Time: Орусия жашыруун курал-жарак чыгарууда

Дүйнөлүк басма сөзгө сереп. (14-21-апрель)
Өткөн аптадагы эл аралык пресса негизинен Сириядагы эч бир токтобой аткан ич ара кагылыш, Францияда боло турган президенттик шайлоо, ошондой эле Барак Обаманын теңтайлашы Митт Ромни тууралуу макалаларга, анализдерге көбүрөөк орун берди. Экинчи жагынан, бул аптадагы гезит-журналдарда экономикалык кризис тууралуу мурункуга салыштырганда азыраак сөз болуп, болсо да Германиядагы жакшы экономикалык көрсөткүчтөр, Американын оңолуу жолуна түшүп бараткан өндүрүшү жөнүндө маалыматтар жарыяланды.

Ушуга караганда дүйнөдөгү экономикалык кризис аз да болсо жеңилдеп, финансылык чыңалуу аз да болсо да жазылып баратабы дегендей таасир калат. Мисалы, The Economist журналы, The Sunday Times, The Сhristian Science Monitor гезиттери, Time жана Newsweek жумалыктары өткөн аптада негизинен маданият, спорт, саламаттыкты сактоо маселелери тууралуу көбүрөөк жазды. Ал түгүл жалаң бизнесмендер, финансисттер, экономисттер сүйүп окуган The Finansial Times гезити да баарыбыздын кулагыбызга сиңип бүткөн Грециядагы кыйын акыбалды, Испаниянын, Италиянын тышкы карыздарына азыраак токтолду. Fortune журналы болсо адаттагыдай эле дүйнөдөгү эң акчалуу адамдардын, мыкты деген компаниялардын, эң таланттуу деген бизнесмендердин тизмесин жарыялады.

Баса, Франциядагы шайлоо тууралуу эки ооз сөз. Өткөн аптадагы маалыматтарга караганда, Николя Саркози да, анын каршылашы Франсуа Олланд да күчүн экинчи турга сактап тургандай. Алдын ала айткан болжолдор боюнча бул эки каршылаштын шансы дээрлик бирдей. Ырас, RBKdaily агенттигинин билдиргенине караганда Николя Саркози атаандашы Франсуа Олланддан азыраак колдоого ээ. Деле орус гезиттери Саркозинин дагы бир жолу бийликте калышын каалабай тургандай.

Ал эми Барак Обама менен мурунку губернатор, белгилүү бизнесмен Митт Ромнинин ортосундагы таймаш азыртан эле журналисттердин бүйрүн кызыткан темага айлана баштады. Сурамжылоолордун жайынтыгы боюнча Обама каршылашы Ромниге караганда алдыраак орунда турат. The Economist журналынын пикиринде, бул экөөнүн чыныгы таймашы али алдыда. Булар эми айрыкча аялдардын добушун алуу үчүн бүт аракетин жумшайт, себеби экономикалык кризис биринчи кезекте аялдардын акыбалын абдан начарлатып, жумушсуздук негизинен аялзаттын башына түшкөн азап болду. Статистикага карасак, 2009-жылдагы жумушсуз калгандардын 93 пайызы аялдар экен.

Экинчи жагынан, азыркы президент Барак Обама тынчтыкты сүйгөн саясат жүргүзүп, Американы араб революцияларына да, Сириядагы ич ара согушка да анча көп аралаштырган жок. Ал гана эмес Иран маселесин да дипломатиялык жол менен маселе чечүү керек деген позициясынан дале болсо тайый элек. Ошондуктан Лондондон чыккан The Guardian гезити да Митт Ромниге караганда Барак Обаманын шансы азырынча жогорураак деп болжолдогону бекеринен болбосо керек. “Биз эл катары өсүп-чоңойдук, бизге ата-энебиз туулганда эле оозубузга күмүш кашыктан тамак жедирген жок” деп айткан Обманын сөзү ата-бабасынан бери абдан бай Митт Ромнини бир топ чычалатты окшойт, себеби ал дароо эле “атам бай болсо эмгеги менен бай болду” дегендей жооп кайтарды. Ошол эле The Guardian азыр да бүт үй-бүлөсү бизнес менен алектенген, дини боюнча мормон (бир кезде Европада катуу тыюу салынган диний секта) Ромни алдын ала тандоо процессинде акчаны аябагандай чачып, алдыга озуп чыкканын эске сала кетти.

Time журналы орус армиясынын жаңы куралдары тууралуу макалага орун берди. Сергей Птичкин деген аналитиктин жазганына таянып, бул журнал орустар таптакыр жаңы физикалык принциптерге таянган жашыруун курал-жаракты чыгарууга киришкенин маалымдады. Ал курал “психотрондук” мега-курал болоорун, ал, мисалы, жүрүп бараткан танкаларды ордуна тык токтотуп, мотордогу күйүүчү майын алыстан туруп өчүрүп таштаарын жазып чыкты. “Киши өлтүргүч робот”, “киши өлтүргүч нур”, “парапсихологиялык” принципке таянган курал-жарактар жакынкы келечекте орус армиясынын колуна тийиши мүмкүн жеп жазат Time журналы.

The Сhristian Science Monitor гезити келечектеги технологиялык таймаш тууралуу макала жарыялады. Ал материалда Америка кийин да технологиялык жактан лидерлигин сактайбы же Кытайга биринчиликти алдырып жибереби деген суроо коюлуп, ага мындай жооп айтылды: Кытай азыркыдай авторитардык саясий системада жашай берсе, Америкадай ийкемдүү система түзө албаса, ал эч качан алдыга озуп чыга албайт. Анткени акыл-ойдун эркиндиги болбогон жерде технологиялык секирик жасоо да кыйын нерсе. “Ким технологиялык жактан лидер болсо, ошол мамлекет аскерий жактан да ар дайым биринчиликте болот, анткени аскерий биринчилик азыркы заманда алдыңкы технологияга багыныңкы”, дейт The Сhristian Science Monitor гезити.

Fortune журналы эң соңку номурунда дүйнөдөгү эн улуу 12 ишкердин тизмесин жарыялады. Кызык жери, эң биринчи орундарга компьютердик, маалыматтык технологиялар менен иштеген бизнесмендер чыгыптыр. Эң байлар да, эң келечектүү бизнесмендер да ушул тармакта экен. Биринчи орунду Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс ээлептир. Бул компанияда 63 миң киши иштеп, ишкананын акциясы дүйнөдөгү эң кымбат акцияга айланыптыр. Экинчи орунда атактуу Билл Гейтс, Майкрософт корпорациясынын түзүүчүсү чыгыптыр. Кийинки орундарда ошол эле компьютердик технологиялар менен шугулданган Жеф Безос (“Амазон” деген программалык продукцияларды чыгарган компания), Ларри Пейдж жана Сергей Брин (Google компаниясынын ээлери) жана башкалар турат экен.

Серептин акырында саламаттыкты сактоого тиешеси бар бир жаңылыкты ортого сала кетели. The New York Times гезити америкалык медиктер оору адамдан алынган анализдер өтө эле көп деп айтып, бир катар анализдерди дегеле токтотуу керек деген демилге менен чыгышканын жазып чыкты. Көрсө, Америкада баары болуп 45ке жакын ар түрдүү медициналык анализдер тапшырылат экен да, буга кеткен каражат мамлекет саламаттык сактоого жумшаган каражаттардын үчтөн бирин түзөт экен. “Ыгы жок сарптар, ашыкча анализдер Америка медицинасынын негизги кризиси” деген ойду дарыгерлер өздөрү айтып жатыптыр. Бул маалыматты The New York Times гезити акыркы санында жазып чыкты.