"Forbes" журналы дүйнөдөгү отузга чыга элек, бирок таасирдүү 300 адамдын тизмесин чыгарды. Алардын арасында кыргызстандык Дастан Өмүралиев да бар.
Роботтук технологияны киргизген илимпоздор, саламаттык сактоо тармагына салымын кошкондор, шоу-бизнес жылдыздары баш болгон Азия - Тынч океан чөлкөмүндөгү 23 өлкөнүн 300 улан-кызы бул тизмеде орун алды.
Басылма быйыл тизмеге Монголия, Казакстан, Кыргызстан жана Лаос сыяктуу мурда-кийин "Forbes" журналынын таасирдүү адамдарынын катарына кошулбаган өлкөлөрдүн жарандары да катталганын жазды. Жаңы муундун өкүлдөрү өтө тез ийгиликке жетип, илимий-техникалык инновациялардын да башында турат. Айрыкча Евразиядагы экономикалык, саясий, коомдук абалды өзгөртүүдө отузга чыга электер жаңыча ойлонуп, кайра калыбына келүүчү энергия булактарын, экологияга зыяны жок жашоо жолдорун издеп жатышат.
2019-жылдагы тизмеде өтө кызыктуу жана ар түрдүү жаштар чогулду. Мисалы, камбожиялык Йим "Demine Robotics" компаниясын негиздеп, аралыктан башкарылган, жер алдындагы миналарды зыянсыздандырган роботторду чыгарды. Йим эми өз өлкөсүнө гана эмес, Ооганстан, Ирак жана Колумбия сыяктуу согуштун азабын тартып, далай жери миналанган мамлекеттерге да жардам берүүнү көздөп жатканын журналга билдирди. Мындан тышкары таза энергия булактарын чыгарган компанияларды негиздөөчүлөр, жаш юристтер сыяктуу бир нече кесиптин ээлери тизмеде орун алды.
Дастан Өмүралиев Кыргызстанда экологиялык таза мөмө ширелерин чыгарган компанияны негиздеп, анын ширелери Борбор Азияга кеңири таркап жаткан кез.
Кытай Борбор Азияга аскер базасын орнотот
"Jamestown" фондунун "Eurasia Daily Monitor" басылмасына талдоочу Пол Глобдун "Алдыдагы беш жылдын ичинде Кытай Борбор Азияга аскерий базасын ачат" деген темадагы макаласы чыкты.
"Орусиядагы Урал федералдык университетинин кытай таануучусу, окумуштуусу Дмитрий Желобов "Регнум" агенттигине Шинжаңдагы радикалдашуунун алдын алуу үчүн Кытай биринчи кезекте Борбор Азиядагы өлкөлөр менен байланышын чыңдап, бул аймакта өзүнүн аскердик күчтөрүн топтой баштарын айтты. Мындай божомолдор Батыштагы басма сөз каражаттарында да байма-бай айтылып жүрөт. Ушундан улам Желобов Орусия, АКШ жана Кытайдын аймактагы аскерий күч сынашуусун анализдеш керек деген ойдо.
Акыркы жыйырма жылдан бери Орусия АКШнын чөлкөмдөгү аскерий кийлигишүүсүнүн мизин кайтаруу аракетинде. Ал арада Москва Бээжинди стратегиялык өнөктөш катары көрүп, Шанхай Кызматташтык Уюму түзүлүп, Борбор Азиядагы беш өлкөдө таасирин бирдей жайылтууну көздөгөн. Бирок Кытайдын аймактагы "жылма саясатынан" улам акыркы мезгилде Евразиянын Кытайга болгон көз карандылыгы арбып барат. Ал тургай Шинжаңдагы миңдеген мусулмандарды лагерге салса да, Кытайдын "жумшак" бийлиги алдында Борбор Азия унчукпай отурат", - деген Глоб кыргызстандык журналист Таалайбек Асановдун макаласынан да үзүндүлөрдү келтирген.
Ошондой эле серепчи чөлкөмдөгү улам көбөйүп бараткан Конфуций институттарына да токтолуп, миңдеген евразиялыктар Кытайдан билим алып жатканы да келечектеги геосаясий бурулуштарга жол ачарын божомолдойт.
Автор макаланын соңунда Желобов менен Асанов чыгарган тыянактын негизинде Бээжиндин аскерий базасы бул аймакта беш жылдан да эрте курулушу мүмкүн деп божомолдойт.
Кыргыз-казак жетекчилери Кытайга үн ката албай жатат
Жапонияда чыккан "The Diplomat" журналында Шинжаң темасына байланыштуу бир нече макала басылды. Алардын бири "Кыргызстан менен Казакстан Шинжаңга келгенде Бээжинге багынууда", - деген темада чыкты. "Шинжаңдагы лагерге камалгандардын ар биринин тагдыры зээнди кейитет. Алардын арасында кыргыздардын, казактардын жана уйгурлардын миңдеген туугандарынын көз жашы тыйылбай жатат.
Акыркы маалыматтарда Шинжаң лагерлеринде 1,5 миллион адам кармалганы айтылууда. Дүйнө өлкөлөрү Кытайдын бул зомбулугуна каршы баш көтөрө албай убара. Айрыкча коңшу казак-кыргыз өлкөлөрү Шинжаң маселесине өтө этият мамиле жасап жатат.
2018-жылдын этегинде кыргыз парламентинде айрым депутаттар өкмөттөн этникалык кыргыздардын абалын сурап, жооп алган эмес. Кийинчерээк президент Сооронбай Жээнбеков маселени дипломатиялык жол менен чечүү керектигин, Кытайдын ички иштерине кийлигишпей турганын билдирген. Расмий Нур-Султан да Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагерлерин "Кытайдын ички иши" катары сыпаттоодо", - деп жазды "The Diplomat".
Орусияда жашагысы келбегендер көбөйдү
"Newsweek" журналы орусиялыктардын арасында мүмкүнчүлүк болсо чет өлкөгө көчүп кетүүнү каалагандар арбыганын кабарлады. "Gallup" уюмунун сурамжылоосуна караганда 2007-жылга салыштырмалуу Орусиядан кетүүнү каалагандар 20 пайызга көбөйгөн. Сурамжылоого 2018-жылдын июнь айында 2 миңдей адам катышкан. Алардын жарымына чукулу 15тен 29 жашка чейинки жаштар.
2014-жылы Сочидеги кышкы Олимпиада оюндары, Крымды аннексиялоо өңдүү окуялардын фонунда патриоттук сезим курчуп турган маалда дал ушундай сурамжылоо жүргүзүлүп, катышкандардын 7 пайызы өлкөдөн көчкүсү келгенин билдирген.
Ал арада Бириккен Улуттар Уюму Орусияда демографиялык абал оорлоп, 2050-жылга чейин калкы 8 пайызга азаярын эскерткен. Өткөн жумада "Stratfor" журналы "Орусиянын калкынын саны азайса, экономикасы солгундап, чет жактагы аскерий кубаты да төмөндөйт" деп жазган.