Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (23-29-апрель)
Эл аралык пресса өткөн аптада Сириядагы эч бир токтобой аткан кан төгүүлөр, Франциядагы президенттик үчүн шайлоонун экинчи саамы, Бахрейндеги кайра башталган саясий чыңалуу тууралуу көп жазды. Ошону менен бирге бир катар аналитиктердин көңүлү Орусия менен Украинада болуп аткан бир катар маанилүү процесстерге бурулууда.
Маселен, Орусиядагы эң эле абройлуу деген “Независимая газета” азыркы орус президенти Дмитрий Медведевдин, өкмөт башчысы Владимир Путиндин өткөн төрт жылда аткарган иштерине баа берди. Карай келгенде деле мактана турган иштер өтө аз болуп чыкты. Биринчиден, коррупциянын тамырын кыркып, биротоло ооздуктайбыз деген убада куру сөз боюнча гана калып, тескерисинче, паракорлук Орусияда абдан күчөп кеткени айтылды. Экинчиден, орус экономикасы мурункудай эле эсепсиз кен байлыктардын, негизинен газ жана карамайдын эсебинен жашап жатканы, эгер бул эки заттын баасы дүйнөлүк базарда төмөн түшүп кетсе, Орусиянын экономикасы да оңой эле оңкосунан кетээри белгиленди.
Экономикалык өсүш жагынан болсо Орусия КМШ өлкөлөрүнүн ичинде да араң 9-орунду ээлеп, Армения менен Украинадан гана бир аз астыраакта экен. Ал эми бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, конкуренцияга жарамдуулук жагынан Орусиянын эл аралык рейтинги мурдагыга караганда абдан эле төмөн түшүп кеткени белгилүү болду.
RBK daily агенттиги Путиндин менчиги деп айтылып жүргөн, бирок азырынча чын-бышыгы билине элек Кара деңиз боюндагы кансарайдын сүрөтүн басты. Жалпы баасы бир миллиард долларга барабар бул керемет курорт Крымдагы Геленжик деген жерде курулуп, быйыл биринчи жолу эс алуучуларды кабыл ала баштаптыр.
Дагы бир орус гезити “Комерсанть-Деньгинин” жазганы боюнча жалаң Орусиянын ичинде Медведев менен Путинге таандык деп эсептелген 26 келбети келишкен имарат бар экен, бирок Путиндин расмий декларациясына карасак, анын бир жарым гектар гана жери, 77 чарчы метр квартирасы, эски “Нивасы”, эки “Газиги”, “Скиф” деген машинага чиркеген прицеби гана бар.
Баса, өткөн жумада бир катар гезиттер дагы бир жолу Людмила Путина кайда деген суроону көтөрүшүп, бирок ага эч кимиси ачык-даана жооп таба алышпады. “Независимая газета” жазганына караганда, Путин коомдук иш-чараларга жалаң жалгыз өзү барып, ал эмес 6-январда, Путиндин туулган күнүндө да Людмила Путина анын жанынан эч бир көрүнбөптүр. Ошол эле Путин Спасо-Преображенский соборуна Рождествого карата сыйынганы келгенде, дагы да болсо жанында мыйзамдуу аялы жок болуп чыкты, дейт газета.
Ал эми Лондондон чыккан The Daily Telegraph гезити Путин менен гимнастика чемпиону Алина Кабаеванын тарыхын ачык эле шардана кылып, ал гана эмес Алинанын Путинден төрөгөн баласы бар экенин көптөн бери кабарлап келатат. Бирок бул тууралуу эң биринчи маалыматты тараткан The New York Post гезити болгонун да эске сала кетели.
Эми мурунку советтик республика Украинадагы саясий турмуш тууралуу да эки ооз сөз. Азыркы Украина президенти Виктор Янукович эскерүү китептерин үстөккө-босток чыгаруу менен алек болуп, ал үчүн баш-аягы 2 миллионго жакын доллар акча жыйнаганын Интернеттеги бир катар жаңылык сайттары кабарлап чыкты. Жазуучулук жагынан башта эч качан өзүн көрсөтпөгөн Януковичтин бул жаңылыгы коомчулук арасында ар кандай пикирлерди таратып, жазуучулар арасында бул китептерди Янукович эмес, башка адамдар жазып, даярдап берүүдө деген ойду да айткандар жок эмес.
RBK daily агенттиги мурунку премьер-министр Юлия Тимошенко түрмөдө жаткан жеринде катуу ооруга кабылып, бирок дарылануудан таптакыр баш тарткандан кийин, бийлик аны зордоп ооруканага жаткырганын кабарлады. Ошону менен бирге RBK daily агенттиги мурунку өкмөт башчынын, башкача айтканда Тимошенконун денеси көгала болуп, ур-токмокко алынган деген маалыматты таратты. Бул маалымат тез эле дүйнөгө тарап, анын натыйжасында Германиянын президенти Йоахим Гаук мурунтан даярдалып келген Киевге расмий сапарын нааразылык иретинде токтотуп койгону белгилүү болду. Азыр эми президент Янукович башкы прокуратурага бул маалыматтын чын-бышыгын билүүнү табыштап, дегинкиси Украина бийликтери эл аралык аренада абдан эле оңтойсуз абалда калды. Азыр Тимошенкону Украинадан алып чыгып кетип, Германияда дарылоо керек деп канцлер Ангела Меркель өзү киришип жаткан кези.
Ошол эле Украина тууралуу дагы бир маалыматты ортого сала кетейин. Бул мамлекетте орус тилинин статусу боюнча аябагандай кызуу талаш-тартыштар башынан бери уланып келатат. Президент Янукович бул маселеге ачыктык киргизүү максатында мындай деп билдирди: “Биз бул маселени Европа стандарттары сыяктуу кылып чечебиз. Европада кээ бир мамлекеттер эки тилди бирдей колдонушат, кээ бири үч тилди да катар колдонот. Биз да мыйзам деңгээлинде ушул стандартты киргизишибиз керек. Укранина украин тилин да, орус тилин да бирдей колдонууга кызыкдар”. Муну жогоруда аталган “Независимая газета” басылмасы билдирди.
Дүйнөлүк басма сөздө Кытай жөнүндө кеминде бир макала же маалымат бербеген бир да гезит же журнал жок десек эч бир жаңылбайбыз го, анткени адамзаттын келечеги кааласак да, каалабасак да бул мамлекет менен тыгыз байланыштуу болоору азыр кимге да болсо түшүнүктүү болуп калды. The Financial Times гезити акыркы номурунда Кытай менен Гонг Конгдун ортосундагы бир кызык маселени ортого салды. Атап айтканда, оокаттуу кытайлар аялдарын ар кандай жолдор менен Гонг Конгго виза менен жөнөтүп, баланы ошол жерден төрөткөнгө аракет кылышат экен. Анын себеби Гонг Конгдо төрөлсө, бала ошол жердин жараны деген статус алат, билим берүү сапаты да жакшы, демократия бар, чет өлкөгө чыгып кетүү да алда канча жеңилирээк. Кийинки учурда мындай фактылар аябагандай көп болуп кеткендиктен, ошол эле Кытай мамлекетинин бир бөлүгү болуп эсептелген Гонг Конг чектөө киргизип, ансыз да батпай аткан элди чоң Кытайдан келген журтташтардан коргоо аракетин көрүп жатыптыр.
Серебибизди Time журналындагы бир пайдалуу маалымат менен аяктайлы. Адам баласынын денесин ар кандай шлактардан тазалап турган, айрыкча артерияны сактап турган орган - бул бөйрөк деп жазат журнал. Ошол бөйрөктү жакшы абалда сакташ үчүн төмөнкү үч эрежени ар дайым аткарууга аракет кылыңыз, дейт журнал. Биринчиси, дегидрация, башкача айтканда суунун жетишсиздиги бөйрөктө ар кандай керексиз заттардын пайда болушуна алып келет, ошондуктан эч кандай концентраттары жок таза сууну машинада жүрсөңүз да, тамак ичсеңиз да, айтор, баардык учурда таза суу ичкенге аракет кылуу керек экен.
Экинчиси, эки сткан айран же бир стакан сүттү күн сайын ичип туруңуз, дейт Time журналы. Бул экөөнүн составында кальций бар, ошондуктан кан басымын нормада кармоого 25 пайызга чейин жардам берет. Үчүнчүсү, бөйрөктөгү таштын пайда болушу негизинен тамакка кошуп ичкен туздан улам пайда болоору белгилүү, ошондуктан тузду ар дайым ченеми менен колдонуу зарыл, анткени, деп жазат Timе, ашыкча туз ага муктаж болгон кан тамырларга жетпей, көбүнчө бөйрөктө калып калат да, таштын пайда болушуна алып келет.