ЕККУ саммити: Кыргызстан назар бутасында

ЕККУнун астанадагы саммити, 1-декабрь, 2010-жыл

Роза Отунбаева Астанадагы саммитте ЕККУга мүчө өлкөлөрдү Кыргызстандагы парламенттик башкарууну колдоого үндөдү.
Ал эми төрага - Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев анын өлкөсү Кыргызстандагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн “ЕККУнун баардык аспаптарын натыйжалуу пайдаланганын” дагы бир жолу кайталады.

ЕККУнун саммити акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери биринчи ирет өтүп жатат. Буга чейинки акыркы саммит 1999-жылы Стамбулда болгон эле. ЕККУга 56 өлкө мүчө. Астанадагы саммитке жалпысынан 68 мамлекеттин лидерлери катышууда.

Парламенттик башкарууну колдоо

Лидерлердин саммиттеги сөздөрүнө караганда, коопсуздук жана тигил же бул аймактагы жаңжалдардын жөнгө салынышы, ЕККУнун өзүнүн ишин жандандыруу саммиттин күн тартибиндеги башкы маселелерден болуп жатат. Коопсуздук маселесине өз сөзүндө кыргыз президенти Роза Отунбаева да токтолду:

-Биз ЕККУнун мейкиндигиндеги, анын ичинде Борбор Азиядагы коопсуздук жалпы, бирдиктүү жана бөлүнгүс болуусу керек деген ишенимдебиз.

Роза Отунбаева Кыргызстан Борбор Азиянын туңгуч парламенттик демократия куруп жаткан өлкөсү экендигин эске салып, мунун ийгилиги ЕККУга мүчө өлкөлөр менен кызматташтыкка да көз каранды экендигин белгиледи:

- Биз демократия шайлоо менен эле чектелбесин жакшы билебиз. Андыктан биз парламенттик башкаруу формасынын, Борбор Азиядагы алгачкы тажрыйбанын ийгилиги аз эмес деңгээлде менин өлкөм менен ЕККУга мүчө мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгына, тажрыйба алмашуусуна көз каранды болот.

Коңшулар колдогон эмес

Кыргызстандын парламенттик демократия куруу мүдөөсү авторитардык башкаруу өкүм сүргөн коңшуларына жага бербесин, атүгүл аймактын 90-жылдардан бери президенттик тактыда отурган мамлекет башчылары үчүн кооптуу экенин көптөн бери айтып келишет.

Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев
ЕККУнун мүчөсү жана расмий Бишкек стратегиялык өнөктөш катары эсептеген Орусиянын президенти Дмитрий Медведев атүгүл “парламенттик башкаруу Кыргызстанды кыйроого алып барышы мүмкүн” деген пикирин ачык эле шардана кылган эле. Андыктан байкоочулардын баамында, Роза Отунбаева парламенттик башкаруу жаатындагы кызматташтык дегенде ириде ЕККУнун бул чөйрөдө узун тарыхы жана тажрыйбасы бар өлкөлөрүнүн жардамын эске алды.

Дүйшөмбү шаарындагы “Индем” аналитикалык борборунун жетекчиси Саймуддин Дустов жалаң авторитардык башкаруудагы өлкөлөр ортосунда парламенттик демократия куруу жеңил эместигин айтат:

- Албетте мындай шартта парламенттик республика куруу абдан оор милдет. Бирок ошол эле учурда Борбор Азиянын бардык эли үчүн абдан маанилүү милдет.

Казакстандын салымы жана идеологиясы

Кыргызстандын маселесине ЕККУ саммитиндеги сөзүндө казак президенти Нурсултан Назарбаев да токтолду:

- Кыргызстандагы курч саясий кризис Борбор Азиядагы жаңы жаңжалдардын катализатору болушу мүмкүн эле. Биз АКШнын, Орусиянын лидерлери жана башка өнөктөштөр менен бирге жаңжалдын курчуп кетишин алдын алуу, өлкөнү стабилдештирүү үчүн ЕККУнун бардык аспаптарын эффективдүү колдондук.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев
Казакстан Кыргызтанды жарандык согуштан алып калганы жөнүндө президент Нурсултан Назарбаев буга чейин да бир нече ирет айткан эле. Бирок Казакстандын оппозициядагы жалпы улуттук Социал-демократиялык партиясынын лидерлеринин бири Амиржан Косанов учурунда расмий Астана Кыргызстандагы өзгөрүштөрдү терс жагын көргөзүүнү көздөгөн деп эсептейт:

- Башка калктарга үлгү болбошу үчүн расмий Акорда Кыргызстандагы өзгөрүштөрдү, менимче, терс жагынан көргөзүүгө умтулду. Андыктан Акорданын Кыргызстандагы кырдаалга туура мамиле жасады, анын оңдоо үчүн коңшу мамлекет же ЕККУнун төрагасы катары болсун чоң салым кошту деп мен айта албайм. Тескерисинче ошол күндөрү расмий идеология, мамлекеттик телеканалдардагы программалар Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн кемчилигине, көйгөйлөрүнө көңүл бурууга аракеттенди. Менимче ЕККУнун төрагасы катары Казакстан өз ишин талаптагыдай аткарган жок.

ЕККУнун кубатын арттыруу

Астана саммитинде ЕККУнун ишин жандандыруу маселеси да көтөрүлүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон уюм Кыргызстан кабылгандай чукул кырдаалдар ЕККУда мониторинг жүргүзүү укугуна ээл болуш керектигин көргөзгөнүнө токтолду:

Хиллари Клинтон
- Биз ЕККУ өзүнүн алкагындагы кризистерге эффективдүү жооп бергидей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек деп эсептейбиз. Азыркы кубатыбызды күчөтүү зарылдыгын Орусиянын да түшүнгөнү кубанычтуу жана биз Грузия менен Кыргызстандан көргөндөгүдөй чукул кырдаалдарда ЕККУ өз убагында, бейтарап маалымат беришине мүмкүндүк жараткыдай негизди табуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Саммиттен кийин Бишкекке иш сапары менен келе жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы 30-ноябрда Астанада жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Вашингтон Кыргызстанда демократияны колдоо үчүн мүмкүн болгондун баарын жасарын айткан.