Глиезе–1214б планетасында суу табылды

Космосту изилдөөгө зор салым кошкон Американын улуттук аэрокосмос агенттиги НАСАга 1-октябрда 55 жыл толду.
Өзүнүн мааракесин майрамдоо ордуна, НАСА кээ бир жасалма жандооч, космостогу чөлмөк, чексиз космос мейкиндигине дүрбү салган телескоп жана башка планеталардагы көлүк өңдүү илимий жабдыктарды өчүрүү менен тосту.

Себеби, бул илимий долбоорлорду каржылаган АКШ өкмөтү акчасыз калды. Америка конгрессинин эки палатасы улуттук бюджет боюнча бир пикирге келе албагандыктан 1-октябрдан тарта казынадан каржылоо убактылуу токтотулду.

Ага карабастан НАСАнын кызыл планета атыккан Марстагы 560 миллион чакырымдан ашуун жол баскан “Кюриёсити” (Curiosity) 2 жарым миллиард доллардык изилдөөчү көлүк-роботу өз ишин токтоткон жок. Бирок Жерге багыт алган астероиддердин кыймылын жана учуу траекториясын көзөмөлдөгөн “Астероид уоч” (Asteroid Watch) алдын-ала эскертүү кызматы өчүрүлдү.

НАСА толук кандуу иштебей жатканына карабастан, жакын арада үч чоң ачылыш жарыяланды. Алардын бири Глиезе–1214б (Gliese–1214b) планетасы.

Биздин Жерден алты эсе чоң Глиезе–1214б планетасынын атмосферасы плазма түрүндөгү сууга бай. Андай болгону менен, ал планетада жашоо жок деп жазды “Сайенс” (Science) журналы.

Глиезе–1214б планетасында аба ырайы жана басым жогору болгондуктан, ал жакта суу – буу, суюк же муз түрүндө эмес атмосферанын төмөнкү катмарында иондолгон плазма түрүндө кездешет.

"Субару" телескобу тапкан Глиезе–1214б биз жайгашкан Күн системасынан ары 400 триллион чакырым алыстыкта, Жыланчы деп аталган жылдыздар тобунда жайгашкан. Аты аталган планетада күн менен түн 38 саатта тогошот. Глиезе–1214б өзүнүн Күнүнө Жер менен салыштырмалуу 70 эсе жакын жайгашкандыктан, ал планетадагы температура 280°С градуска чейин жогорулайт.

Галактикада жашоо жаралышы мүмкүн

Ал ортодо планета гана эмес, жаңы галактика да табылды. НАСАнын "Хаббл" (Hubble) телескобу "Чандра" обсерваториясы менен биргеликте жылдыздар жана планеталар ушунчалык жыш жайгашкан галактика барын аныктады. Учурда M60–UCD1 деп аталган эргежээл галактика 10 миллиард жыл мурда жаралган деп божомолдонууда.

“Бул илимге тааныш галактикалардын эң жарыгы” деп жазды “Астрофизика” журналы (The Astrophysical Journal Letters). Окумуштуулардын айтымында, ал галактикада оор элементтердин көптүгү жаңы планеталардын жана алар менен бирге жашоонун жаралышына өбөлгө түзөт.

Кызыгы, ал галактиканын так ортосунда космостук “кара тешик” (чёрная дыра) да табылган. Божомолдор менен ал кара тешик башка галактика менен кагылышуудан улам пайда болгон. M60–UCD1 галактикасынын оор салмагы жана суутек менен гелийден оор элементтердин молдугу – ал галактика башка андан да чоң галактиканын калдыгы болушу мүмкүн деген пикир жаратууда.

Титанда көл-дарыялар бар

Эми Саманчынын жолундагы биз жайгашкан Күн системасына келсек. Жалпыга шакекчелери менен белгилүү газ гиганты, Сатурн планетасынын аныкталган 16 табигый жандоочусу бар. Алардын эң чоңу – Титан.

Күн системасындагы биздин Жерден башка ушул Титанда гана суу кездешет. Окумуштуулар тарабынан Титанда жашоонун эң жөнөкөй белгилери бар деп божомолдонуп келет.

Бул жандооч 1655-жылы табылган жана анда кадимки көл жана дарыялар бар делип келет. Биздин планетабыз жаралгандагы кездегидей шарттар азыр Титанда жана анын жер астындагы көлмөлөрүндө жөнөкөй жашоонун формалары бар деп айтылат.

Дал ошол Титанда НАСАнын “Кассини” (Cassini) телескобу пропиленди тапты. Пропилен – биз күнүмдүк жашообузда колдонгон желим буюмдарды жасоодо кеңири колдонулат. Азыркыга чейин планетабыздан башка жерде, пропилен табыла элек болчу. Бул ачылыш Титандын “химиялык зоопарк” атыккан атмосферасын терең изилдегенге чоң көмөк көрсөтөт деп жазды “Астрофизика” журналы.