Алакандагы дүйнө

Сириядагы кандуу булоон өткөн аптада да дүйнөлүк басма сөздөгү башкы темалардан болду.

Дүйнөлүк басма сөзгө сереп (20-26-февраль)
Өткөн жумада дүйнөлүк басма сөз бетинен түшпөгөн үч орчун маселе болду: дале болсо Сириядагы кандуу тополоң, Грекиянын бүт Европага кедергисин тийгизип аткан чоң карызы жана Иран маселеси. Ал эми «Тайм», «Ньюсуик» жумалыктары, айрыкча «Нью-Йорк таймс», «Крисчен сайенс монитор» сыяктуу сыяктуу гезиттер баштагыдай эле Америкадагы президенттик шайлоого карата праймеризге, башкача айтканда, алдын ала сынакка көп орун беришти. Маданият, илим, спорт жаңылыктары да көңүл борборунан четтеген жок.

Анда сөздү Иран маселесинен баштайлы. Лондондон чыккан «Гардиан» гезити Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин өкүлдөрү өткөн жумада Тегеранга сүйлөшүүгө барып, бирок тез эле кайра келгенин, Ирандан дээрлик куру жалак кайтканын жазып чыкты. Агенттиктин азыркы жетекчиси Юкио Амано Тегеранга сапар таптакыр жыйынтыксыз болгонун, Парчин деген жашыруун комбинатты көрсөткүлө деген сураныч жоопсуз калганын өкүнүч менен белгиледи, дейт «Гардиан». Ошол эле «Гардиан» гезити Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Нежазинин: «эми биз мындан ары душманга душмандай мамиле жасап, мамлекетибиздин кызыкчылыгына эч качан кыянат кылбайбыз» деген сөзүн мисалга келтирип, бул маселе жүрүп отуруп дагы бир эл аралык жаңжалга себеп болот окшойт деген санааркоосун ортого салды. Айткандай эле, өткөн аптада Иран менен Сирия биргелешип, мунайзат ташыган кеме кербендери өтчү Ормуз кысыгнда аскерий машыгууларды баштады. Бул опурталдуу машыгуу Батышка карата кадимкидей аскерий айбат экендиги айтпаса да түшүнүктүү го.

Ал эми Сирия өкмөтү болсо Башар Асаддын бийлигине каршы чыккан калайык калкка ок атканын ого бетер күчөтүп, шейит кеткендердин саны 7000ден ашканы кабарланууда. Бул факт эл аралык коомчулукту кыйын акыбалга калтырды, дейт «Нью-Йорк таймс» гезити. Деле Иран маселеси, Сириядагы кан төгүүлөр бара-бара Америкадагы шайлоо өнөктүгүнө да тема болуп берип, президентикке ат салышып аткан кандидаттар Барак Обаманы азыртан эле сын токмогуна ала баштады. Кокус Иран чын эле атом бомбасын жасаганга жетишсе, Сириянын азыркы жетекчиси жасаган кылмыштары үчүн Мубарак же Каддафи сыяктуу жазаланбай калса, анда биринчи кезекте Президент Обама сөзгө калып, «чечкинсиз», «жумшак», «алысты көрө билбеген» деген атка коно турганы эмитен эле көрүнүп калды деп белгилейт газета. Бекер жеринен экинчи жолу шайланууга камынып жаткан Франция Президенти Николя Саркози: «Башар Асад чектен чыгып кетти, жетет эми» деген сөзүн калайык-калкка угуза айткан жок сыяктанат.

Баса, жакында Американын Харрис аттуу агенттиги АКШнын эң мыкты жана эң жаман президенти ким болгон деген сурамжылоо жүргүздү. Эң мыкты президент деп Авраам Линкольн, андан соң Рейган, Рузвельт, Кеннеди жана Билл Клинтон эсептелээри билинди. Ал эми эң начар америкалык лидер деген пикир мындан мурунку президент Джордж Буш, андан соң азыркы президент Обама, андан соң Ричард Никсонго карата айтылаары белгилүү болду. Бул кабарды орус маалымат агенттиги РБК-Твиттер таратты.

Өткөн жумадагы дагы бир кеңири талкууланган кабар - Ооганстанда өрттөлгөн ыйык Куран китеби болду. Көрсө, көп китептер, эски гезит-журналдар менен кошо арасында калган мусулмандардын ыйык китебин америкалык аскерлер байкабай өрттөп жибериптир. Аны билип калган оогандар Кабулдан баштап дээрлик баардык шаарларда көчөгө чыкты. Полиция менен катуу кагылышууда бир нече адам каза болгонун, Обама атайын кечирим сурап кат жибергенин «Тайм» журналы да, Лондондон чыккан «Интернейшнл геральд трибюн» гезити да бир ооздон жазып чыгышты.

Албетте, биздин заман - саясаттын, экономикалык кризистердин заманы болуп калды. Бирок илим, техникалык прогресс, кудайга шүгүр, бир ордунда турган жок. Ага далил өткөн жумада илимий сенсация катары кабарланган атактуу окумуштуу-физик Альберт Эйнштейндин бир теориясынын иш жүзүндө далилдениши болду. Улуу окумуштуу алдын ала айткан бир гипотеза, башкача айтканда, физикалык бөлүкчөлөр эч качан жарыктын бөлүкчөлөрүнө (орусча «частицы света» деп айтылат) караганда ылдам учпайт деген ой Швейцарияда курулган коллайдердин 700 километрдик түтүгүндө жасалган эксперимент далилдеди.

Ал эми илимдин эң акыркы жетишкендиктерин чагылдырган атактуу «Нейче» (“Nature”) журналы өз сайтында бүт дүйнөгө кыйынчылык келтирген быйылкы оор кыш тууралуу жазып келип, дагы эле болсо жер планетасынын муз жана мөңгү запастары алда канча азайып, Арктика эрип, деңиз деңгээли кичине болсо да көтөрүлүп баратканын жазды. Демек, деп жазат «Нейче» журналы, жайдын куйкалаган ысыгы улам барган сайын мурда салкын деген территорияларга да тарайт, ал эми быйылкыдай кыш суугу дагы да көп кайталанышы толук ыктымал.

Экинчи бир кызыктуу илимий маалымат - келечекте бир адамдын геному (ДНК), жөнөкөй тил менен айтканда гени аркылуу адамдын, кыргыздар айткандай, түпкү тегин, жети атасын эле эмес, те атам замандагы ата-бабасын, ал гана эмес түп бабалары кайсы географиялык чөйрөдөн, башкача айтканда, Африкаданбы же Азияданбы, деле жер шарынын кайсы бурчунан бул жерге келип калганын билүүгө болот экен. Буга бир нече жылдар бою топтолгон адамдардын геномдук маалымат базасы же геномдук картасы жардам берет, дейт «Крисчен сайенс монитор» гезити.