунун кеңири комментарийин бериптир. Ошол эле Time журналы космос темасына кайрылып, “Астероиддерден кен казып алгандар чыгабы?” деген ат менен макала жарыялап, ага да кызыктуу жоопторду жарыялаптыр. Анда эмесе өткөн аптада дүйнө басмасы эмне деген кызыктуу макалалар менен көзгө урунду, кеп тизгинин ошол жакка буралы.

Адегенде саясий жаңылыктардан кыскача мазмуну тууралуу. The Economist журналы “Баш көтөргөн Саркофобия” деген макалада Парижден чыккан L’Humanite газетасына шилтеме жасап, француздардын мамлекет башчысы Николя Саркозинин иши өткөн жумада тескерисине айланып, жамбашы ээрден эмитен кыйшая баштаганын жазды. Ал тургай L’Express гезити Саркозини “Францияны маскара кылды” деп макала жарыялап, шайлоочуларды анын теңтайлашы Олландга добуш берүүгө үндөдү.

The Сhristian Science Monitor гезити былтыркы жылы америкалык десантниктер тарабынан өлтүрүлгөн атактуу террорист Усама бин Ладендин колго түшкөн каттары, жазуулары тууралуу макала чыгарды. Көрсө, Ал-Каеданын террористтик пландары Усама ойлогондой жүзөгө ашпай, айрыкча Америкага карата жасалмак болгон чабуулдар оңунан чыкпай жатканы аны абдан кейитип жүргөн экен. №1 террорист айрыкча Американын лидерлерине, керек болсо Барак Обамага кол салууну тапшырып, жок дегенде Ооганстандагы Америка аскерлеринин башкы командири Петреустун тик учагына, башкача айтканда вертолетуна атака кылуу керек деп көп сураныптыр. Эгер Обаманы жок кылсаңар, анын ордуна президенттикке эч бир даяр эмес вице-президент Жо Байден келет да, Америка чыныгы кризистин сормо сазында калат деп болжол кылган экен Усама бин Ладен.

Ошону менен бирге ал Аль-Каеданын активисттерине басма сөз менен жакшы иштегиле, прессага чыккыла деп тапшырма берчү экен. Усаманын тынчын алган дагы бир маселе - дүйнөдө терроризмге каршы чыккан мусулмандардын саны улам көбөйүп баратканы экен, деп жазып чыкты The Сhristian Science Monitor гезити.

Улуу драматург Уильям Шекспирдин жардамчы автору болгонбу? деген провокативдик суроо коюп, Time журналы ага мындай деп жооп кайтарды. Охфорд университетинин эки филологу “Жакшы иш болсо жанагы, жакшы бүтөт аягы” (All’s Well That Ends Well) деген Шекспирдин пьесасын абдан майдалап изилдеп, чынында эле улуу англис драмтургу чыгармасын дагы бир автор менен чогуу жазганын далилдеди. Бирок Шекспир чыгарманы ал автордон уурдап же көчүрүп эмес, идеясын айтып, тажрыйбалуу драматург катары жетекчилик кылып, жол көрсөтүп, кай жерин кандай жазуу керек экендигин айтып турган окшойт, дейт Time журналы. Бул эки окумуштуу Шекспирге жогорудагы пьесаны жазууда жардам берген автордун ысмын да таап чыгышты, анын аты Томас Мидлтон (Thomas Middleton) экен.

Time журналы бир катар таанымал бизнесмендер “Титаник” фильминин атактуу режиссеру Жеймс Камерон менен бирге космостогу астероиддерге жетип, андан азыркы замандын өндүрүшүнө абдан керектүү платина, жез, никель, алюминий, цинк, алтын сыяктуу пайдалуу кендерди казып алуу керек деп демилге көтөрүп жаткандыгын жазып чыкты. Ушул пайдалуу кендер космосто жайнап жүргөн астеориддерде абдан көп экен жана аны өздөштүрүү колдон келе турган жумуш экен.

Newsweek журналы ден соолукка керектүү бир пайдалуу маалыматты жарыялады. Окумуштуулардын изилдегенине караганда, эрте мененки тамакка өтө көп адамдар анча маани бербей, жалаң эле Америкада 30 миллионго жакын адам ишке ачка боюнча кетет экен. А бирок дал эрте мененки тамак - эң маанилүү тамак дешет адистер. Медиктердин байкашынча, диабет-2 деген ооруга чалдыккандардын негизги көпчүлүгү ошол эрте мененки насипке анча маани бербей, же арыкташ үчүн, же жумуштан кечикпейин деп негизги тамакты түштө же кечиндеси ичкендер экен.

The Сhristian Science Monitor гезити Барак Обаманын жаш кезинде, башкача айтканда 80-жылдары ашык болуп жүргөн Женевьев Кук аттуу жүрөктөшүнүн эскерүүсүн жарыялады. Эскерүүдө Женевьев ошол кезде эле Обама оор басырык, ойчул, максаттары чоң, ошону менен бирге австралиялык дипломаттын кызы, ак жүздүү ашыгына абдан жакшы жагынан көзгө көрүнгөнү айтылыптыр. Көрсө, эч качан эмоцияга алдырбаган, токтоо Обама ошондо эле ушул мүнөзүндө экен.

Ошону менен бирге Обама ал кездеги ашыгы Женевьевге ар дайым өзүнүн расалык ажырымын эскерте жүрчү экен жана бул маселеге абдан эле чоң маани берчү экен. Дегинкиси, Америка президентинин бир кездеги жүрөктөшү Женевьев Обама тууралуу эч бир жаман сөз айтпаптыр жана бул эскерүү президенттин биографиясына да киргени жатыптыр. Бул макаланы The Сhristian Science Monitor гезитинин акыркы номурунан окуй аласыздар.