Адам укуктары: Күн баарына тегиз тийиши керек

Эл аралык укук боюнча адистер Адам укуктарынын жалпы декларациясы дүйнө боюнча жарандык жана укук коргоочу уюмдардын жаралышына түрткү бергенин белгилешет.

Бириккен Улуттар Уюмунда Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынганына 10-декабрда туура 70 жыл толду.

1948-жылдын 10-декабрында жактырылган документтин кандай тарыхый мааниси бар? Ал эл аралык укук системасына кандай жаңылык, өзгөрүүлөрдү алып келген? Адам укуктарын коргоо ишинде бүгүн кандай глобалдык көйгөйлөр чыкты?

“Азаттык” радиосунун суроолоруна Вашингтондон Америка университетинин профессору, Юристтердин эл аралык комиссиясынын президенти Роберт Голдман (Robert Goldman) жана Женевадан Улуттар Уюмунун атайын трибуналынын мурдагы судьясы, Женева университетинин профессору Роберт Рот (Robert Roth) жооп беришти.

“Азаттык”: Роберт мырза, оболу биздин окурмандарга Адам укуктарынын жалпы декларациясы кандай тарыхый шарттарда кабыл алынганын чечмелеп бере аласызбы? Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгонун жалпы жонунан эле билебиз да.

Роберт Голдман

Голдман: Улуттар Уюмунун уставынын 54- 55-беренелеринде көргөзүлгөн фундаменталдык максаттардын бири - адам укуктарын урматтоо жана колдоо болгон.

Бул Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин анда жеңишке жетишкен өнөктөштөр орноткон дүйнөлүк тартиптин да эң башкы негизи эле. Башкача айтканда, бул жаңы башталыш болчу. Чынында эле Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда Улуттар Уюмунун уставында көргөзүлгөн адам укуктары менен фундаменталдык эркиндиктер эмнени туюндура турганы биринчи ирет кеңири чечмеленип, аларга аныктама берилди. Декларациянын биринчи эле беренесинде адамдардын баары жарык дүйнөгө эркин болуп келери, укугу жана ар-намысы жагынан бирдей экени көргөзүлдү. Андыктан 70 жылда мурда кабыл алынган декларация 20-кылымдын, балким эл аралык укуктун тарыхындагы эң маанилүү документ.

Бул ошондой эле адам укуктары жеке инсанга гана тиешелүү экенин дүйнөлүк, улуттук жана аймактык деңгээлде караган башталыш болгон. Декларация мындан сырткары адам укуктары боюнча азыркы кыймылдардын, дүйнө боюнча жарандык коомдун жана укук коргоочу уюмдардын жаралышына түрткү берди.

“Азаттык”: Роберт Рот мырза, мындан 70 жыл мурда Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган кездеги тарыхый учур, анын шарттары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу эмнелерди кошумчалай аласыз?

Роберт Рот

Рот: Эң башкысы 1948-жыл бурулуштуу учур болгонун эстөө керек. Бул Нюрнберг сот жараяны (Гитлердик Германиянын мурдагы жетекчилеринин үстүнөн жүргөн сот жараян) аяктаган, ошондой эле советтик система Чыгыш Европада курула баштаган кез эле. Ага катар дал ошол учурда Чыгыш жана Батыш өлкөлөрү, бөлөк мамлекеттер олуттуу делген маселелерди макулдаша алгыдай мүмкүнчүлүк жаралган. Анда Латын Америка өлкөлөрү абдан маанилүү, активдүү болчу, алардын добушу угулуп турган. Андыктан мамлекеттер Нюрнберг сот жараянынын уландысы катары Адам укуктарынын жалпы декларациясын макулдаша алды.

Натыйжада эл аралык мыйзам жеке адамды кайсыл бир мамлекеттин колдоосу жок эле коргой ала турганы таанылды. Анткени ага чейинки салттуу көз караш боюнча эл аралык мыйзам мамлекеттер ортосунда гана болуп, анын прициптерин өз аймагында мамлекет гана ишке ашырчу.

Нюрнберг сот жараяны калтырган мурастын бири - өтө оор жана чалкеш кырдаалдарда тигил же бул өлкө жеке адамдын укугун коргоп, сактай албай калса, аны эл аралык коомчулук алмаштыра алат деген идея болду.

1948-жылы Адам укуктарынын жалпы декларациясы менен бирге Геноцид боюнча конвенция да кабыл алынган.

Элеонора Рузвельт декларациянын испан тилиндеги тексти басылган плакатты кармап турат. 1949-жыл.

​Бул ошондой эле Улуттар Уюмунун Палестинаны бөлүү планы (1947-жылы кабыл алынган) ишке ашырылып, Израил мамлекети уюшулган жыл.

Башкача айтканда, 1947-48-жылдары эл аралык система бир нече олуттуу демилгени турмушка ашыра алган. Менимче, кийин андан ары барып, "кансыз согуш" доору башталган соң АКШ менен СССР келише алган айрым маселелерди гана эске албаганда олуттуу демилгелерди эл аралык деңгээлде алдыга түртүү мүмкүн болбой калган.

Декларациянын тикелей жана кыйыр таасири

“Азаттык”: Адам укуктарынын жалпы декларациясынын тарыхый мааниси ошол 1948-жылдан кийин адам укуктары улуттук мыйзамдар менен Конституциянын гана алкагындагы маселе эместиги таанылышына алып барганындабы?

Голдман: Туура. Адам укуктары боюнча азыркы мыйзамдардын пайда болушуна чейин кайсыл бир өлкөнүн өз жарандарына карата жасаган мамилеси эл аралык тынчсыздануу жараткан маселе эмес эле.

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын долбоорун БУУ беш тилде басып чыгарган китепчелер. 1948-жыл.

Бир мамлекетти жарандарына кандай мамиле жасаганы боюнча экинчи мамлекет суракка алган тажрыйба болгон эмес. Адам укуктары боюнча жалпы декларация бул ишти эл аралык алкакка чыгарды. Тигил же бул өлкөнүн өз жарандарына жасаган мамилеси иликтөөгө алынгыдай легитимдүү маселеге айланды. Бул үчүн кийин аймактык жана эл аралык рычагдын пайда болушу, эки конвенциянын кабыл алынышы эл аралык мыйзамга жаңылык киргизди.

Жеке адам өз укуктарына төрөлгөндө эле ээ болот, аны мамлекет бербейт деп таанылды. Адамдын жашоо укугу, саясий укугу, кыйноого жана мыйзамсыз камакка алынбашы, өз пикирине, мүлккө ээ болушу, эркин жыйын өткөрүү укугу жана ишеним эркиндиги, динин, жарандыгын өзгөртүү, эмгек жана башка укуктары кепилденди.

Өз жарандары үчүн бул укуктардын сакталышын кепилдөө бүгүн мамлекеттин фундаменталдык милдети болушу керек. Эгер аны мамлекет кепилдей албаса, ал жаран эл аралык деңгээлде даттангыдай укукка ээ. Адам укуктары боюнча жалпы декларацияга чейин мындай түшүнүк жок болчу.

Декларация эң башында умтулуу жана тилек иретинде гана кабыл алынган документ болгону менен, албетте, буга чейин айтканымдай адам укуктары боюнча Европа, Америка континенттеринде аймактык режимдердин пайда болушуна салым кошуп, аларга дем берди.

Өзгөчө Европаныкы адам укуктары боюнча дүйнөдөгү эң эски жана эффективдүү режим болду. 1950- жылы Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы кабыл алынса, 1959-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту негизделди.

БУУнун Башкы ассамблеясынын Парижде өткөн үчүнчү жыйынында СССРдин өкүлү Андрей Вышинский (СССРдин 1935-1939-жылдардагы прокурору) Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алуу үчүн сунуш кылынган долбоору "абдан эле так эместигин", бир катар алымча-кошумча зарылдыгын айтып чыккан. 9-декабрь, 1948-жыл.

Декларация андан ары барып Улуттар Уюмунун системасында адам укуктарын коргоонун жол-жоболорун да жаратты.

1966-жылга келип, БУУнун эки: Саясий жана жарандык укуктар, ошондой эле Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча конвенцияларынын кабыл алынышына алып келди. Мына ушул эки конвенция азыр Адам укуктары боюнча жалпы декларация менен бирдикте адам укуктарынын эл аралык мыйзамы деп эсептелип келет.

“Азаттык”: Профессор Рот, сиз алдыда Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган 1948-жылы дүйнө өлкөлөрү мунасаны оңой таба алган тарыхый кырдаал түзүлгөн деп белгиледиңиз. Декларацияны кабыл алууда азыркы ири оюнчу мамлекеттердин ролу кандай болгон? Экинчи Дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрүнүн бири мурдагы СССР, жеңилген Жапония, азыркы Кытай кандай роль ойноду эле?

Рот: Мен албетте, документтердин баарын окуган эмесмин. Бирок Советтер Союзунда энтузиазм болбогону анык. 1948-жылдын 10-декабрында Парижде добушка салынганда Адам укуктарынын жалпы декларациясын БУУнун ошол кездеги 58 мүчөсүнөн туура 48 мамлекет колдогон, сегизи калыс калган, экөө добуш бербей койгон.

Калыс калгандар арасында ошол кездеги СССР, Чыгыш Европа өлкөлөрү, Сауд Арабия менен Түштүк Африка болгон. Башкача айтканда, СССР бир аз каршылык кылган, бирок акыр-аягында жөн гана добуш бербей койгон. Аны негизинен Батыш жана Латын Америка өлкөлөрү кызуу колдогон.

БУУнун Башкы ассамблеясында Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күндүн он жылдыгынын белгиленүүсү. Нью-Йорк, 10-декабрь, 1958-жыл.

Кытай делегациясы дагы активдүүлүгүн көргөзүп, декларациянын кабыл алынышын кубаттаган. Бирок анда Улуттар Уюмуна коммунисттик Кытайдын эмес, азыркы Тайвандагы Чан Кайшинин өкмөтү барган да. Алар АКШга абдан жакын болгон. Ал учурда Жапония да АКШга жакындап калган жана декларацияны колдоп берген. Анда көз карандысыздыгын жаңы эле алган Индия да активдүүлүгүн көргөзүп, кубаттап чыккан.

Менимче, декларациянын кабыл алынышына бир жагдай, анын келишим эместиги жана мыйзамдык күчү жок болбогону чоң роль ойногон. Демилгечилер узак талкуулардан жана сүйлөшүүлөрдөн качуу үчүн мына ушундай чечимге барышкан. Ал Башкы Ассамблеянын резолюциясы аркылуу гана кабыл алынган. Демек вето салынган эмес. Декларация мыйзамдык күчкө ээ болбогону менен катар анын урматталышын көзөмөлдөгүдөй механизм да жок болгон.

Болгону мамлекеттер мындан ары адам укуктарын прогрессивдүү жол менен коргоого өз эрктери менен гана милдеттенме алышкан. Механизмдер кийин эл аралык укуктун жаңы аспаптары, өзгөчө Саясий жана жарандык укуктар боюнча конвенция, Экономикалык, социалдык жана саясий укуктар боюнча конвенциялар аркылуу келди.

Анткен менен баса белгилеп кетким келет, мыйзамдык күчкө ээ болбогону менен декларациянын таасири эбегейсиз. Себеби, кийинки 1960-70-жылдары кабыл алынган конвенцияларда, эл аралык келишимдерде ошол декларациянын жоболору камтылды. Башкача айтканда, декларациянын таасири тикелей эмес, кыйыр болду.

“Азаттык”: Жеке инсандар, ишмерлер арасынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынышына кимдердин ролун бөлүп көргөзөт элеңиз?

Комиссиянын төрайымы Элеонора Рузвельт (оңдо) Индиянын өкүлү Ханса Мехта менен. Нью-Йорк, 1-июнь, 1949-жыл.

Рот: Бул иши үчүн тарыхта калган жана калып жаткан тарыхта эки адамдын бири деп ошол учурда АКШнын мурдагы президенти Франклин Делано Рузвельттин жубайы жана жесири Анна Элеонора Рузвельтти айтаар элем.

Ал 30-беренеден турган декларацияны жазган юрист эмес, бирок коомдук ишмер, укук коргоочу катары анын кабыл алынышы үчүн АКШнын өзүндө жана Батыш өлкөлөрүндө маанилүү роль ойногон.

Улуттар Уюмунда декларациянын долбоорун иштеп чыккан комитетке төрайымдык кылган. Эмгегин баса белгилей турган экинчи инсан - франциялык юрист Рене Семуэль Кассен. Кийин Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Адам укуктары боюнча Европа сотунун төрагасы болгон Кассенди адам укуктарынын техниги десек болот.

Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин ал эл аралык мыйзамдарды кайра жазуу ишине да чоң салым кошкон. Албетте декларациянын долбоорун даярдаган жумушчу топто көп адамдар болгон. Бирок алардын эң таанымалы экөө - Элеонора Рузвельт менен Рене Кассен.

“Азаттык”: Профессор Голдман, Адам укуктарынын жалпы декларациясы адам укуктарын коргоонун эл аралык укук системасы түзүлүшүнө негиз болгонун алдыда айтыңыз. Бирок ошол эле учурда тарыхка кайрылсак, Кошмо Штаттарда жана башка мамлекеттерде соттор атайын Адам укуктарынын жалпы декларациясы улуттук мыйзамдардын бөлүгү эмес деп бүтүм чыгарган учурлар болду да, туурабы?

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын долбоорун жазгандардын бири, профессор Рене Семуэль Кассен (Франция) БУУнун Башкы ассамблеясынын үчүнчү жыйынында сүйлөөдө. Париж, 10-декабрь, 1948-жыл.

Голдман: Эл аралык мыйзамдардын кабыл алынышы, улуттук мыйзамдардын ага шайкеш келгени жагынан ар өлкөдө ар башка көз караш болушу мүмкүн. Бул эми табигый көрүнүш. Бул ар бир өлкөнүн өзүнө көз каранды. Айрым мамлекеттер адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди, кадимки эл аралык мыйзамдарды ички мыйзамдарына киргизишет. Мындай тажрыйба бар. Ал эми конкреттүү Кошмо Штаттарга келсек, мен деле биздин өлкө эл аралык укуктун ролу жагынан жакшы модель деп ойлобойм. Эл аралык мыйзамдын АКШнын укуктук системасындагы нормативдик макамы азыр деле чечиле элек маселе.

"Азаттык": Адам укуктары боюнча жалпы декларация аны бузган өкмөттөргө карата дипломатиялык жана моралдык кысым көргөзүүнүн кубаттуу куралына айланды деген да пикирлер айтылып жүрөт. Сиз укук таануучу, илимпоз катары мына ушундай ойлорго кошуласызбы?

Адам укуктарынын жалпы декларациясын даярдоо аяктаганы боюнча басма сөз жыйыны. Париж, 7-декабрь, 1948-жыл.

Голдман: Эл аралык мыйзамдарга келгенде биз абдан так болушубуз керек. Эл аралык мыйзам эл аралык саясий түзүлүштүн алкагында иштейт.

Мисалы, президент Жорж Буштун администрациясы 2003-жылы Иракка басып кирерде бул өлкөнүн диктатору Садам Хусеиндин химиялык куралы менен катар ал адам укуктарын тебелеп-тепсегени боюнча эл аралык укук коргоочу уюмдардын баяндамаларын да жүйө келтирген. Ооба, адам укуктары тандалма, саясий пикир келишпестик чыккан учурда душманыңды жазалоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Бирок бул, менимче, адам укуктарынын наркы жана баркы кетип калды дегенге жатпайт. Анткени азыр ар бир ири өлкөдө адам укуктарын жактаган кыймылдар бар, алар адам укуктарын бузган өкмөттөргө жергиликтүү, аймактык, эл аралык деңгээлде кысым жасап жатат. Адам укуктарына келгенде бир өлкө да экинчисине да кандайдыр бир деңгээлде өз рычагдарын иштете алат. Албетте сенин коопсуздук, саясий же экономикалык кызыкчылыктарың болгон учурда ал рычагды колдонуу кыйын.

Адам укуктарынын "алтын доору"

"Азаттык": Профессор Рот, Адам укуктары өкмөттөр менен укук коргоочулар ортосунда азыр дагы талаш жараткан тема. Адам укуктарынын жалпы декларациясында көргөзүлгөн принциптер менен баалуулуктар өзү да мезгил-мезгили менен талкууланып келет. Сиз ошол талкуулардын акыркы жылдардагы эволюциясын чечмелеп бере аласызбы? ​

БУУнун Адам укуктары комиссиясынын Адам укуктарынын эл аралык мыйзамдарынын долбоорун жазуу комитети. 1949-жыл.

Рот: Мен минтип айтаар элем. Берлин дубалы кулап, Чыгыш Европа боштондукка чыккандан кийинки 2000-жылдарга чейин дүйнөдө Адам укуктары декларациясынын универсалдуулугу боюнча кеңири консенсус жаралгандай болгон. Декларациянын Батышка ыктаган аспектилеринин универсалдуулугу боюнча кайчы көз караштар, пикирлер айтылып келген. Декларация жана бөлөк келишимдер өтө эле батыштык баалуулук жана көз караштын негизинде жазылып калган деп эсептеген өлкөлөр азыр да бар.

Мисалы, 2000-жылдардан тарта кубаты арта баштаган Кытай алардын салттары деле адам укуктарын сыйлоого көңүл бурат, бирок адам укуктарына карата Кытайдын мамилеси эске алынган эмес деген идеяны коргоп жүрдү.

Айрым мамлекеттер "адамдын укуктарынын кепилдениши өтө жакшы. Бирок биздин ресурсубуз жок болсо, билим алуу укугун кантип камсыздайбыз?" деген аргументтерди алдыга чыгарып жатышты.

БУУ түзүлгөнүнүн төртүнчү жылдыгы Башкы ассамблеянын ачык асман алдындагы жыйынында белгиленген. Нью-Йорк, 24-октябрь, 1949-жыл.

Сауд Арабия баштаган консервативдүү ислам дүйнөсү диний ишеним эркиндиги Кудайга акарат келтиргендер менен күрөшүү үчүн түп-тамырынан зыяндуу деген турумду карманды. Алар үчүн жана алардын көз карашында диний ишеним эркиндигин таанууда маселен, ислам дүйнөсүнүн, өзгөчө консервативдүү ислам дүйнөсү үчүн сезимталдыгы эске алынган эмес. Алар үчүн Кудайга каяша айтуу адам укуктарына олуттуу кол салгандыкка барабар.

Башкача айтканда, артта калган жылдары саясий жана маданий талкуулар жүрдү. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жана башка келишимдердин батыштык аспектилерин бөлөк маданияттар менен тең салмактоо, стабилдештирүү жөнүндө сөз болду. Менимче, ушул мезгил 2000-2015-жылдардын аралыгы. Бул учурда адам укуктарын коргоо тенденциясында АКШ жана анын батыштык өнөктөштөрүнүн бекем союздаштыгы бар эле.

Ал эми акыркы жылдары кырдаал өзгөрүп кетти. Азыр адам укугун коргоо системасында өкүм сүрүп келген стабилдүүлүктүн өзү сыноодо турат. Бул көрүнүшкө тарых кийин кандай баа бере турганын биз айта албайбыз, болгону ошону баштан кечирип жатабыз.

Жапониялык аялдардын тобу БУУнун башкы кеңсесинде Адам укуктарынын жалпы декларациясы менен таанышууда. Нью-Йорк, 24-февраль, 1950-жыл.

Мисалы, АКШда президенттикке Дональд Трамптын, башка өлкөлөрдө да ал сыяктуу адам укуктарына жан тартпаган, адам укуктарына тилектеш эмес саясатчылардын бийлик башына келиши менен кырдаал өзгөрдү.

Жакында радиодон угуп калдым, Италия өкмөтүндөгү жетекчилердин бири "Адам укуктары идеалисттер үчүн эң жакшы, реалдуулукта болсо адамдар укуктары корголушун эмес, тартипти, коопсуздукту күтөт" деп айтып жатат. Европада былтыркыга чейин эле мындай болуп кетерине эч ким ишенчү эмес. Бул жаңы жана опурталдуу нерсе. 1948-жылга кайтып, адам укуктарын коргоонун эл аралык системасы кантип курулганына дагы бир сыйра көз чаптыруу мына ушул үчүн маанилүү.

“Азаттык”: Демек сиз адам укуктарына азыр глобалдык чен-өлчөмдөн караганда, саясат менен саясатчылардын мамилеси өзгөрүп калды деп жатасыз да. Балким бул убактылуу тенденция чыгаар. Сиз анда адам укуктарын коргоонун буга чейинки “алтын доору” деп кайсыл мезгилдерди көргөзө аласыз?

БУУнун Адам укуктары комиссиясынын аялдардын макамы боюнча жыйыны. Нью-Йорк, 8-май, 1950-жыл.

Рот: Менимче, биринчи “алтын доор” согуштан кийин, анын ичинде Адам укуктарынын жалпы декларациясы жазылып, кабыл алынган учур. Андан кийинки экинчи “алтын доор” 1989-жылдан кийинки мезгил. Анткени дал ушул учурда адам укуктарын урматтоо коомдун негизи катары каралган консенсус болду. Ооба, мындай түшүнүктөн күмөн санаган айрым талкуулар жүрдү, бирок алар үстөмдүк кыла алган жок.

Демек, дагы бир жолу тактасам, алгачкы “алтын доор” 1947-1950-жылдар. 1950-жылы Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы кабыл алынган. Экинчи “алтын доор” балким 1990-2010-жылдардын аралыгы. Анткени, кансыз согуш доорунда адам укуктары боюнча реалдуу диалог жүргүзүү кыйын болгон. Диалог 1989-жылы, Берлин дубалы кулагандан кийин гана кайтып келди.

Учурдун чакырыктары

“Азаттык”: Келечекте адам укуктарын коргоодо кайсыл бир өлкө же саясий лидер көч башында турбай калса, буга анда ким кам көрүшү керек? Мунун механизмдери барбы?

Рот: Кыйла эле эффективдүү, бирок иши чектелген механизмдердин бири - Эл аралык кылмыш соту. Соңку мисалдарды айта кетсем, бул эл аралык сот филиппин президенти Родриго Дутертеге адам укуктарын бузганы үчүн жоопко тартылышы мүмкүндүгүн эскертпедиби.

БУУнун Башкы ассамблеясында Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынганынын 25 жылдыгынын белгилениши. Нью-Йорк, 10-декабрь, 1973-жыл.

Газа секторундагы окуялардан улам Израилге да эскертүү жасады. Эл аралык Кылмыш сотунун механизми алдыда айтканымдай чектелүү. Анын юрисдикциясы сотту түзүү келишимин ратификациялаган өлкөлөргө гана жайылтылат. Бирок кандай жол менен болбосун иштейт. Мындан башка 1950-60-70-80-жылдары кабыл алынган эл аралык келишимдердин механизмдеринин, алар коомчулукка анча белгисиз, бирок азыр дагы ролу бар. Анткени бир дагы ири мамлекет азырынча мен ал механизмге катышпайм деп айта элек. Андыктан ошол механизмдер абдан маанилүү. Анан келип адам укуктарынын кубаттуу коргоочусу жарандык коом да. Ошон үчүн либералдуу эмес өлкөлөрдүн баарында: Түркияда, Орусияда, жана башкаларда адам укугун коргоочуларга, медиага, сотторго чабуул жасалып жатпайбы?

Андыктан эң маанилүү маселе - адам укугун бузган өкмөттөргө чакырык таштай алган жарандык коомду, медианы, адам укугун коргоочуларды колдоо. Эл аралык коомчулук мында мыйзамдык болбосо да саясий колдоо көргөзө алат.

“Азаттык”: Профессор Голдман, сиздин жыйынтыктоочу көз карашты уксак, Адам укуктарынын тарыхый декларациясы кабыл алынган 70 жыл ичинде дүйнө бул жаатта эмнеге жетишти, анан азыр кайра реалдуу көйгөйлөр, чакырыктар жаралдыбы?

Голдман: Келгиле карап көрөлү, биз эмнеден баштап, эмнеге жете алдык. Эч нерсе жок жерден адам укуктарын коргоонун глобалдык, аймактык жана аткарууга милдеттендирген аспаптары бар система курулду.

Адам укуктарынын жалпы декларациясы орус тилинде басылган баракча. БУУ, Нью-Йорк, 1-ноябрь, 1949-жыл.

Улуттар Уюмунда жогорку комиссарлык, адам укуктары комитети, атайын баяндамачылар тобу бар. Алардын баары дүйнө боюнча адам укугу бузулган учурларды аныктап, жаңы стандарттарды белгилөөдө маанилүү ролду ойноп жатат. Европада маселен абдан эле ийгиликтүү аймактык система түзүлдү.

Азияда, Африкада адам укуктары корголушун жакшыртуу аракети көрүлүп жатат. Ооба, тилекке каршы, Кытайда жана Жакынкы Чыгышта эмес. Адам укуктары да башка кырдаалдар сыяктуу эле да. АКШда биздин конституциялык демократиябыз өнүгүү жараянында. Андыктан, адам укуктарын коргоо системасы да курулуп бүтө элек.

Биз эң көп дегенде 70 жылды сөз кылып жатабыз. Бирок биз адам укуктарынын багыты артка тайганын, жергиликтүү деңгээлдеги кандайдыр бир тескери аракеттерди көргөндө адам укугун коргоочу уюмдар: Юристтердин эл аралык комиссиясы, Эл аралык мунапыс, "Хьюман Райтс Уотч" өңдүү уюмдар муну айыптап, өкмөттөргө чакырык жасап, Улуттар Уюмунун алкагында күн тартибине чыгарып, аймактык уюмдар менен иштешип, өкмөттөргө кысым көргөзүп жатпайбы.

Адам укуктары декларациясына жетимиш жыл: жетишкендиктер, өксүктөр (1-бөлүк)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Адам укуктары декларациясына жетимиш жыл: жетишкендиктер, өксүктөр. 1-бөлүк

Адам укуктары декларациясына жетимиш жыл: жетишкендиктер, өксүктөр (2-бөлүк)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Адам укуктары декларациясына жетимиш жыл: жетишкендиктер, өксүктөр. 2-бөлүк

Өкмөттөр да такыр унчукпай койгон жери жок, алар деле адамдын, жарандарынын кыйноого алынганы, жоголгону, өлтүрүлгөнү үчүн айыпталгысы келбейт. Жалпы караганда, өкмөттөр бул нерселерди четке кагып, төгүндөгүсү келет. Бирок иш жүзүндө алар муну менен адам укуктары боюнча көтөрүлгөн маселе ички же эл аралык деңгээлде барын моюнга алышат.

Ооба, али көп нерсе жасалышы керек. Дүйнөдөгү азыркы кырдаалды билебиз. Адам укуктарынын алдыңкы сабында турган Европада авторитардык улутчулдук өсүп жатканын көрүп турабыз.

Дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүндө, анын ичинде менин өлкөмдө айрым маселелер артка кетти. Муну баары көрүп жатышат. Өзү кайсы жерде болбосун мыйзамдын үстөмдүгү керек. Анткени мыйзамдын үстөмдүгү болмоюнча, адам укуктарынын сакталышын камсыздай албайбыз.

Эл аралык мыйзам болсо вакуумда, Улуттар Уюмунун абдан саясатташкан жана борбордон ажыратылган (децентрализация) системасынын алкагында иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.