Венгрияга окууга барбай калгандар нааразы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда мамлекеттик квота менен Венгриядагы университеттерде акысыз билим алууга байланыштуу кайрадан нааразылык чыкты. Бардык сынактан ийгиликтүү өтүп, тизмеде биринчилерден болгону менен окуу жайларга бара албай калгандар шектүү жагдайлар көп экенине арызданып жатат. Ушундай эле көрүнүш былтыр да болгон. Быйыл Венгрияда жогорку окуу жайларда акысыз окууга 75 орун бөлүнгөнү кабарланган.